Айымдардын жоош-момун лирикасы

Айымдардын жоош-момун бүт лирикасы, жоош турат убак-сааты келгичекти, капилет ыргып басып жыгылганча, аёосуз жерге таптап ныгырганча. Мына ал курчутуп узун-узун тырмактарын өзүнүн козголоңчул оозун боёп, чачын түзөп урушка камынгандай, каштарына осмо коёт. Көз жашы, муң-зары, ыйы, даты — каргап ачуу тагдырын жер сабашат; адашкан жана аксаган ыргак саптар тизилип плацта какайышат. Анда жаз ар бир жылы — убадалуу, күз жалбырак тозуп өчкөн ыраңы. Үнү шаңдуу, келбети коштошуудай, бир ууртам оптимизм анан дагы. Бул риторика, мына ушул долулануу, гормондордун ызы-чуусу: келди кези! О, кудай, кандай жаман коркунучтуу, невротиктин боз көлөкө менен ойногону. Эрос дагы коркуп бекем жашынган — жазалоого өзү келбей, өңү окшошун жиберет: кежир жана майдачылын алдамчысын, адепсизин кибирек. Сураарың чын — ааламдын мага ушу караңгысы кайдан келген, ким күнөөлүү? Мунун баары — айымдардын жоош-момун лирикасы, бул тозок түбөлүктүү.