Кайра мына салтанат суу кечпес үмүт жолдоочу...

* * * Кайра мына салтанат суу кечпес үмүт жолдоочу, Көңүлдөрдү наздаган туугандык сүйүү ордосу. Кубанычка себеп жок, кур дүрмөт майрам кыскасы, Эритет ачуу жиниңди аялдын гана көз жашы. Ишенгиң келет чын эле келчүдөй Иса тирилип, Шаңын коштойт балдардын бак-дарак, шамал биригип. Музыка кайра жаңырат, көбүрөт да, жабырат, Жаз нурунда бу дагы зыянсыз деп табылат.