Тимур Кибиров

1955-жылы Хмельницкий облусунун Шепетовка шаарында туулган (Украина). Мос­кванын облустук педагогикалык институтунда филологиялык-тарых факультетин бүтүргөн. «Островитянов көчөсү» (2000), «Лирикалык каармандын мааракеси» (2000), «Сүйүү бозгуну» (2000), «Ким каякка, а мен — Россияга» (2001), «Шалтай-болтай» (2002), «Ырлар» (2005), «Кара-барас» (2006), «Үч поэма» (2008), «Махабат ырлары» (2009), «Өйдө кара» (2014), «Муздрамтеатр» (2014), «Күнөстүү таң» (2020), «Кичи калыптар» (2020) сындуу 27 ыр жыйнактын жана кара сөз түрүндөгү эки китептин автору. Ырлары көптөгөн Европа жана азия тилдерине которулган. А. Тёпфер фондусунун Пушкин сыйлыгына (Германия), «Антибукер» Көзкарандысыз сыйлыгына, «Северная Пальмира» сыйлыгына, «Станционный смотритель» сыйлыгына, Бунин сыйлыгына, «Anthologia» поэтикалык сыйлыгына, Улуттук «Поэт» сыйлыгына, РФ Өкмөтүнүн маданият жаатындагы сыйлыгына, Түндүк Осетия — Алания Республикасынын К. Л. Хетагуров атындагы сыйлыгына арзыган. Москвада жашайт
Адабиятчы жана сынчы Андрей Немзер жазгандай: «Кибиров дайыма айлана-чөйрөдөн «түбөлүк үлгүлөрдү» таба билет, анын поэзиясынын маңызы ушунда. Жарандык козголоңдор жана үйдөгү жайлуулук, сүйүү жана жек көрүү, жамгыр жана жааган жалбырактар, модалуу интеллектуалдык доктриналар жана дөөпай казарма, «жалпы жай» жана алыскы жылдыз, акча көйгөйү жана чеги жок төлөм, табият, тарых, Россия, Кудай дүйнөсү Кибиров менен (ал аркылуу — биз менен) бир гана тилде — ийкемдүү жана эркин, каардуу жана назик, сөгүшкөн жана сүсүлөгөн, обондуу жана чечен, караңгы жана жарык, жан жыргаткан калжырак жана өтө таамай орус поэзиясынын тилинде баарлашат».