Монитордон жооп сурап...

* * *

Монитордон жооп сурап,
жети түндө
бир өспүрүм отурат.
Жаны сыздап, күмөнү көп башта да,
Яndexке суроо салат түнөрүп,
издөө салат башка да:

«О, өмүрдүн сырын ачып бергиле,
бул табышмак чечилбеген эмдиге?!.»

Жүрбөгүн деп кооп санап,
Rambler бүт суроого жооп табат!

Эң жөнөкөй кат-кабар,
сlick — анан мына дапдаяр:
Сиз издеген: Жашоо маңызы,
111444 сайттан табылды,
2724010 документ бар,
3915 жаңысы.