Шер аминь

Атам кайдадыр камынды.

Ал кезде шарфты француздарча кооз байлаганды билчү эмеспиз. Андыктан атам чыныгы орус интеллигенттеринче кандайдыр кызылы, сарысы, күрөңү, кызгылт-сарысы да бар кооз, барпайган, түгү бетти сайган моюн орогучун жылуу жана көрктүү көрүнгүдөй, дем алганында бубак тоңо түшкөндөй кылып үстүңкү эрдине чейин көтөрүп оронду.

Атамдын үстүндө өзүнчө илинип турганда үрпөйгөн, кийгенинде сыйдалана түшкөн шуба бар.

Мен андан: «Сен каякка?» деп сурадым. Атам камырабаган түр көргөзө, дүкөнгө тамеки алып келгени баратканын айтты.

Бабука — чоң энеме баары ушундай кайрылышчу, мени ынандыра сүйлөдү: «Дүкөнгө барат да, кайра келет».

Ички эшик шарт жабылды, сырткысы карс этти. Жөнөп кетти.

Бабука экөөбүз отуруп кала бердик, мен полдо, ал диванда. Көз айнекчен ал ийнеге үңүлө карап, мындай майда нерсе тынчсызданууга татыктуу же татыктуу эместигин ойлонгондой чоң атамдын көйнөгүн жамап отурат. Беш жаштагы же андан кичүү курактагы мен Бабукадан кандайдыр зор нерсени байкоого далбастагандай кароодомун.

Башымда эч кандай олуттуу ой жок болчу, алар азыр деле мага сейрек келет. Ошондуктан мен жөн гана ордумдан атып турдум да, чуркап жөнөдүм. Ал тургай бут кийим кийген жокмун.

Болуп өткөндү кандайдыр аңдадым деп жазайын дедим, бирок ал өтүрүк кеп, бул жерде кайдагы акыл-эс, жөн гана көзүмө элестей түштү: атам жолдо тамеки чегип турат, мына тамекисин оозуна сала калып кол көтөрдү; мына үйүбүз жайгашкан, анын аялы, менин апам күтүп турган кыштакка баратат. Ал өзү «Беломор» деген тамеки менен сыйлаган жүк ташуучу машиненин айдоочусу менен сүйлөшүп, кээде каткырып коюп баратышат. Терезени кыйшайтканда пайда болгон кычыктан бети-колду тызылдаткан февралдын аязы аркырады.

Көчө суук, кар калың — айылда шаарга караганда кар дайыма көп түшөт. Токой биздин дарбазабыздын алдынан башталат. Ал эми чоң жол токойдун ары жагында — жарым чакырымдай алыста. Качып жөнөгөн мени Бабука токойдон кармап, кучактай көтөрүп келди. Мен жулкунбадым, ыйлаган да жокмун. Кармалсам кармалгандырмын. Тагдыр айтпаптыр.

Бабука жанагы отурган жериме кайра отургузду да, дегеле эч нерсе болбогондон бетер көйнөктө ишсиз зериккен жипте салмаңдай илинип турган ийнени кайра колго алды.

Эмне үчүн качып жөнөгөнүмдү биле албайм. Атамды ээрчигеним түшүнүктүү дечи.

Бирок мен ата-энемди эч качан катуу сагынчу эмесмин. Эгер карыларга калтырып кетишсе эч нерсе болбогондой жүрө берчүмүн.

Каякка жутундум?

Кебетеси атам өзүнүн февралынан кайтып келип, мени колго алмак.

Анткени ошондон бери андай болбой келатат.

Кийинки баткактуу февралдын акыркы күндөрүндө көчөдө жарык маңдай, жоош бала (мен өзүмдүн отуз жыл мурунку кичинекей кезимди жакшы көрөм, негедир элестеги ал бала өз уулумдай сезиле берет) келе жатты. Биздин кыштакта Чебряковдор деген тентек бир туугандар бар эле. Узун бойлуу, денеси түктүү, чоң коколуу, ээги узун, макоо чалыш, уятсыз бул экөөнү мен бири-биринен айырмалай алчу эмесмин. Алардын бири артымдан келип ийинимден түрткөндө муздак баткакка эт-бетим менен кулап түштүм.

Биздин кыштактын ылайы укмуштай эле. Буламыктай болгон андайды азыр таппайсың. Жазындасы ал майда муз менен аралашып, кара шатырак болуп жатчу, жайында бууланыша былжып кетчү, күзүндөсү кайрадан белге чыкчу. Эч качан кургачу да, тоңчу да эмес. Тимеле бул ылайдын түбүндө билинбестен мунай булагы оргуштап жаткансычу, тагыраак айтканда, кабылдаган ириңдүү жара бар сыяктанчу.

Так ошол мен жыгылардын алдында бул ылай суюла да, коюулана түшүшү үчүн кыштактын трактору ары-бери өтүп, болушунча эзген сыяктуу болчу. Анын артынан таскактап өткөн ат таранчылар менен жутчымчыктарга ысык тезегин таштап өткөн.

Дал ошол жерге жыгылдым.

Үйгө шыбак шыбап ойногон маскарапоз сыяктанып келдим.

Оозум да чыла жыттанат, бир сөз менен айтканда, кебетеси келишкен бирөөмүн.

Апам эч нерсе деген жок. Мен анын Чебряковдорду өлтүрүшүнөн үмүттөнгөм. Ал болсо жөн гана кийимдеримди чечип, жуундуруп, тазасын берди.

Кийинки жолу, бир жылдан кийин дагы февраль айында мектепте футбол ойноп жаткам. Негизи бизде кышындасы футбол ойногонду жакшы көрүшөт. Жай кыска, ал келгиче топ тебилүүнү күтө берип жели чыкмак. Мен тамтыгы чыга жыртылган свитирчен болчумун, баш кийимим жок эле. Бул мага өзүм ойлогондой шамдагайлыкты бермек. Оюнчулар жаш курагы боюнча ар түрдүү болчу. Аңгыча каршылаштарыбызга аскерден жаңы кайткан ак-кубасынан келген, каш-кирпигинен бери кубаргансыган шайыр жигит кошулду (аты ким эле, эстей албай атам). Мен дарбазада тургам. Куба жигит шаңдуу, шамдагай ойноп жаткан, көп өтпөй катуу келип тепкенде, калп айтпасам, абада эки айланып келип түштүм. Каректерим нары кирип, башымдын ичине эки толгонуп кеткенсиди, мен анан өтө эле чоң сезилген, кандайдыр эт сыяктанган, колумдун учунда сөөлжандай былжыраган карегимди кайра акырын каш-кирпигинен тарткылап, жарык дүйнөгө чыгарып жаткансыдым.

Эгер штанганын түбүндө турган болсом, башым топ менен темирдин ортосунда калып мүрт кетмек экенмин.

Негизи, жамааттык оюндарды жакшы ойной алчу эмесмин.

Кыштактан мени уядан балапанды алгандай алып чыгышып, фабриканын түтүгүнө отургузушту. Анткени үй-бүлөм кеңеш бийлигинин өлүмүн күткөндөн көрө шаардын асфальтында туруп өз ажалыңдын жетишин күтүү оңой экенин түшүнгөн эле.

Жаңы мектепке биринчи жолу кышында, февралда кирдим.

Катарлаш класста окуган, боюм анын ийининен келген тогуз жаштагы айбан чалыш бала кутурган бука көздөнүп келип, шапкемди жулуп алыс ыргытты. Өч алыш үчүн баш кийимине асылдым, бирок ал мени оңой эле серпип таштады. Күчтөр тең эмес болчу.

Мен эбин таап келиштире бир уруп калыш үчүн танаписте артынан аңдып жүрдүм, бирок буга эрким жетпеди.

Жаңы мектепте темгил жүздүү, сөөк-саактуусунан келген мугалимим бар эле, класс жетекчибиз болчу, өзү сталинчи эле, чучукка жеткире сүйлөчү.

Кайра куруу башталганда ал демократиялашуу зарылдыгын сезди белем, өзүнө ким кандай караары боюнча жооп берүүчүлөрдүн аты жашырылган сурамжылоосун жүргүзмөй болду.

Парталаш кошунам Чибисов класс жетекчибиз шүмшүк экенин жазды. Мен эч кандай догум жоктугун билдирдим.

Кийинки күнкү сурамжылоо жашыруун болбоду, ар бир билдирүүнүн алдында атыбызды жаздык.

Биздин жоопторубузду чогултуп жатып, мугалимибиз мага чоң көз айнегинин үстүнөн мыскылдуу карады да, кармана албастан ички оюн билдирди: «Көрөбүз азыр бул жерге эмне деп жазганыңды, акмак».

Ушундан кийин төрт жыл бою ал мени кемирип-кесип айбанча мамиле кылды. Мен эч нерсеге түшүнбөстөн чыдап жүрө бердим.

Бир жолу сабактан кийин классыбызды жууп жатсам, канча бир жылдан бери жекиргенин токтотпой өч алып келаткан ал кайрадан менин пастыгымды, жалганчылыгымды, жашабагырлыгымды, жер мендейди жерлигинен гана көтөрүп жүргөнүн саймедирей айтып, заарын агытты.

Мен бир аз эр жетип калгам, андыктан тартынып турсам да, неге мындай мамиле кылып жатканын сураганга эрким жетти.

«Эсиңдеби баягы сурамжылоолор. Жашыруунуңда сен мени шүмшүк дегенсиң, ал эми ачыгында андай эместигимди жазгансың. Ушундан эле сендей жалганчылар менен чалгынга барганга болбойт деп бүтүм чыгарсак болот», — дебеспи.

Аларды бул аял эмдигиче сактап жүрүптүр, даяр да экен (ушул жылдары ичтеги кегин курчутуп туруш үчүн өзүнчө дептерде сактап, жанынан чыгарчу эмес экен).

Мен сурадым: «Сурамжылоо барактарын көрсөтүңүзчү».

«Көрүп ал!» — деп ал утуш картасын таштаган кумарчыдан бетер дептерди жая салып кошумчалады. — «Азыр оюнуң бүтөт!»

Барактарды көрүп мен өкүрүп жибердим: «Муну мен эмес, Чибисов жазган!»

Дагы жакшы Чибисовдун башка мектепке которулуп кеткенине үч жыл болгон. Ал эки жакты карана буйдала түшүп, дароо сурамжылоо барактары сакталган дептерди жаба салып, кадимкисинче жекиринди: «Сен мага азыр кыйкырынбай кал!..»

Албетте кечирим суроо зарылдыгын ал ойлоп да койгон жок. Бир саамга терезеден эрип жаткан карга карап турду, кебетеси жаш баланы бул көп жылдык кодулоосунда кандайдыр ката бар-жогун талдап көрдү окшойт. Анан мында жаңылыштык жок деп так бүтүм чыгаргандай сумсайды. Өткөн ишке салабат деп чоңдорчо кол шилтеп койгонсуду.

Дагы эмнени айтсам.

Бирин-экин кыз менен жүргөнсүгөм, бирок тереңдеген эмеспиз.

Тагдырымда кыздар жоктугун, бир гана баш айлануу менен өспүрүмдүк жипкирүү бар экенин дайыма эле эстеп келатам.

Эски жаңы жылдын урматына уюштурулган кечеден кызымтал абалда кайтып келе жатканбыз. Мен жана эки бөтөлкөлөшүм эки айымды узатууга чыгынганбыз. Алардын ошондо эле кызуулуктан улам элес-булас көрүнгөн жүздөрү азыр таптакыр эстен чыкты.

Булардын арасынан сүйлөөгү өзүм болуп чыктым: ар кайсыны саймедиреп жолдошторумдун көңүлүн ачышка болушунча аракетимди жасасам, улам күлүп жиберип жатышкан.

Келишимдүүрөөк бирөөсүнөн телефон номурун сурасам берген болчу.

Февраль айында чалдым. Жолугушууну сунуштаган сөзүмө кулагы кереңдеп калгансып кыйналып түшүнүп, кандайдыр тиштене сүйлөп, кыңылдай жооп берип жатты. Андан соң кандайдыр эркек кишинин үнү чыгып, ызы-чуу салгандай болгондо, ал шыбырай сүйлөдү: «Жайыма коюп, жабышпачы эй, деги эмне керек сага?»

Ушул ирмемде мен өзүмдү катуу толкун болуп жаткан, кар бурганагы каптаган деңизде калкыган жаман тепшиде бараткандай сездим. Суу болгон жыгачтын муздагы алдымдан өтүп төбөмө жеткен мен жээкке эптеп чыгууга жанталашып жатсам, жогортон төмөн караган жанагы кыз: «Бул жакта сенсиз деле жетиштүү, сүзүп жөнө каалаган жагыңа, жээкке жабышпа!» деп тепшимди тереңдикти карай тээп жибергенсиди.

Андан бери жыйырма жыл өттү. Эч нерсе болбогондой жашаган ал бүт баарын унутса керек. Азыр болсо жасаган борщун күйөөсүнүн алдына койсо, ал табакты муштуму менен уруп калды. Идиш ысык тамагы менен кошо шыпка тийчүдөй ыргып, капусталар люстрага жабышты, дубалдарга шорпо чачылды, жүрөгү түшкөн балдар ыйлады. Буга карабай күйөөсү айкырыкты салды: «Канчык! Кайсы шайтан азгырып сага кабылдым экен!»

Кимдир бирөө акыры мен үчүн өч алышы керек да.

Ошондо гана ал катын ошондогу менин эч күнөөсүз жерден жабыркаганымды түшүнмөк.

...Бирок, күйөөсү эч нерсе дебейт, тамагын тынч ичип, эң маанилүү сөздөрүн ичине катып, унчукпай барып жатып калат.

Аскердик кызматта жүргөнүмө жылга айланып, «черпак» болуп калганымда бир жолу катуу ичтим. Кудай сактап командирлердин көзүнө илинбей, бардык коркунучтардан кыйгап өтүп барып, керебетиме кулаптырмын.

Өзүмдүн бөлүкчөмдөгү бирге кызмат кылган мендей эле «черпактын» фотоаппараты бар болчу. Ал менин уктап жаткандагы кебетемди сүрөткө тартып алмай болот.

Аңгыча бул аракеттин арты коомдук «иш чарага» айланып кетет: шейшепти керебеттин жөлөнгүчүнө тартышат, шыпыргыдан көрктүү гүлчамбар жасап кооздошот, шам таап келип башыма коюп, чекеме «аминь» деген беш тамгадан турган күлкүлүү сөздү жазышат, колдорумду кайчылаштырышат, боорума аскердик устав китебин коюшат, эми мындан кийин окууга убактым көп болорун айтып каткырышат, бутума 47 өлчөмдөгү өтүк кийгизип, маркум ыймандуу, боорукер жана чоң буттуу адам болгонун жобурап ыйман айтышат, ал тургай маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы майрамдан эмнеси кем деп кайдандыр шарап таап келип куюшат, кышкы салаттардан ысылык кылышат, бийлегенге болбогону менен ырдаса болорун болжоп кыңылдашат, аскердик кызматка жаңы келген «духтарды» кубалабастан аларга да көңүл ачууга уруксат беришет, анан шайтандар коноктоп келип калса кубалашым үчүн швабраны жаныма коюшат, ал тургай «Өзүн жей баштаган курттарды салып жесин», — («Кимиси кимисин биринчи жеп түгөтөр экен, эмнеси болсо да зерикпей жатат турбайбы», — деп күлүшөт) деп табакты кашыгы менен жаныма жайгаштырышат. Анан, эң негизгиси, бул акмактар акча аябастан ушул кебетеде түшкөн сүрөтүмдү чыгарып, бардыгына көргөзүшөт.

Ошентип көптөгөн күрөштөр менен, ушундай күлкүгө калуулар менен иштеп тапкан солдаттык жакшы атым, он тогуз жылда чогулткандарым бул акмактардын шакабасы менен кошо бир заматта текке кетти.

Ушундан кийин ашканага, нарядга, дегеле каякка барбайын бүткүл баскан-турганым мыскылдуу жылмаюу менен коштолуп: «Кудай сактай көр, тиги «оомийин» болуп, көрдө швабра кучактап, шам жагып жаткан неме келатат», — деп бышкырынган шыбырашуу артымдан ээрчичү болду.

(Ошол февралда жашагым келбегендигинен нарядда жүрүп аз жерден тоңуп кала жаздагам.)

Окуп жүргөндө далай жардамым тийген, ал тургай болушканымдан улам жаны калган, өзүм французча үйрөткөн ботаник досум мени «Шер аминь» деп атаганы үчүн оозун каңдап, тишин ыргыта койгом. Чындап эле оозуна толо түшкөн канды түкүргөндө тиши ашкана үстөлүнүн үстүнө түшүп, тоголонуп барып, төгүлгөн щинин көлчүкчөсүндө агарып жатып калган. Мен ошондо аны алып, кандайдыр ордуна бурап киргизүү менен болуп өткөндүн баарын өзгөртүүнү ойлогом.

(Ошондо «деддер» оозума шамды тыкмакчы болушканда ушул ботаник досум жол бербей койгонун кийин билдим.)

Эми эч нерсени оңдоого мүмкүн эмес.

Ойношумду көптөгөн алмашуулардан кийин үй-бүлөбүздүкү болуп калган батирде өзүм менен чогуу жашоосуна жол бергем.

Апам ага ишенчү, демек жактырчу.

Өмүр бою атам менен жашаган апам колдун манжасынан да көп эркектер менен болгон аялга «сойку» дегенден башка ат жарашпасын билбесе керек.

Анын үстүнө акылы, келбети, эрдиги айкалышкан анын уулунун көзүнө кайсы катын чөп салсын. Эми, туурасын айтканда, бул иудага, ушул шер аминге, оозу балит болсо да жел сөздөрдү айтып бакылдаган, калп-чынды кагыштырган, колунан келбеске деле мактанган, алсыздарга чоң чыккан, күчтүүлөрдөн басынган, ашыкча эч нерсени билүүнү каалабаган, аскердик парадга кийинип күзгүнүн алдында көйрөңдөнгөн немеге ушундай айласыз катын гана токтомок.

Аскерден кайтканымда секетим тоскон жок. Чоң энесиникинде эс алып жүрүптүр. Ооба, түшүнөм, чоң энелерди жалгыз калтырганга болбойт. Жылуу жылмайып, акырын сүйлөп, тимеле салафанга ороп койгондой жаркырап бир жумадан кийин келди. Бетинен өпсөң кадимкидей эле тери, баягыдай эле атыр жыт, бирок баары бир эле желим кагаз сыяктуудай сезилет.

Кечинде бүт салафанын сыйрыды, кээ бир жерлери жабышып калыптыр, убараланууга туура келди. Караңгыда кайсалай издеп табууну, көр чычкандык сезимди өрчүтүүнү, жок дегенде түндө көрсөтүүчү прибор сатып алып колдонууну, айтор өзүн көрүш үчүн фантазияны иштетүү менен жарыкты күйгүзбөй эле коюуну суранды.

Менин фантазиям бир жарым жыл тынбай иштеген, ошол учурда электр трансформатору сыяктуу күүлдөп, аскерден кайтып барганымда кандай болорун майда-чүйдөсүнө чейин элестеткем. Бирок жашоо минтип өзүнүкүн сунуштады. Жок, жарандык жашоого, туурасын айтканда, жай турмушка кайтып келгендеги окуялардын өнүгүшүн мындай элестеткен эмесмин.

Секетим анын баарын жокко чыгарды. Ал болбогон нерселерди жасаганды унутуп калыптыр. «Жатканыма жардам бер, катуу кыймылдаба, сакалың менен сайгылаба, мындай өбүшпө...»

«Анан кандай?»

«Болуптур эми көңүл бурба, мен жөн гана чарчап турам».

«Чарчап? Бир жарым жылдан бери чарчап келатасыңбы? Чоң энеңе барганча жок дегенде раковинаны жууп койбойсуңбу. Ванна болсо, сен анда темир кишини, дагы кимди, темир атты жуугандай дат болуп жатат.

Же комбайн алып келип жуудуң беле?»

«Кыйкырбачы. Сен эмне, мени мында идиш жуугуч катары калтырдың беле? Минтериңди билгенимде...»

(Бутун чоң шилтеп кетмекчи болгонунда, күтө тур сөзүбүз бүтө элек дегенсип бүт денем менен алдын тостум, негизгиси көңүлүмдө «эй сен кайда, бул жерде сенсиз эмне кылам?» — деген кеңири маанидеги суроолуу ой бар болчу).

Таң атканча сүйлөштүк. Ал ичинен тына кыйналган абалда болчу, мен чектен ашкан дүүлүгүүмдү кандыра албай жаттым. Сен билесиңби, секетим, менин эмнеден өткөнүмдү? Билесиңби, бизди айбандар кандай сабаганын? Кароолдо туруп түбөлүккө сенейип кала жаздаганымды элестете аласыңбы? Бизди аз жерден Чучмекстанга жөнөтүп жибере жаздашканда, мен өз ыктыярым менен биринчилерден болуп жазылгам, балким темир табытта келмекмин, ошондо сен: «ах, аны эң эле аз кубандырыптырмын» деп кайгырмактырсың. Ал эми ротабыздын командири кандай шүмшүк эле! Комбатыбызчы? Ашынган акмак болчу! Анан шамдын бир учун оозума тыгып, экинчи учун күйгүзмөк болушкандарын элестете аласыңбы? Же көрсөтүп берейинби?

Эртең мененкиге чейин ачуу-кычуу сөздөр айтылып, түшүнүшүү өп-чап, мамиле бир жактуу, орто жылуулуксуз болгону менен, баары жакшы жагына чечилди, бирок чечилбей эле койсо дурус болмок.

Кийинки күнү телефон шыңгырады, «алло» деп алсам чалган неме бир аз буйдала түшүп, анан мукактана сурады: «Ти-тинаны чакырып коёсузбу?»

(Анын уктап жатканын айтканым менен ойгоо экенин, сүйлөшкөнүбүздү угуп жатканын далымдан сезип турдум.)

Жанагы телефондогу үндү да дароо тааныдым. Ал менин классташым экен. Тина мурда аны менен достошуп жүргөн, кийин мага оогон. Анткен менен мага караганда бойлуу, келишимдүү, байыраак да болчу, андыктан аны көпкө чейин унута албаган. Чынында экөө жүргөн учурда ал Тинага тийген эмес.

Анткен менен мен жер тепкилеп машыгып, берилгендиктин белгиси катары устав жаттап жүргөндө, тиймек турсун тийиптир да. Кебетеси Тина классташыма меникинде жашап жатканын айткан эмес окшойт. А эмне үчүн? Мен келгиче батиримди пайдаланыш үчүнбү?

Үйүмдөн бул шуркуяны кубалап чыгып, жаңы ырлар окулуп, драмалар жаралган, бир кызыктай кийинген (жылаңачтыгы чоң куулук менен жашырылган) жаш уландар арзан тамекилерин ташбака түрүндөгү чоң жандыргычтары менен (жазуучуларга боло берет, чиркиндики, анткени бул көрүнүктүү, андыктан мен да жөн эмес экенимди көрсөтүш үчүн автобекеттен ушундайды атайылап сатып алдым) тутандырган, жигиттерге караганда алда канча мыкты кийинген (ар бири жынсы кийиминде жөнөкөй пенделердин алдынан эч качан чыкпай турган, жыпжылаңач ысык күндү албыртып алып жүрүшөт), эркектерге көңүл бурбай бешинчи аракетте гана жыпар жыттуу от бүрккөн ташбакаларга гана мыскылдуу караган, анткени менен салмактуу сөздөрдү айткан, качандыр бир Бродскийди... көргөн, кымбат баа күрмө кийген (бирок биз каалаган кымбаттыкта эмес) устат агайларга түз жана кунт коё караган кыздары бар бөлөк дүйнөгө кадам таштадым. Бул агайлар чынында Бродскийди так жанынан көрүшкөн эмес, жөн гана түбөлүктүүлүктүн кайнаган тереңинен жандуу көз менен карагандар менен мрамордон өнүп чыккандарды көрүшкөн. Эми жок эле дегенде, мисалга алсак, мейманкана бөлмөсүнө кирип баратып далистеги күзгүдөн өзүлөрүнүн чагылышын карашкан.

Өткөн кылымда төрөлүп, ар кайсыбыз ар кай жерде алыбызга жараша аскердик кызматта болгон, жаңы миң жылдыкка ташбака сымал жандыргыч менен эле келбестен, мансаптын, ийгиликтин жана үмүттүн жармаңкесине коюп пайда тапкыдай кандайдыр бир ички дарамет менен башбаккан мен жана менден улуураак жана кичүүрөөк жолдошторум тездик менен банда сыяктуу топ түзүүгө жетишип, жаштардын арасында улуу болуп жүрдүк, улуулардын арасында жаш болуп калдык.

Ошентип мен жазуучу жана адабиятчы атала баштадым.

Менин бир тууган сыяктанган, сыяктанбаган дагы, бирок жакшы жолдоштукка жараган, денеси олбурлуу, көзү кичинесинен келген, дайыма ачык-айрым жашаган калемдешим бар эле, чын эле ал бардыгы ачык болушун жакшы көрчү, өзү да ушундай жүрчү, башкалардан да муну талап кылчу, эч ким жүзүн жашырбашын каалачу, бардыгы чын жүрөктөн жасалышын, кандай болсоң ошондой болууну, жылаңачтангандан уялбоону, бүт сыртта болушун, көз көрүнөөлүктү баалачу. Бирок башкалар жүзүн жашырса, жамынып кымтынса, кимдир бирөөлөрдүн кандайдыр нерсеси өзүнүкүнөн бийик өсүп чыкса, ал тургай байкаларлык эле чоң болсо бул жолдошумдун жандүйнөсү дароо жабыркачу.

Бара-бара ал алдыны да, жогору жакты да карабай калды, бир гана өзүн курчап тургандарды тирмийе тиктеп, көздөрү талыганча карачу болду. Андайда өзү гана жалгыздыкта ачылып-чачыла ала турган, эч ким бийик турпаты менен кумарына, нукура таза улуулугуна күмөндөнбөгөн деңиз боюнда балык уулоого качып кетчү.

Өзүнүн улуулугун сууруп чыгып, кармаган балыгы менен, бирде пескар, бирде карась менен салыштырып кубанганынан каткырчу, бул дүйнөнү сүйгөндүгүнөн ыйлачу, ушул зор жана ак көңүл ааламды жакшы көргөндүгүнөн шолокточу.

Бирок качып кетерден мурда, бул жолдошум так эле сыйлык (себет толо гүлдүн алдындагы сандар жана тамгалар кооздоп жазылган таңгак-таңгак жашыл кагаздар эле) алганымда мени желкеден алып, кыздар, устаттар жана ташбака сымал жандыргычтуу уландардын көңүлүн буруп, алардын көзүн ачкыча мындай деп бакылдады:

— Муну силер ким деп турасыңар? Бул өзүн көрсөткөнүндөй эмес! Бул жалганчы, уятсыз, куу түлкү, оозу балырдан да балит, чекесине беш тамгадан турган сөз жазылган, мунун ысымы уурдалган, жандүйнөсүн чырмоок менен уйгак каптаган! — деп жүзүмө тике карап, сөөмөйү менен төшкө сайды: — Сен бизди дагы алдадың, чын жүзүңдү ачкын, чыккынчы!

Бардыгы тымтырс боло мени карап калышты. Кимдир бирөөнүн колундагы ташбака жандыргыч тамеки тутандыра албай кулак-мээни жей тырсылдап жатты.

Көчөгө чуркап чыктым (себетти таштабадым). Күлгөн да, ыйлаган да жокмун. Жөн гана уялганымдан зыңылдап чыккан көңдөй башым менен ойлоно баштадым. Ушинтип ойлонгонду да үйрөндүм. «Эми кантип жашайм, ушундан кийин жашаса болобу?» деген мурда тааныш эмес ой мээмди каккылап жатты.

Айланада бир гана алдамчылыкты, азапты, оору менен көйгөйдү убада кылган кыштын акыркы айы өкүм сүрүп турган.

Себеттеги гүлдөрдү ыргытып жиберип, жашыл акчаларды чөнтөктөрүмө бөлүштүрүп сала баштадым. Болбосо тарттырып жиберишим мүмкүн да.

Мен атамдын артынан кууп жетпей калгам.

Баары эң башынан эле тетири кеткен.

Эгер ал кетпегенде баары башкача болмок.

Эгер ал ошондо кетпегенде баары башкача болмок.

Эгер ал ошондо менден кетпегенде баары башкача болмок.

Ишендиңерби? Ишендиңер, ээ?

«Мунун ички дүйнөсү кусалуу экенин аңдадык эле, мына эми акыры ачылып берди», — деп ойлоп жатсаңар керек.

Эч нерсени аңдаган эмессиңер, сүйлөбөгүлө.

Эми башкача айтам.

Кыштагыма жакын жерде, бир саатча жөө баскан аралыкта ортоңку тилке үчүн бийик дегидей дөбөлөр турат. Боорунан кулачу болсоң буту-колуң сынат, кыскасы, соо калбайсың.

Дагы бир кезектеги аязда мен — тогуздагы бала ошол дөбөлөрдү көздөй жөнөгөм. Кышында эмне үчүн дөбөгө чыккым келгенин билбейм, эч ким түшүндүрүп бере албайт. Кар кээ бирде тизеден, кээде төшкө чейин чыга калып жатты. Дөбөлөрдү карай биринчи кадамдарды жасаганда эле артка кайтышым керек болчу. Бирок мен сойлоп кете бердим. Орто жолдон кыйкырдым, ырдадым, ал тургай бир жолу ыйлап да алдым. Алдыга карай алыс болчу, артка кайтууга кеч эле.

Ал жакка, ал тургай жайында баары эле батынып бара алчу эмес.

Акыры күн батып баратканда дөбөнүн үстүнө чыктым. Чөнтөктөрүм карга толгон, чокойлорум карга толгон, кучагым карга толгон, кулагым да, көзүм да кар... Оозума да кар толтуруп ойлодум: «Сени жеймин, февраль!»

Тумагымды алганымда чачтарым ылдый ысык тер акты. Ушунчалык жакшы, ушунчалык рахаттуу болгондуктан эс-учумду жоготтум. Бир мүнөт жаттымбы, бир саат жаттымбы билбейм. Кимден сурамак элем, айтор, эсиме келерим менен бутумду, башымды, жанымды ала кача ылдый карай тоголондум.

Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда калган, түндүн түбүнө түшүп кеткенсиген кыштак укмуштай алыс сезилди. Кара боёкто калкыган көбүк сыяктанган анын жарыгы араңжан жылтырап турду.

Бирок жандүйнөмө эми кубанычтын жарыгы орноп алган эле.

Бүт денем муз болуп тоңо кайтып келдим, бир гана көөдөнүмдө жайкы күндүн аптабы калып калгансып ысып жатты, далы ортомо ысык тыйынды коюп койгонсуп күйүп турду. Эртең менен ойгонгонумда да дал ушундай сезимде турдум.

Ошондон соң кайсы курагымда болбосун, мисалы, он беш жашымда кандай топко кошулсам да ичимден чеччүмүн: «Бул жерде мен негизгимин!» Андыктан кандайдыр чечим чыгарыш керек болсо мен чыгарчумун. Көбүнчө бул эч ким эч кандай чечим чыгара албагандыгы сыяктуу жөнөкөй себептен улам ишке ашчу.

Турмушта эч кандай жан үрөбөй калдым, мындан ары жашоо менин бут алдыма өзү эле төшөлчү болду.

Дүйнө эки бөлүккө бөлүндү — бир бөлүгү мени менен дос боло алгандар, экинчиси менден чабалдар. Анан дагы кандайдыр үчүнчүлөр бар, бирок алар менен биздин ишибиз жок.

Менден өзүм сүйбөгөндөр гана кетишти, кимди сүйсөм алар мени менен калышты.

Баягы бала кезде башымдан коён тумагымды жулуп алып алыс ыргыткан немени он беш жылдан кийин жолуктурсам, мурдагыдан да эки-үч эсе узарып кетиптир. Секирүүгө туура келди.

Ал нес болгондой туруп калды, жашы кылгырган көзү бир заматта кызыл боёк сыйпагансып кызарып чыкты.

— Эй нең, сен эмне? — деп сурады ал.

Биз мындай суроолорго жооп бербей калганбыз.

Баягы салафан оронгон секетим он жети жылдан кийин кат жазыптыр: «Мен сенин ким экениңди билбептирмин», — деп.

Билиши керек болчу, же эмне, бир гана эркектердин билбей койгонго укугу барбы.

Он тогуз жылдан кийин туулган кыштагыма келдим. Мен ал жакка кепичимди, күмүш тыйынымды же биринчи крестим сыяктуу бирдемемди түшүрүп койгонсуп жылда келчүмүн. Кыштагым дагы эле кар жамынып жатыптыр. Келатып ойлондум: эгер карды күрөсөм алдынан балалыгымдын жылаңаяк издери көрүнөт. Эгер ошол издерди кууп жөнөсөм түптүз эле өзүмө келем, өз жашоомо кирем, аны толугу менен кайра жашайм, кайрадан ушул жерге келем, карды күрөп, балалыгымдын жылаңаяк издерин табам...

Карасам баягы баткак өз ордунда туруптур. Кыштакта трактор да, ат араба да жок болгону менен, орус ылайы ошол бойдон былкылдабаптыр, кандайдыр караят, былчылдайт, шатырактайт...

Басып барсам Чебряковдор жатышат, тагыраагы, эки бир туугандын бири баткакка тыгылып, экинчиси тартып жатыптыр. Экөө тең картаң дөбөткө окшошуптур, үндөрү кыңкылдап араң чыгып, кара-көк тарткан өңдөрүндө муң байкалат. Кебетелери мурдагыдай эле опокшош экен. Каректеринин нурун кимдир бирөө какшыткандай, тээ түпкүрүндө гана көз жашы жылтырагансыйт.

Жардам берип тарта баштаганымда кимдир бирөөсүнүн колун жулуп алдым, шайтандыкы десе, мен мындай кылайын деген эмесмин. Эзелки кордугум үчүн эсептешер күн келгени түшүнүктүү болду, бирок мынчалык катуу кетейин дебегем... Аздан соң жаман чапанынын жеңи колтугунан айрылып кеткени маалым болду.

Кара баткакта кимдир бирөөнүн жылаңач колу сойлоп, эрип бараткан карда манжалары тырбалаңдап жатты.

Эми ал эч качан кимдир бирөөгө жамандык кыла албасы көрүнүп турду.

Мен ушундай бир кыпкызыл ысык күндү колума ала алмакмын, бирок мүмкүндүк тууралуу билим кармап калды, анан ушул илим менен эркелетилдим, тойгузулдум, бапестелдим.

Мен, ал тургай, чагылгандуу чек арага чейин барып адамдарды аткыладым, бирок мен аткан окторду кимдир бирөө алаканына чогултуп, чемичкенин кабыгы сымал ары-бери ыргытып салды. Мен эч кимди өлтүргөн жокмун, муну мен так билем, бирок суранчу болсом өлтүргөнгө деле шарт түзүшөт. Эмне кааласам жол беришет.

Кеткен атамдын артынан кууп жетпей калгам.

А эгерде ал кайрылып келген болсо, анда азыр ашыгы менен мага берилгендин баарын бере алышат беле?

Албетте, атамды кууп жетиш үчүн эле азыркы байлыгымдын баарын бермекмин, бирок мени менен эч ким соодалашкан жок, эч нерсени сунушташпады, мында айырбаштоо да жок, бир гана ар кандай кереметтерди алдыга жайышат, аларды өзүмө ыйгарам.

Тандоо жок. Албетте, албай койгонго болот. Бирок ал жактагылардын баарына жетерин көргөм. Анда жоомарт кожоюн отурат, ал эч кимден эч нерсе аябайт, жамандык каалабайт.

...дал ошондо, эсиңердеби баягыда жанагы балакеттүү жашыл акчаларды чөнтөгүмө бөлүштүрүп жатып, жогору жакты караганымда, дал ошол февралдын кара түнүндөгү ысык: «Келесоо, сени ким ким таарынта алат?» — дегенсип бетимен иттин жумшак тилинен бетер жалап өткөн.

Мындан улам чоң залга кайра кайтып келсем баары эле: «Саламатсызбы, тияктагы биздин пушкин бир тууганыбыз, хлестаков бир тууганыбыз кандай, биз сизди жеп-жутмакпыз, бирок анын ордуна ысык жүрөгүбүзгө кыса кучактайбыз», — дегенсип жылмая карашат.

Дароо эле жанагы ачык-айрымдыкты жакшы көргөн жолдошумду таптым да, топчусунан бурчту карай сүйрөп барып, көзүнө карап туруп, бетине айттым: «Мен сенден адам катары, эркек катары, ойлоп тапкычтык, өктөмдүк боюнча, дегеле кайсы жагынан болбосун күчтүүмүн. Түшүндүңбү мени? «Түшүндүм», — деп ал баш ийкеди. «Жогол!» — буйрук бердим, жоголду.

Ооба, эс тарткан адамдын кандай жеңиши болбосун бала кездикинин жанында майда жана күлкүлүү сезилет, бирок эмне кыла алабыз эми?

Анткен менен азыр мен өзүм кандай сөз болбосун чекеме жаза алам, бул өзүмдүн укугум болгондуктан кандай шылдың болбосун туурасынан тепсеп өтөм — аңкоо киши тишиңди этиятта, кимге күлүп жатасың жаман арыңа, сен өзүңдү шылдыңдап жатасың. Аминь.

Көп түстүү шарф менин демиме толгон, андыктан кар бүртүктөрү конору менен эрип кетип жатат, жалганчы февраль сен утулдуң же, балким, уткандырсың, эмне болсо да сен мени баарына үйрөттүң, бирок мен болуп өткөндөрдөн бир дагы бүтүм чыгарбайм.

Эми мен да босогодо турам, балдарым кышкы кийимиме суроолуу көзүн кадашты. Алардын көздөрү ысык.

Каякка баратканымды, канча кармаларымды сурашты.

Эмне кылышты чечүүдөмүн: карабай басып кетсемби? Же артка кайрылып колго алсамбы? Аларга кайсынысы жардамдашат, кантип билем?