Баарын эстейм, унутсам да көптөрүн...
* * *
Баарын эстейм, унутсам да көптөрүн:
Ызы-чуулуу теңтуш балдар алтындай,
Биринчи май... браганы эстедим,
Мен биринчи тартып ийгем тартынбай.
Оройлонсок — уккан жанды кызыта,
демонстранттар сабаганы калды эсте,
кызыл-тазыл ураан желек, музыка...
азыркыдан жакшы болчу ал кезде.
Түш көргөндөй бир кызыкка батканбыз:
Чылым чегип, элден койбой сестенип,
Свердловск аянтында жатканбыз...
Мага гана коёт анда эстелик.
Баарын эстейм, унутсам да көптөрүн:
Ызы-чуулуу теңтуш балдар алтындай,
Биринчи май... браганы эстедим,
Мен биринчи тартып ийгем тартынбай.
Оройлонсок — уккан жанды кызыта,
демонстранттар сабаганы калды эсте,
кызыл-тазыл ураан желек, музыка...
азыркыдан жакшы болчу ал кезде.
Түш көргөндөй бир кызыкка батканбыз:
Чылым чегип, элден койбой сестенип,
Свердловск аянтында жатканбыз...
Мага гана коёт анда эстелик.





