Колибрини өлтүрүү
(романдан үзүндү)
Кырк эки жашар художник-реставратор Аркадий Иванович Челищевдин сүрөттү же иконду үңүлө караганда тасма менен байлап алчу узун кара чачы бар. Ээ бербес ойноок ойлорун сүрүп салып жаткансып, ойго баткан сайын жазы маңдайына манжаларын коюп алат. Жумшак каштары эркектикине караганда аялдыкына окшоп кетет. Кой көздөрү ары көркөм, ары сүйүкүмдүү бу дүйнөнү кызыга карап, кез-кезде гана бу жалгандан кандайдыр бир өзгөчө, таңкалычтуу нерсе таап алгандай күйүп-жанып кетээр эле. Бираз коңкогой ичке мурду аны көйрөң чалыш көрсөтөт. Бирок үлбүрөгөн жука эриндери менен жадырап-жайнай күлүп ийгенде бул көрүнүшү жууп салгандай өзгөрөт.
Ага тапшырыктар арбын болчу. Мык кагылып тешилген, ыш баскан, көөп туурула баштаган бозомтук алкагын мурдагы калыбына келтирип берүүнү сунуштап бай икон коллекционерлери көп кайрылышчу. Анын сыйкырдуу колдору тиери менен алкактын алтын нимбалары, кызгылтым плащтары, көгүлжүм хитондору гүлдөй жыдырап ачылып, мунарыктан периштелердин, ыйыктардын жана шайыктардын келбеттери келишип эле жатып калчу.
Ал жергиликтүү музейлердин кампаларында чаң басып жаткан портреттерди реставрациялаган. Майда жаракалардын желеси баскан каралжын боёктордон камзол кийген ак көңүл помещиктер, алардын чепецчен жубайлары, көздөрү жадыраган сүйкүмдүү барышнялар, кавказ же балкан согуштарында алган сыйлыктары тагылган мундир кийген бакенбарддуу офицерлер карап турат. Ошентип Челищев элеттик сүрөтчүлөрдүн эмгектерин калыбына келтирип, аты-жыты белгисиз авторлор анын ырайымдуулугу менен зайытчылыгы үчүн ыраазылыгын билдирип жаткандай кудуңдап калчу.
Бир ирет ал күтүлбөгөн жагдайларга байланыштуу анын коллекциясы Рейн суусунун астында калган белгилүү банкирден Германияга чакырык алган. Заңгыраган кең үйгө бир нече ай бекинип алып Челищев Матисстин, Дегонун жана Ван Гогдун сүрөттөрүн калыбына келтирген. Көк деңиздеги кайыктар, периште сымал балериналар, күндөй жайнаган күнкарамалар. Жандын башкаларга өтөөрүнө бек ишенген ал улуу сүрөтчүлөрдүн сыйкырдуу боёкторун дал өзүндөй тартуу менен алардын шыгына аралашып кетчү.
Бай тапшырыкчылар ага жакшы төлөп беришчү, ошондуктан ал муктаждыкты билчү эмес. Кийим-кечелерди кымбат дүкөндөрдөн сатып алчу. Тверскойдогу, сталин үйүндөгү үч бөлмөлүү батирде жашачу. Бөлмөлөрдүн бирин чеберкана кылып алган, башка бай жасалгаланган бөлмөлөрүндө меймандарды кабыл алууну жактырчу. Кетилип-кемтилген шедеврлерин ага ишенип карматкан тапшырыкчылар: банкирлер, дипломаттар, бизнесмендер аны өз чөйрөлөрүнө кошуп алышчу. Кымбат ресторандардагы кечелерге чакырышчу, яхталары менен саякатка, Европа боюнча автожүрүшкө ала кетишчү. Аякта ал өзүнүн «Вольвосу» менен кооз испан шаарлары, зымырат тоолор жана көгүлтүр деңиздерди бойлой жаркыраган автомашиналардын катарында далай ирет зуулдап өткөн эле. Ар бир жолу анын жанында күлүп-жайнаган, бактылуу, айжаркын жаңы аялзаты коштоп жүрчү. Алар чакан мейманкананын балконунда айды карап кычкылтым даамдуу вино ичип отурушчу.
Ал эки ирет төшөк жаңырткан. Экөөндө тең ажырашуу эки тараптын макулдугу менен жеңил-желпи болгон. Кеткен аялдары ага бала да, өкүнүч-капа да калтырышкан жок. Алардан болгону уктоочу бөлмөгө сиңип калган атырдын жаты калды. Анысы да бир топтон кийин желдеп, ошону менен жок болду. Ошентип ал бардар жашады, бериле иштеди, кез-кез көргөзмөлөр менен модалуу спектаклдерге барып, отуруштардын ажарын аччу.
Бир жолу аны музейге чакырышып, реставрациялоого жаткан иконду көрсөтүштү. Узун оор тактада Кудай сүйгөн Кудайды төрөгөн айым деп аталган, Кудай-эне тартылган он экинчи кылымдагы икон. Ал укмуштай бузулуп кетиптир. Сүрөт көөп ийрейип, боёктору жаракаланып, сыйрылайын деп калган. Алкагынын көп жерин коңуз тешип уялаган. Ыйыктын жүзүн ыш басып, кийинки боёктор таанылгыстай өзгөртүп ийген. Икондун башынан-аягына чейин кимдир бирөө кыжырлана чийип салган из турат.
Челищев иконду кайдыгер карамыш этип, бечара мамлекеттик музейдин директору ага сунуштаган гонорардын аз экенин эске алуу менен баш тарткысы келди. Анүстүнө аны тирсийген эмчектүү вакханка антикалык кызгылтым-көгүш вазага жүзүм талын салып жаткан Семирадскийдин сүрөтү, анча татаал эмес жана кирешелүү иш күтүп жаткан.
Ал эски модадагы сайма жакалуу, акжуумал-бозомтук жүздүү директор айымга сылык-сыпаа жүз менен баш тартыш үчүн ылайыктуу сөз таппай кайпактады. Ошо маалда көз кыйыгы столдо жаткан иконго акыркы ирет урунуп өттү. Бычак менен тилинип уйпаланган иконду карап алып капилеттен ушунчалык ичи ачышып, өкүнүч кылды, ушунчалык кыйналып-толгонду. Бул ага ысык темир баскандай, же жүрөк тилгендей оор тийди. Бул анын бир нече жыл мурда кайтыш болгон апасы эле. Ага кир болгон, карт баскан, ыдык көргөн ал муздак жаандын астындагы ылайда коргоосуз калгандай, ага эч ким жардам бербей жаткандай, ал тургай андан өз уулу да ташбоордук менен кайрылбай кеткендей сезилип кетти.
Ушунчалык катуу кейип, өзүн болуп көрбөгөндөй күнөөлүү сезгендиктен ал көкүрөгү куйкалана директор айымга:
— Макулмун. Оңдогонго алам. Мен аны өзүмдүн чеберканама алып кетсем болобу? — дей салды.
— Муну бек сакташ керек. Баа жеткис нерсе.
— Өзүмдүн энемдей бек сактайм.
Иконду абдан кылдаттык менен анын чеберканасына алып келишкенде, Челищев столго ак баракты жая салып, иконду ага аярлай жаткызды. Терезенин жапкычын ачып, операция бөлмөсүнүн жарыгындай тегиз жарык берчү лампасын жандырды. Икондун алдына отуруп алып көз ирмебестен Кудай-эненин бата тилеп жаткандай астына сунулган колдорун карап турду. Анын бир жагына кыңайган башын алтын жылдыздардын күкүмү каптаган кара-кочкул мафорий жаап турат. Акжуумал жүзүндө эликтикиндей чоң көздөрү жайнап, эриндери ачылган гүл сымал. Туникасынын алдынан кылтыйган кичинекей буттарына кызыл өтүк кийип
алган.
Анын илхамы көптө барып ойгонду. Эси эки кетип, шалдая катып калды. Кудай-энеден тирүүлүктүн бир дагы белгисин таппай жатты. Ал ачылган кызгылтым бариктери менен бирге күмүш түстө катырылып, гербарийге чапталган өсүмдүк сыяктуу сезилет. Кудай-энени канчалык бериле караган сайын, ал көлөмгө ээ болуп, бирок хрусталь табытта дем албастан өлүк жаткан жомоктогу канышадай муз кристаллдарына тоңдурулуп коюлгандай туюлду. Тогуз кылымдан бери ал канча адамдарга өзүнүн дарылык касиетин тартуулабады, канчасын калкалап, жубатпады, канча бир душман күчүн кайтарбады дейсиң. Аны далай ирет өрткө ыргытып, сууга чөктүргөндүр, балталап, бычакташкандыр, ошентип отуруп алдан-күчтөн тайып, сүлдөрү калып, акыры өлүп тынгандыр. Музга тоңгон бозомтук асанүсөнгө, такта бетиндеги бейкапар көлөкөгө, кургатылган гүлгө айлангандыр.
Челищев кыйналып-кысталып, кереметтүү Айым-кызды кусалана жоктоп муңканды. Аны аябагандай жогору баалап, бирок ага канткенде жан беришти билбей жатты. Эптеп-септеп дем алуунун илебин илермин деген илгери үмүт менен аны жакындан үңүлө карады. Ошентип отуруп бир маалда ээк алдына чейин көтөрүлгөн колдору кичине-кичине серт этип, жылуулуктун үлп эткен илеби сокконсуду. Челищев ойгонуп жаткан Айым-кызды маңдайы жарыла сүйүнүп тиктеп калды. Ал өлбөстөн эле, аягы жок түйшүктөр менен кайгы-кападан эси ооп терең уйкуда жаткандай туюлду. Эми ал колу жеңил доктурдай болуп аны дарылап, алсыз денесин жөлөп-таяп, бутуна тургузат. Ал ушу мүнөттөн тарта өзүнүн болмушу өзгөргөнүн сезди, жандүйнөсү ушунча жылдардан бери качан кайрылат деп катарында күтүп жүргөн, анын бар экенин капарына да албаган тарапка назар
салды.
Алкагын кургатууга бир жума убакыт кетти. Ал икондун айланасына жылыткыч орнотуп, үйлөткүч жандырды. Кургак аба иконду желдетти. Жыгач акырындап кургай баштады. Челищев нымдан көөп чыккан тактай күңүрт добуш ксилофондун клавишасы чыгарган таза үнгө окшогуча секин чертип көрүп жатты.
Аны аябагандай аярлап ак кагазга ороду да, иконду томограф менен иштеген тааныш доктурга алып барды. Алкакты кең шакекке салып, ал кантип Кудай-энени айлана жылып жатканын карап турду. Экранда ар кыл түстөгү сызыктар жанып-өчүп өтүүдө. Принтер нурлар иконду кесип өтүп, сынган жана бузулган, көөп чыккан жана жарака кеткен жерлерди, алгачкы катмар менен кийинки сүртүлгөн боёкторду каттаган көчүрмөлөрдү биринин артынан бирин басып чыгарууда.
Ошентип оорунун жүрүшү ачыкталып, кеселдин дарты аныкталган соң Челищев дарылоону баштады. Реставрациялоо процесси башталды.
Микроскоп аркылуу ал оорулуу клеткаларды карагандай бузулган жерлерди дыкат карап жатты. Ар бир бөлүк, ар бир жарака изилдөөгө алынды. Анын ийкемдүү манжаларында бир туруп скальпель, бир туруп шприц, бир туруп жумшак кисточка, бир туруп нымдуу тампон пайда болот. Ал ышты жууп чыкты, жаракалардын көөп чыккан жерлерин тегиздеп кести, аны жыгачка бекитүү менен жаракаларга боёктордун алгачкы түсүн кайтарып берүү үчүн жабыштыргыч суюктукту чачып чыкты.
Бир айлык тынымсыз эмгектен кийин жылдызы алтын сымал жаркыраган кан сыяктуу кочкул-кызыл мафориянын анча чоң эмес жери тазаланып бүттү. Челищев шайы оогон боюнча ошол жылдыздын алтын жаркырагын карап ыракаттанып жатты.
Ошентип убакыттын кантип өтүп жатканы билинбей калды. Москва да жок болду. Тверь бульварын караган терезе жапкычтар бек тартылган. Анын астында Кудай-эне кактанган ак жарык күнү-түнү күйүп турду. Кудай-эненин кийимдери көлөкө жылып кеткен соң жарк эте ачыла түшкөн тулаңдай болуп жайнап чыкты.
Челищев Тверь бульварынын липалары менен эмендери кантип саргарып, жалтыраган машиналар алтын түспөл жалбырактарды кантип сапырып өтүп жатканын сезген жок. Муздак жаан кантип сампарлап, Пушкиндин эстелиги кантип каралжын айнек сымал таптаза жуулуп калганын, анын бут алдында жалгыз тал роза гүлү кейиштүү бүрүшүп жатканын да сезбеди. Твердин бозомук шоолаланган түнкү чырактары борошодо туманга кантип чулганганын байкабай калды. Суу тоскон куурда ары-бери каттаган машиналардын жана күйүп-өчкөн светофордун жаркыраган жарыктары чагылышкан жука муз кантип тоңгонун байкабады. Бульвар кантип көк туманга чулганганын, ал эми сквердеги гүлдөр кантип шүүдүрүм кийингенин да байкаган жок. Ошентип ал өлүмдөн сактап калып жаткан икондун улам бир жери калыбына келип, күндөр менен жумаларга эмес, кыпындай бөлүктөргө бөлүнгөн бир жыл көзгө илешпей өтүп кетти.
Сактап калган ар бир жаракалар аны болуп көрбөгөндөй жыргалга бөлөп, түйшүк ага ушунчалык ыракат тартуулап жатты. А алдыда аны болуп көрбөгөндөй сый-урмат күтүп турган.
Ал Кудай-эненин жүзүндөгү ышты алып салганда ал ачык-саргыч түстө жарк этип, кичинекей эриндери гүлдүн бариктериндей дирилдеп, эликтикиндей бакырайган көздөрүндө түнкү ачык асман жымыңдап чыкканда ал капилеттен икондон чыгып жаткан жыпар жытты сезди. Чеберканасы гүл жыттанып, ал жапырт ачылган гүлгө толуп чыккандай туюлду.
Ал мурдагы тааныштарынан алыстап, жолугуудан качып жүрдү. Москвалык театр сүйүүчүлөрү шилекейин агызып көрүшкөн англия жана француз театрларына чакыруу билеттеринен да баш тартты. Маданият министринин туулган күнүнө карата жабык салтанатка барбай койду. Жакында эле табышкан жалжалынын Испанияга фиестага чогуу барып келели деген чакырыгына жооп берген жок. Мурда тынбай кулак жеген телефонун өчүрүп салды. Ал өзүн жалгыздыкка муктаж кылганы менен, анысын түк сезбеди. Эң керемет Эне-кудай менен жекеме-жеке калып, ага ар бир колун тийгизип коюу, икондун ар бир жаракасын бузулуудан сактап калуу болуп көрбөгөндөй жыргал тартуулап жатты.
Бир күнү анын чеберканасына музейдин деректири келип калды. Иконду эси оой карады да, анын уйпаланган уяң жүзү нурданып чыкты.
— Сиздин ишиңиз, Аркадий Иванович, аяктап калган турбайбы. Иконду чиркөөгө бериш керек деген кечилкана менен музейдин ортосунда талаш чыгып жатат. Бирок чиркөө иконду калыбында сактай албасына көзүм жетип турат. Алар аны кайра эле нымдуу чиркөөгө илип, жырткычтык менен ышка бастырып, тоңдуруп кууратышат. Ал үчүн аба өткөрбөс, жылуулук жана нымдуулукту жөнгө салгычы бар атайын футляр талап кылынат. Сиз кандай деп ойлойсуз, Аркадий Иванович?
— Билбейм, — деди Челищев жылдыздын нур чачкан алтынын карап акырын, ошо замат анын жүзүн жадыраган жылмаюу каптады.
Ага качандыр бир кездерде Кудай-эне князь Андрей Боголюбскийге көрүнүп, ошондуктан ал анын элесин тарткыла деп буйрук берген кечилканадан такыба кечил Елизавета эне да келип-кетти. Төшү жалпак, апарык Елизавета эне көкмөк-каралжын көздөрүн жадырата бир нече ирет иконго ийкемдүү жүгүндү да, бираз каргылданган жоон үнү менен ырдап кирди:
— Кудайдын Кызы, кубангын. Берекелүү Мария, Кудай сени менен бирге. Сага Энекелеп бата багыштайбыз. Сенин ичиңден чыккан мөмөңө бата багыштайбыз, кара жаныбызды калкаңа ала көрүң.
Ошентип ал Челищевге узун тумшук жүзүн бурду:
— Сиз, Аркадий Иванович, жалган дүйнө адамы эмессиз. Сизди Орусияны болору же болбосу чечилип жаткан маалда сиз аркылуу Ыйык Кудай-эненин элесин тирилтиш үчүн Кудай өзү тандаган. Сиздин колуңуз аркылуу ыйык элес орус жеринин үстүндө жаркырап, аны кырсыктардан тыш кылат. Эми, Аркадий Иванович, Кудай-эне кайда барса артынан калбай жүрүшүңүз керек болот. А ал динге бекем князь Андрейге көрүнгөн биздин кечилканага кетмекчи. Сиз анын алдында жең ичинен чечкич болосуз. Ал, Кудай-эне, бизге падышаны көрсөтүп берет, а сиз анын алдында бизге бул белгини чечмелеп, бардык элдерге ачыктайсыз. Сиздин улуу эрдигиңиз жана тилалчаактыгыңыз мына ушунда болмокчу, Аркадий Иванович. — деп Елизавета эне Челищевди чокундурду. Ичке денесин ийип иконго жүгүндү да, чыгып кетти.
Иш аяктап калган. Бүт Москванын аяк-башында акак шуруларга чумкалган каныша сымал ёлкалар кооздолгон. Тверь бульварындагы бак-дарактарга кочкул-көгүш гирляндалар илинип, адамдар бульвар менен аяз хрусталдары сыяктуу шыңгыраган айнек идиште келаткансып басышат.
Шөлбүрөгөн кең көйнөкчөн, чекесинде байлоосу бар Челищев сары сакал баскан арык жүзүн буруп иконду карады. Анын ар бир бурчу, ар бир чарчысы анын колу тийип жылып, анын деми менен жанданып, баштапкы боёктору менен укмуштуудай жаркырап турду. Кудай-эне тимеле чексиз деңиз менен, москванын карлары, жаңы жылдык ёлкалар, хрусталь дарактар менен кайыкта каалгып сүзүп бараткандай.
Капилеттен ал чеберканада аба калбай, икондун айланасында абасыз боштук пайда болуп, ал сансыз жылдыз жамыраган көктүн түпкүрүндө каалгып баратканын сезди. Ал тумчугуп, эси ооп, ажалдын оозуна кептелди. Ошо маалда икондон, анын акыл жеткис кудай даарыган укмушу катылып жаткан тунук жүзүнөн, тартылган кийимдеринен, жыгач алкагы аркылуу тээ алда-кайдагы тереңинен көз уялар жарык жарк этти. Жарык анын жандүйнөсүн жарып кирип, аны албан кубаныч каптады. Баарынан күчтүү жана баарынан сонун кимдир бирөө аны жогору көтөрүп, жылдыздар селкинчек тепкен ажайып нурлардын, сыйкырдуу шапатанын, термелген толкундардын арасында кармап тургандай болду. Ал мейкиндик менен убакыт унутулуп, көздү уялткан кубаныч гана калган ушундай бир жыргалды, ушундай бир албан сезимди, сүйүүнү баштан кечирди.
Бул бир көз ирмемде болуп өттү. Көзүн ачса чеберканасында турат. Икон сууп бараткан алтын куймасындай ордунда жатат. А анда болсо эмелеки жыргал кубаныч улантылууда. Ага укмуштай бир күч кирип, боюна бүткөн сымалдай сезилди, ошентип ал ээк алдындагы жибектей тунук нурлардын желпинишинен жаңы өнүмдү чочутуп алуудан тартынып турду.
Ушул күндөн тартып Челищев ал ага эмес, ал өзүнө өмүрүн кайрып бергенсип иконго байланып калганын баамдады. Ага Кудай-энеден алардын ар бири аны сооротуп-мактаган өзүндөгү эстутумду ойготуучу үнсүз-сөзсүз буйрук чыгып жаткандай сезилди. Ал ак көйнөкчөн, мөлтүрөп-солкулдаган энесин эстеди. Күзгү алдында ал жыгач тарак менен өзүнүн кызгылт чачтарын тарап жаткан, ал эми күзгүнүн алдындагы айнек идиштердин арасында анын ичине күн учуп кирип, көз жоосун алган көгүш жарык чачкан бир идиш турган эле.
Ал кырына кооз көпөлөктөр конуп отурчу боз тосмолуу дачасын эстеди. Алар өздөрүнүн шоколад түспөл канаттарын жайып, ал эми өзү болсо алардын кичинекей ийнеге окшош ичке муруттары кантип титиреп жатканын, жумуру тулкусундагы түктөр кантип дирилдеп турганын кызыга карап отурчу.
Ал үйүнүн каршысындагы кызгылтым от күйгөн түнкү терезени эстеди. Кээде андан жаш кыз көрүнүп калчу. Жылаңач колун кайчылаштырып көчөнү карап отурчу. Анын башынан аркы бөлмөнүн түпкүрү сырдуу жана азгырык жарыкка чулганган.
Бир ирет Челищевге Кудай-эне аны сыртка чыгып, чатырдын кырынан түшкөн тоңгон музду алып кел деп жаткандай туюлду. Ал короого чыгып, учтуу көгүлтүр музду тандап алды да, үйгө кирди. Аны икондун жанына койду. Кудай-эне жаңы жылдык ёлканын жарыктары чагылышкан тоңгон музду карап турду.
Түндөсү ал чочуп ойгонду. Эмнегедир Кудай-эне чакырып жаткандай сезилди. Жылаңайлак чеберканага кирип, жарыкты жандырды. Икон эти ысып-күйүп жаткансып саргыч-кызыл түскө чулганып калыптыр. Айлана-тегерегиндеги аба ичиркенте жаркырайт. Челищев Кудай-эненин көзүнөн эки кочкул жаш агып калганын көрдү. Жакындап келаткан кырсыкты алдын-ала туюп, ыйлап жаткан. Бул кырсык Челищевге гана эмес, Елизавета эне айткандай, Кудай-эне сактап калыш үчүн келген бүткүл Россиянын элдерине балакет-балээ алып келмек. Челищев Кудай-эне баштан кечирип жаткан катуу оору менен азап чегүүнү сезди. Азаптын башаты терезе артында, түнкү шаарда, албан-зор таш имараттардын арасында, машиналар ары-бери зуулдаган көчөлөрдө, жаркыраган жаңы жылдык ёлкаларда жатканын сезди. Кудай-эне Челищевди шаарга чыгып, кырсыктын башатын издеп таап, аны жок кылууну талап кылды. Кудай-эне талапты ушунчалык бекем коюп, аны шаштырып жатты. Андан жол көрсөткөн күч келди. Челищев шаша-буша кийинди да, бөөдө кыргындын илеби уруп жаткан жамандыктын уюткусун издеп табыш үчүн караңгыга сүңгүп кетти.
Москва күнү бою кыйналып эси оогондорду жатакана жайларына жашырып, оюн-шоокту жактыргандарга, даамдуу тамак-ашты сүйгөндөргө, ыракат алуунун артынан талыкпастан кууган аракетчилдерге өзүнүн ресторандарын, түнкү клубдарын, театр залдарын кең ачып берген түнкү өмүрүн сүрүп жаткан. Жакында жаап өткөн кар астындагы аппак жолдордо кар тозоңун жаркыратып кымбат машиналар зуулдашат. Кымбат дүкөндөрдүн текчелеринде четтен келген атыр-самындар, алтын-бриллиант жана башкалар көз жоосун алат. Ызгаар абада түнкү ресторандар менен оюн-шоок мекемелеринин такталары бенгаль оту сыяктанып өчүп-жанууда. Бардык жерде: аянттарда, кесилиштерде ар бири жашыл, кызыл, көгүш кымбат баалуу киймин кийе жасанган сулуу айым өңдөнгөн ёлкалар заңгырайт.
Челищев Кудай-эне ага тынбай жиберип жаткан көрүнбөс көрсөтмөлөр, угулбас буйруктар менен Москваны аралап келатты. Ал тротуарлар менен жетелеп, жер астындагы өтмөктөргө түшүргөн, бир райондон экинчи районго сүйрөп өткөн кандайдыр бир күчтүн туткунунда. Ушул күч аны алардын ар бири аалам алааматын алып жүргөн жамандыктар менен азаптардын уюткусуна жакындатууда. Жаркыраган шаар дарттын кара тагын көрсөткөн рентген сүрөтүндөй болуп күңүрт туманга чүмкөнгөн.
Ал ири мунай соодасын жууп, жаш кыздарды каяккадыр колтуктап кетишип, жакасы жакжайган көйнөктөрү менен тердеп-кургап кайтып, акчаларын ары-бери чачышкан мыйзамдагы грузин уурулары эс алып жаткан ресторандын алдынан өттү. Кыздар ичке манжалары менен алардын түктүү төштөрүн кытыгылап, грузиндер шаңдуу каткырат, кимдир бирөөсүнүн модалуу күрмөсүнүн чөнтөгүнөн алтын тапанчасы түшүп кетти.
Челищев үстүнөн үч жүз түрдүү жарык чачкан модалуу гей-клубга жакындады. Бийик такалуу, аял жакалуу, оозу-мурдун боёнгон эшик тоскуч эркек аябагандай жасалгалуу машинадан шыңга бойлуу жигитти ийинден кучактап түшүп ичкериге бет алган түнт, карган, белгилүү режиссерду тосо жөнөдү. Ошентип алар уулуу атырдын көк жыттанган илебине аралаш холлду аралай кирип жоголушту.
Челищев түнкү дискотеканын алдынан өттү. Даңка-дуңка музыка дубалды көзөп өтүп, көчө жаңыртат. Ал артынан бирөө чукуп жаткандай сезди. Дискотеканын көгүлтүр нурга чүмкөлгөн каралжын залында бири-бирине жабышып калың топ бийлеп жатат. Бут коёрго жер жоктугунан бийчилер бир орунду таптап, бири-бирине көчүктөрүн чайкап шалакташууда. Эки-экиден жабышып өбүшкөндөрү андан арбын. Сүрмө топ үстүндөгү бийик шыргайда сыйкырдуу кудай-айым сымал бутунан башына чейин алтын чулганган жылаңач аял сүлүктөй бийлөөдө. Ал тыным албастан керилип-чоюлуп, алтын буттарын асмандата, алтын жылаандай ары-бери ийрелеңдеген болот. Сүрмө топ болсо түстүү былжырын чачыраткан албан-субан үлүлгө окшоп болк-болк этет. Ошол былжырак түркүм түстүү бүртүк сымал көчөнү булгап жатты.
Челищев белгисиз күчтүн жетеги менен караңгылыктын коюу уюткусуна чейин кирип чыкты. Бирок алардын биринде да чирик алма ичиндегидей болуп жалпы алааматтын курту жашынып, Россияга кол салууга камынган ажыдаар аңдып отурбаптыр. Ошентип Челищев дагы бир жаман жерди кыйгап өтүп, бриллиант ёлкалардын арасы менен түнкү Москваны айлана жолун улады.
Ал түшүндө адашып жүргөнсүдү. Көздөрү ачык, бирок делбе сымал эч нерсе көзгө илинбейт. Аны үн-жыңсыз бир эрк түрткүлөп, бурулуштарды бурулуп кароого, короолорду аңтарып айланууга, күңүрт чырактардын астында какайып турууга, айнектери өчпөгөн бийик дубалдарды сыдыра кароого мажбурлап жатты. Мына ушундай туюк жолдордун биринен ал түрмө барын байкады. Турак үйлөр менен курчалгандыктан ал проспекттен көрүнбөйт эле. Түрмө түрү суук, чакмак калкандуу зор ташбакага окшоп кетет. Кырында тикен зымы бар кирпич дубалдын артынан бирдемелер үшкүрүнүп, кыйналып-кысталып, жөөлүп жатты. Аяктан темир тордун даты, майланган кулпулардын, буруксуган тер менен зордук-зомбулуктун жыты урат. Түрмө «кетип кал» деп жаткансып Челищевди кекете карады. Андан ажалга кептелген жан бир бурчунда бүрүшкөн көңкө күркүрөп чыгып кетти.
Челищев куюн кургуйлата айдап жүргөнсүп Москванын тиги башынан бу башына салып-уруп кыдыра берди. Бир караган кишиге ал акылы айныган адамдай: көзүн жуумп ачса эле шаардын башка жеринде болуп калат. Кайсы проспектте же кайсы көчөдө баратканы белгисиз. Анын маңдайында аскадай бийик зор имарат заңгырайт. Ал жарыгы жок албан кутучанын ичинде кандайдыр жандык жашынып алгандай туюлат. Бул — онкологиялык борбор болчу. Челищевге ал жакта укмуштай чоң шишик бардай сезилди. Ал өзүнүн кара-кочкул тамырларын жая акырындап чоңоюп бараткандай. Челищев бетон шыптардын титиреп, анын ичиндеги темир кармагычтардын шыңгырап жатканын укту. Шишик улам өсүп, имараттын дубалын кысып, алар болсо мына-мына тарс жарылып, Москваны укмаштай жабышкак ириң каптачудай сезилет. Каралжын үйдүн төбөсү үрүл-бүрүл жарык. Ал оор кыйналуудан кутулуп асманга учуп кетип жаткан өлүктөрдүн жаны эле.
Шаар четиндеги үйлөрдүн биринчи кабаттарынын терезелеринен сары тилке түшүрүп оттор күйөт. Челищев терезени шыкаалап, операция столунда бутун талтайтып жаткан аялды көрдү. Халатына кан чачырап булганган хирург анын курсагына болот түтүктү киргизип, аяктан жылтырак дагырага кан-жин болуп түйүлдүк агып түшүүдө.
Челищевге келтирген азап менен тозоктордун уюткуларында Россияны томкоро турган коркунучтуу кооптуулук катылып жаткан. Бирок белгисиз күчтөр Челищевди андан да укмуш уюткуну карай жетелеп жөнөдү.
Ың-жыңсыз эркке баш ийип, ал кайрадан Пушкин аянтындагы, эстеликтин гүчакчасындагы өз үйүнө кайтып келди. Коло акын шляпасын алып, башын кыңайтты. Жел анын коло тармал чачтарын, шляпасын, эстеликтин этегиндеги кызыл-тазыл роза гүлдөрүн күмүшкө бөлөдү. Челищев Тверь бульвары менен ак жарыгын чачыратып келип, артынан көмүрдүн чогу сыяктуу кызыл жарык калтырып кетип жаткан машиналардын чубалган узун караанын карап турду. Алар бир саам көчөнү ээн калтырып, эми бульвардын башка тарабынан ак-кызыл жарыктар агылып, аянтты алоолонгон түнкү крестке айлантууда.
Белгисиз күчтөр аны бирди-жарым кишилер шашыла өтүп, чачын жайып салган жаш келин өтмөк ичин буулуккан музыка менен жаңырта скрипка ойноп жаткан жер алдындагы өтмөккө жетелеп кирди. Келиндин бут алдында тыйындар менен уйпаланган акчалар ташталган шляпа жаткан эле.
Челищев Тверь бульварына чыкты да, хрусталь токоюна кез келди. Дарактар көгүлжүм гирляндалар менен тордолгон. Сөңгөктөрү көгүш муздан. Хрусталь дарактар менен курчалган ээн аллеянын аягы көрүнбөй, анда тунук жел ары-бери ат салууда.
«Пушкин» ресторанына машиналар келип токтоду. Башына цилиндр шляпа кийген швейцар эшикти ачып, аялдардын үстүнө жаан тоскучун тосуп, келгендерди ичкери киргизип жатат. «Турандот» ресторанында отко сыйынуучулар жаккан оттой болуп көгүш газ факелдери жаркырайт.
Челищев улам күчөп бараткан тынчсыздануу менен бульварды кыдыра басты. Ичиркенткен сыдырым хрусталь сөңгөктөрдүн арасынан, заңгыраган кооз үйлөрдүн үстүнөн чыгып, уюлгуган түтүн сымал Көркөм театрдын төбөсүндө уюп турду. Тынчсыздануу улам коюулап, тумчуктура баштады. Үрөй учурган коркунучка айланды.
Челищевдин андан ары баргысы келбей кетенчиктеди, бирок өктөм бир күч аны алдыга кадам таштоого мажбурлады. Ошентип ал белгисиз бир балакет-балээ түйүнчөктөй түйүлүп жаткан сымал сезилген балакет булутка чумкуп кирип кетти.
Ушул тегеректе Пушкиндин эсинде калган эки жүз жылдык эмен багы турчу. Бирок Челищев аны таппай калды. Ал жүз жыл мурдагы, укмуштай чоң терезелери бар бийик имараттын алдында болчу. Имараттын өңү капкара эле. Бирок той өтүп жаткансып анын эки кабаты жапжарык. Тор алкактагы хрусталь айнектерден эсти эки кылган бир шумдуктун илеби келип жатты.
Кудай-эне Челищевди мына ушу керемет үйгө алып келди. Бул жерди Россиянын ташын талкан кылар жамандык уялап алыптыр. Ошентип түнкү бульварда ызгаарга тоңуп сенек болгон алсыз Челищев ошол жамандыктын жолун тороого тийиш.
Ал көгүлжүм дарактардын арасында от чыккан терезелерди карап катып калды...




