Владимир Строчков
1946-жылы Москвада туулуп, ошол шаарда Болот жана эритме институтун бүтүргөн. Аскерде офицер болуп кызмат өтөп, Кантемиров дивизиясынын параддык полкунун орточо танктар взводунун командири болгон. Жарым өткөргүч технологиялар жана кара металлургия чөйрөсүндө иштеген.
1990-жылдары басма иши менен алектенет. Чыгармалары өздүк басмада жарык көрүп, алгачкы ыр жыйнагы 1994-жылы чыккан. Тогуз китептин автору, анын ичинде: «Тактоочтор жана жагдайлар» (2006), «Пушкин иштеп жатат» (2010), «Буколиктер плюс» (2010), «Чеги жок» (2012), «Башка убакыт жок» (2018). Ырлары англис, венгер, иврит, испан, итальян, немец жана француз тилдерине которулган. Иосиф Бродскийди эскерүү фондунун сыйлык-стипендиясынын (2000), Больяско фондунун сыйлык-стипендиясынын (Италия, 2001), «Москва эсеби» (2007) ж. б. сыйлыктардын лауреаты. Москвада жашайт.
«Нак акын катары Строчковдун кабыл алынышы толук кандуу эмес. Анын орус адабиятында жасаганы, азыр жасап жатканы да поэтикалык жана поэтикалык эмес элестетүүлөрдүн чектерин жылдырып жиберет. Анын тексттик космосу өзүнө «поэзияны» гана камтыбайт. Строчковдук чыгармаларды кээде түркүмдөө кыйын», — деп белгилейт сынчы жана адабиятчы Артём Скворцов.