Евгений Водолазкин
Водолазкин Евгений Германович (1964-ж. т.) — жазуучу, филолог, адабият таануучу. «Чоң китеп», «Ясная Поляна» (2013), Александр Солженицын (2019) сыйлыктарынын (2013) лауреаты.
Киевде төрөлгөн, Т. Г. Шевченко атындагы Киев мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору. Автордун илимий кызыкчылык чөйрөсү болуп байыркы орус экзегеси, Байыркы Рустун тарыхый баяндары саналат. 100дөн ашык илимий эмгектердин автору. «Игордун кошууну тууралуу сөз» энциклопедияларын жана «Байыркы Русь адабиятынын китепканасы» серияларын түзүүгө катышкан. Санкт-Петербург жана Мюнхен университеттеринде дарс окуган.
Алгачкы жарык көргөн романы — «Соловьёв менен Ларионов». 2013-жылы Евгений Водолазкин «Лавр» романы даражалуу эки сыйлыкка ээ болгон. Анын «Авиатор» романы да окурмандар арасында жогору баага татыган.
Водолазкиндин чыгармачылыгына орустун филологиялык бийик маданияттагы психологиялык прозасы менен тамыры терең рухий салттарын жуурулуштуруу мүнөздүү.