Бала кезде шоколад ат болгон эле сүйгөнүм...
* * *
Бала кезде шоколад ат болгон эле сүйгөнүм,
балканактай эки карыш бою да бар, жалы бар,
а салмагы эски үтүктөй, бирок кийин билгемин:
ич жагында эч нерсе жок көңдөй экен жаныбар.
Мен үч жашка толгон күнү берген эле белекке
Сырткы соода борборунда иштеген бир эжеке.
Жан-дилимен жакшы көрүп, кайтарчумун дайыма,
өзүм жебей, өзгөнү да жолотпостон жанына.
Жаныбарым мени менен жашап жылдын жартысын,
жел да тийбей, бозала чаң болуптур го байкушум.
Аны мышык терезеден түртүп ийди атайы:
биздин Мурка — кызганчаакпы, болбосо да жапайы.
Калдыктарын жууп-тазалап, күм-жам кылдык бат эле.
Шолоктодум токтоно албай, жеп да жаттым кысынбай...
Неткен менен сүйүү деген — укмуш тура ушундай.
Укмуш нерсе ушундай.