Кемсинтүүнүн жарыгы карга түштү...
* * *
Кемсинтүүнүн жарыгы карга түштү —
Жыпжылаңач, жалаңдайт жатпай жерге,
Жыпжылаңач, жалтылдайт жалпы, чогуу.
Кемсинтүүнүн жарыгы карга түштү —
Кантип эми жатасың ошол карга.
Кар айланды азгырма, бузукуга.
Эптеп эле жаткансыйт, тиктегенсийт.
Кантип эми жатасың ошол карга.
Убактыны тандагын аны менен —
Терисиндей эриндин жука, үлбүр,
Терисиндей тагдырдын үлбүр, жука.
Убактыны тандагын аны менен,
Жарыгына жолобо жаткан тиги.
Жүлжүйдүң не чочулап — кетенчиктеп,
Жүлжүйдүң не көшүлүп бараткандай?
Жарыгына жолобо жаткан тиги.
Убактыны танда да, кулпулагын —
Ачпас кылып кабылуу кучак менен,
Ачкыс кылып кабылуу кучак менен.
Убактыны танда да, кулпулап сал.





