Кемсинтүүнүн жарыгы карга түштү...

* * * Кемсинтүүнүн жарыгы карга түштү — Жыпжылаңач, жалаңдайт жатпай жерге, Жыпжылаңач, жалтылдайт жалпы, чогуу. Кемсинтүүнүн жарыгы карга түштү — Кантип эми жатасың ошол карга. Кар айланды азгырма, бузукуга. Эптеп эле жаткансыйт, тиктегенсийт. Кантип эми жатасың ошол карга. Убактыны тандагын аны менен — Терисиндей эриндин жука, үлбүр, Терисиндей тагдырдын үлбүр, жука. Убактыны тандагын аны менен, Жарыгына жолобо жаткан тиги. Жүлжүйдүң не чочулап — кетенчиктеп, Жүлжүйдүң не көшүлүп бараткандай? Жарыгына жолобо жаткан тиги. Убактыны танда да, кулпулагын — Ачпас кылып кабылуу кучак менен, Ачкыс кылып кабылуу кучак менен. Убактыны танда да, кулпулап сал.