Чарчадым дейм, коё берчи, чарчадым...

* * *

Чарчадым дейм, коё берчи, чарчадым,
Чыдабаймын, ит эмесмин жаны бек,
жыргап күлөт сөздүн укпай ар жагын,
кайра мыжып, уча элексиң али деп,
улам эле жабышкандай чап кене,
уччу, кана! деп ыргытат көтөрүп,
коё берчи, учпадымбы жакшы эле,
чөп түкүрөм, учтум го деп көшөрүп,
кыйнай бербей, кылсаң боло жакшылык,
болду жетет, чарчадым дейм тырмышып,
ал түшүнбөй, учкунуң дейт каткырып,
кайра мени бадал жакка ыргытып,
бет тытылып, кучактадым бадалды,
мейли, бирок акыркы ирет учам деп,
жиндисиң дейт, учкан эмне жаманбы,
учкуч болсоң керек сага чыдам көп,
кел, эми бир десем, кайра кежеңдейт,
чарчадым дейт, кандай жансың тажаткан,
да бир жолу десем, учкун өзүң дейт,
чындап эле кутулдумбу азаптан,
мени карайт, а мен күлүп сүйүндүм,
күүлөнүп кел, мейли десе, жүгүрдүм.