Мышык
Өз өмүрүндө Анна Анатольевна канча бир иттерге, эчкилерге, айрыкча мышыктарга ат койбоду дейсиң, санай келсең аларды ойлоп табууга адам күчү жетпей турган. Өңү кандай чыкса ошондой атап таштачу.
Бир жолу туруп-туруп эле эшиктин алдында ургаачы же эркек экени али билинбеген мышыктын баласы пайда болду муңдуу мыёлоп. Кыштын алды эле: жер ачык, ар кай жерде отоо чөптөр көгөрөт, күндүзү күн куйкалайт, бирок ал батып кетери менен же кенедей бир суюк булут басса эле муздак жел согуп, а топурак болсо түн ичинде тоңголок тартып, ак бубак кийип калат.
Так ушундай ичиркенткен кечте келди ал Анна Анатольевнага, келди да үйгө кирүүнү суранды муңдуу жалбара.
Анын кубалап жибергиси келди эле тиги чоочун короого темселеп кирип калган башка мышыктардай болуп качып жөнөгөн жок, босогонун кырында отуруп кала берди. Аны эч чочулабастан жана тартынбай карап турду. Мындайча айтканда, теңтайлаша, бирок оор абалга түшүп калып, көздөрү менен «ырайым кылып койчу» деп сурангансып карады.
Анна Анатольевна ойлонуп-ойлонуп турду да, анан аны желкеден алып көтөрүп көрдү. Мышыктын баласы тамандарын кыпчып салаңдаган бойдон андан көзүн түк алган жок. Эми анын көздөрү: «Мен тазамын, деним сак...» деп айтып жаткан. Анна Анатольевна аны босого таякка коюп, эшикти ачты. Мышыктын баласы үйгө кирди.
Ошондон бери чогуу жашап келишет.
Кепе чоң эле — эки мештүү алты дубалы, күнөстүү жана күн тийбеген салкын капталдары бар. Тегереги кырк сотук жер. Мончо, жайкы ашкана, короо-сарай, кампа, отункана, күнөсканасы жана парниги бар кыктуу огород-жай. Көптөн бери эч кимге, Анна Анатольевнга дагы кереги жок болуп калган албан байлык. Ал тургай бийик босого да анын итиркейин келтирчү — аны менен күнүнө жыйырма жолу чыксаң, эртеси бутсуз каласың деп.
Тууган-туушкандары тарап жоголушту, тели-теңтуштары өлүп жоголушту. Анна Анатольевна ажалын көптөн бери күтүп жүрөт, бирок аны али чакыра элек. Ар бир жаңы күн үчүн ичтен кубанып, ишти өзүнүн короосунан издеп таап алат. Телевизорду бериле көрөт: анда көрсөткөндөрдүн айрымдары менен уруша кетет же айткандарын кубаттап калат, кыйынчылыкка кабылгандарга боору ооруса, уурулар менен бандиттерди кармагандарына кадимкидей сүйүнөт.
Укташ гана кыйын болчу. Чарчаганын, уйку күч берерин, азыр мына капкараңгы түн келерин, андан соң эртең болорун, күн чыгарын жана иш менен аклаксый турганын сезип турчу, бирок арыдан-бери уктап кете алчу эмес. Үргүлөп келатканда эле жаман жана кыйгыл эскерүүлөр каптап келип уйкусу качып кетет. Коюу туман капилет тарап кеткен сымал, эмнени көргүсү келбесе жана кайсылардан сак болуш керек болсо ошолордун бардыгын: ылай-чаңды, мык кагылган тактайларды, учтуу кырларды жана башкаларды жылаңачтай салып жоголуп кетет...
Өткөн-кеткен жамандыктар көп эле болду. Улуулардын чарбачылыгына жардамдашып, иниси менен сиңдисин карап, анан дагы сабак даярдаш керек деп күйпөлөктөп жүрүп балалыгы да байкалбай өтүп кетти. Андан кийин Анна Анатольевна райондогу окуу жайды, шыбакчы-майлоочу кесибин алып кете албасын сездиби, таштап чыгып кетти. Айылга кайтып, фермага саанчы болуп орношкон.
Ошол маалда машина менен сааганды киргизип жатышкан, саанчылар врачтар сыяктанып ак халатчан жүрүшчү; уй сарайлар жалтырата жуулуп, малчылар санитарды элестетчү. Жалпысынан, ал ушул кырк жылга жакын убакытта жакшы эле иштеди. Пенсияга талкаланып-бүлүнүүгө чейин чыгып кетүүгө үлгүрдү. А азыр ферма небактан тартып ээн, уй сарайлардын дубалы гана калган. Упузун, бозомтук, чатыры жок...
Үй-бүлөсү болгон. Үч бала — эки уул, бир кыз. Алар азыр да бар, бирок алардын өзүлөрү деле картайып калышты. Жайкысын адегенде жалгыздап, андан соң келиндери жана күйөө баласы менен, анан неберелери менен келип турушчу кезең, кыясы, биротоло бүттү өңдөнөт. Кээде кимдир бири, бирок биразга эле, көңүлү жок келип-кетет. Милдет болгону үчүн гана. Неберелери чоңойгон, аларга айыл кызыксыз, таза эмес, чиркейлер чагат, даараткана эшикте... Өздөрү менен жаша деп чакырышат. Бирок кайрадан эле, көңүл улап эле го сыягы.
Анна Анатольевна өз үйүн таштап кеткиси келбеди. Тагыраагы, ал эч качан башка жакка биротоло көчүүнү, же узак мезгил бул жерден алыстоону оюна да алып көргөн эмес. Эки ирет облустун борборунда, кичүү уулунда болуп көргөн. Ошол күндөр ушунчалык узун жана бош көрүнүп, ал тургай небере багуу да аны кубанткан жок. Батирде сыгылышып кантип жашашат, элестетип да көрбөптүр. Эртеден-кечке кире бериштин алдын сагаалап отурган же алардын жети кабат үйүнүн короосун шыпырып-тазаламыш эткен кемпир-кесектерге боору ооруган.
«Силерге өз үйүңөрдү, огородуңарды, ар бириңерге беш-алтыдан тоок берсе, — деп өзүнө өзү кеңеш берген Анна Анатольевна. — Антпесе бекерчиликтен улам кеселдеп, же эриккенден жинди болуп кетесиңер го».
Өзү болсо күн сайын ардеме-бирдемелерди жасай берчү. Дайыма эле эмес дечи, кээде гана болбогон бир нерселерди. Бирок билчү: кыймылдабаса — денеси талыкшып, алсыздык тушап алат. Тоок кармачу. Бирде бешти, же жетини. Алардын жемине жумуртканы дүкөндөн же коңшулардан сатып алганга караганда көбүрөөк акча коротчу, бирок ээн тооккананы эч качан элестете алчу эмес. Ар жылы жазында коңшу райондогу тоок фермада иштеген эркектин:
— Тоок керекпи? — деген суроосуна:
— Керек. Алам, — дечү эпилдеп-жепилдеп.
Алган тооктору ар дайым эле арык, дээрлик жылаңач болор эле, кокус кайсы бири жумуртка тууй турган болсо, анысы да даамсыз, сарысы бозомтук бирдемеге окшош чыкчу. Бирок бара-бара таза жем, жаш чөп, Анна Анатольевна огороддон сааттап издеп таап келчү сөөлжандарды жана үлүлдөрдү чокулаган тооктор өзүнө келип жандана башташчу да, ар бири күн алыс жумуштка бере баштачу. Суук түшө баштаган ноябрдын башында кошуналарынын бирине аларду мууздатып алып, жүндөрүн жулуп, жиликтеп бөлүп, ороодогу челектерге тоңдуруп сактап, кийин аны эмки жазга чейин четинен кертип жеп чыкчу.
Бирок анын күчү азайгандан азая берди. Социалдык кызматкерди, жумасына эки ирет келип, азык-түлүк, суу алып берип, бутка чалына өсүп кеткен отоо чөптөрдү жулуп-тазалап, кез-кез районго барып калганда дары-дармек сатып ала келип, светтин акчасын төлөп, телефонго акча салып турчу баягы эле кошунасын, кырк жаштагы Надяны чакырууга аргасыз болду.
Ырас, Анна Анатольевна Надяны көбүрөөк жумшагысы келчү эмес, анын көп иштери акы төлөө менен эле. Анын сандыгынын үстүндө ошол «кошумча кызматтардын» тизмеси тизилип жатчу. Маселен, муздаткычты эритип-тазалоо — 314, үй актагандын бир чарчы метри — 33, кар күрөгөндүн жарым сааты — 67, машинкага бир кил кир жууган — 66, бир сотук огородду сугарыш — 134 сом...
Анна Анатольевнанын акчасы бар болчу — пенсия алчу, сурабаса дагы балдары анча-мынча жиберип турушчу, бирок ал өзү үчүн жууп-тазалап бергидей мырза айым болуп жашагандан уялчу. Балким, ыңгайсыз сезчү чыгар. Же андайды ашачапкан ысырапкерчилик көрчүбү, айтор... Сен үчүн сенин кийим-кечелериңди чоочун бирөө жууп жатса, ушу кантип жарашсын.
Кыскасы, азырынча аларга алы жетет. Кээде чарчоо билбей, талыкшыбай, эрикпей кечке чейин кыбырап жүрө берер эле. Бирок кечкисин... Телевизор менен жарык небек өчкөн, укташ керек, а уйкуң келбейт. Башыңа ар кандай жаман эскерүүлөр сөөлжандай сойлоп кире берет.
Күйөөсү Виктор менен турмушу болбой калган. Кыштактын жарымына угулган кыйкырык-чуу, уруш-талашы жок, баары тынч, суз, балдарга байкатпай болуп өттү. А бул уруш-талаштан да жаман чыгар. Өкүрүшүп, бакырышып алышса, балким, жарашып кетишмек беле... Турмушка чыккандан беш жыл өткөндөн кийин, уулу менен кызы төрөлгөн соң Анна Анатольевна күйөөсү башкага барып жүргөнүн билди. Тагыраагы, ак ниет адамдар шыбырап жеткизип коюшту. Түз айтышкан жок дечи, кыйытып, кыпчытып дегендей. Канча бир убакка чейин ишенбей жүрдү. Анан белди бекем бууду да, күндөрдүн бир күнүндө, дем алыш болсо керек, күйөөсүн аңдып жөнөдү. Кетип атканда бир таанышы жардамдашып кой деди эле (аты эсинен чыгып кетиптир), ошонукуна кеттим деген.
Анын аты Ольга эле, кыштактын аркы четинде жашачу. Тим эле Виктор атайылап өзүнүн үйүнөн алысыраагын тандап тапкандай. Ольга башка жактан — күйөөсү менен келген, анысы көп узабай көлмөгө чөгүп өлүп калган. Эми ал өз жерине кетет деп ойлошкон, бирок ал кеткен жок. Мүмкүн, Виктор аны ошол кезде эле эркелетип калгандыр, кыскасы, ал кетпей калган. Колхоздун ашканасында ашпозчу болуп иштечү.
Ал күнү Анна Анатольевна телеграф карагайынын артында жашынып, күйөөсү тигинин каалгасынан чыккыча күтүп турду. Мына азыр чыгат, мына чыгат деген үмүттө тура берди. Ал чыккан жок. Жарым сааттан кийин да, бир сааттан кийин да. Ошондо ал үйүнө кайтты...
Виктор эртең мененки үрүл-бүрүлдө дегеле шайыр, жапакеч тарта келди да, Анна Анатольевнанын жарпын ушунчалык жалындата жазды деп кой: анын ойнош менен жатып келгение ишеңкиребей кеткен. Ошондон кийин бир топ күн сөз баштоого батына албай жүрдү. Бирок экөө эки бөлүшөр замат башын: — Виктор азыр тигиякта, Виктор ошону менен... — деген ой мыжый баштайт. Ал трактор айдачу, көбүнесе айыл ичиндеги жумуштарга чегерилет, а Анна Анатольевна дээрлик ар убакта фермада — ончакты чакырым алыс жерде...
Акыры айтууга туура келди, а күйөөсү: «Ооба, Ольгага барып жүрөм. Ал мага жагат. Сени дагы жакшы көрөм. Таштап кетким келбейт. Үйдү жакшы карайсың, балдарды сүйөсүң...» деди токтоо гана. Кайраты күчтүү эркектер кандай ынандыра турган болсо, ал да так ошондой ишендирип койду «ушинткенибиз туура» деп. Анүстүнө, ал кезде айыл ичинде мындай «үч бурчтуктар» аз эмес кездешчү. Эркектер менен жигиттер мотоциклден жыгылып каза табышчу, мушташтан мерт болушчу, чөгүп кетишчү, арактан өрттөнүп кетишчү. Виктор дээрлик иччү эмес, иштерман болчу, шеринеге келгенде жигиттин гүлү Шаймерден болуп кетчү тимеле... Эң башкысы — балдарды аябагандай жакшы көрчү. Ошондуктан Анна Анатольевна кызганыч деген куурагырын куу чөп менен бууп туруп, кысчу жерине кыпчыды да: «ээ, мейличи, ушинтсе ушинтели» деп колун шилтеп тим болду.
Бирок ошол күндөн тарта күйөөсүнө болгон сүйүүдөн кол жууп калды. Ал мыйзам менен бекитилген паспорттогу штампта жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнө басылган мөөр түрүндө гана өкүм сүрдү. Төшөктө ал мурдагыдай кумарланбайт, калп эле кылыктанып коюш — уят, эгер сүйсөң, жападан-жалгыз жалбарары сен экениңди билсең, анда кеп башка...
Ошентип жыйырма жыл жашашты. Беш жыл сүйүшүп, жыйырма жыл жөн эле чогуу жашашып...
Виктор ооруп-сыктабай бат эле өлүп калды. Бир айдын ичинде шыргайдай арыктап, бардыгына көңүлкош, түнт тартып кетти. Көбүнчө эңкейип, бүктөлүп отурчу. Ичинде болуп жаткан коркунучтуу бир нерсени күтүп жаткандай көрүнчү.
Анна Анатольевна доктурга барып текшерилбейсиңби десе: «азыр өтүп кетет» деп силкинип койчу. Өтүп кеткен жок. Уктап жатып өлүп калды. Сөөгүн шаарга алып кетишти — жымжырт кепе ичинде машинаны кантип күтүп отурганын эстегенде жүрөгү оозуна кептеле түшөт азыркыга чейин, — союп текшерүү зарыл экен. Ал али карый элек, болуп-толуп турган кези эле. Кырк жетиде болчу. Дээрлик иччү эмес, чылымды аз чекчү...
Көрсө, ашказан рагы экен. Врачтар Анна Анатольевнадан таң кала сурашты:
— Эмне, эч качан даттанган жок беле?
— Жок, — деп жооп узаткан ал. Ошентип ал ичинен күйөөсүн бир чети аяп, бир чети жини келген ушинтип кеткенине. Мүмкүн, сактап калмак. Эми минтип үч бала менен жалгыз калды. Улуусу жаңы эле армиядан кайткан, техникумду бүтүрүшү керек, анан бутуна тургуча да узак убакыт бар. Кызы пединститутка өтүп кеткен, кичүүсү сегизинчи класста окучу. Өзгөчө, өзүнүн Ольгасын таптакыр таштабай койгонуна жинденди. Өлүп баратканына карабай, жумасына эки ирет сүйрөлүп барып турду, капырай!..
Ольга сөөк коюуга келди. Казылган көрдөн обочо турду, табытка топурак сала баштаганда бат басып келди да, ал дагы топурак ыргытты. Анна Анатольевна чыдап көтөрдү муну. Жыйырма жыл чыдаган, эми эмне?.. А балким, ага бирдеме берип койгон чыгар, ашказандын рагы жөндөн-жөн эле жабыша бермек беле? Же акырына чыгайын деп канча бир жылдап чөп-чар, дагы бирдемелерди берип жүрсөчү?..
Ал күйөөсүнүн ошол кылыгы үчүнбү, анын өлгөнүнө анчалык деле күйүп-муңканган жок. Айрымдарчылап ыйлап-сыктабады. Кээ бирөөлөр маркум күйөөсүнүн мүрзөсүнө түшө жаздап жыгылышып, же мүңкүрөп отуруп, мындайча айтканда, анын артынан кете бергендер да болгон. Бирок мындайлар жаштар же карылар арасында болор эле. Анна Анатольевна анда кырк бештен өтүп, күйөө катары эркектин ага анчалык деле кереги жок болуп калган. Виктор өлгөндөн бир жыл өткөн соң уюн сатып ийишти, үч чочконун ордуна бирөө гана калды. Жалпысынан, көп узабастан ыңгайлашып, ыза менен күйүт өчүп тымыды.
Улуусу жайын тапты: жакшы жарга үйлөнүп, өзгөрүү-менчиктештирүү деген балакетке жетпей эки бөлмө батир алууга үлгүрүштү. Кызы турмушка чыкты, анысы да дурус неме көрүнбөйбү, Анна Анатольевнаны сыйлап-урматтачу, айылга келип калганда колуна кол, бутуна бут болот. Кичүүсү деле жаман чыкпады. Баары келип-кетип турушчу. Ошентип отуз жылы жалгыздыктын, ыза-күйүттүн жана уйкусуз түндөрдүн түйшүгүн көп тартпады.
Мал-жандуу болчу — эчки, чочко, тоок, кээде беш-алты каз, бир нече коён, ит, анан албетте, мышык кармачу. Балдарынын же кошуналарынын бири суук түшкөн маалда семиз малдын бирин союп берчү. Анна Анатольевна жазда кайра башкасын алып койчу: анысы каткан нан, ар убакта ашыгы менен алынчу сабиз-капусталар, картөшкөнүн майдасы жана башкалар менен акталып калат. Иттер менен мышыктар жашаар жылын жашап, өзүнөн өзү өлүп жок болушчу да, алардын ордуна күчүктөр менен мышыктын балдары пайда болушчу өзүнөн өзү эле.
Кийин чочко, эчки, коён, андан ары каз, андан соң, атургай, тоок бакканга алы жетпей калды. Мурдаагы жылы огородунун четине чынжырда жатып өлүп калган ити Тёмканы эптеп-септеп көөмп, мындан ары күчүк бакпайм деп чечкен. Былтыр болсо Сарыкеси өлүгүн көрсөтпөй жоголуп, мышыгынан кол жууду. «Жатып калсам, алар ачка калышпайбы, — деп актанган өзүнө өзү. — Надя болсо күндө эле келе бербейт эмеспи».
Эми минтип ошол Сарыкеси кайтып келип олтурат. Кыязы, ал аны ошол кышта сактап калды. Тагыраагы, ага кам көрүү Анна Анатольевнага кышты кыштап чыгууга көмөкчү болду.
Ал өзүн малга камкор жан катары эсептечү эмес — мышыктар анын көңүл бурушуна муктаж болушчу эмес, сурашпаган дагы. Нандын жумшагын ыргытып, кээде идишине сүт куюп койсоң болду. Мышык деген өзүн өзү багат — мынакей полдун тешиги турат го, анын астында чычкан деген толтура, эгер чычкан жок болсо тиги тешиктен мал сарайга, чөп сарайга, ээн калган уй сарайга чык, аякта таранчылар кара таандай жайнап жүрөт. Бирок бул мышыктын баласын Анна Анатольевна кичинекей баладай карады. Өзү эмнени жеп жатса ошону менен — тооктун эти менен, сыр менен, бууга бышкан колбаса менен, шорпо менен тамактандырат. Надяга дүкөндөн эмне сатып келиш керек деген кадимки тапшырыкка мышык азыктары кошулду. Социалдык кызматкердин адегенде оозу аңырдай ачылып калды, а кийин кубанычтуу баш ийкеп:
— Макул, жарайт. Көрдүм. Сизге кургагынанбы же тиги, пакеттегисиненби?
— Анысын да, тигинисин да ала бер. Көрөбүз, кайсынысын тандаар экенин.
Мышык аны ыраазычылыгы менен актачу. Кепе ичине сийип-чыччу эмес, полдун астына кирип кетчү, а мүмкүн короого чыгып жүргөндүр. Шыйпанып-сүйкөнбөчү, эгер Анна Анатольевна креслодо телевизор тиктеп отурса бутуна чыгып алып сүртүнүп койчу. Ошондо гана ал:
— Мейли эми, чык, — деп уруксат бечү.
Ал дароо секирип чыгып, курсагына оролуп жатып калчу. Ошентип кичинекей жылыткыч сымал акырын мыёлоп коёр эле.
Бир жолу, ал кадимкисиндей эле уктай албай ооналактап жатканда керебетке абайлап чыкты да, бутунун аягына жатып алды. Анна Анатольевна аны кубалап жибергиси келди — мышыкты керебетке жаткыруу деген эч качан болгон эмес, бирок бул ирет анткен жок. Сарыбайдын мур-мур эткенин тыңшап жата берди да, уктап кетти.
Ошондон бери ал анын жанында уктайт, ал эми башка жерге жатып калса ал аны өзү чакырып алат.
—Кел, келегой, мага өзүңдүн ырыңды ырдап кой.
Сарыбай ошентип койсо тимеле шыйпаң-шыйпаң этип курсагына ыктап, анан көкүрөгүнө, баш жагына жылып отурат кырылдап, мыёлоп. Анысы Анна Анатольевнага өзүн аяп, дарылап жаткандай туюлат...
Ошентип алар кыштан чыгышты. Бала мышык кадимки мышыкка айланды. Чымыр денелүү, кымча белдүү жаш мышык. Жүндөрү тимеле мом каптап койгондой жылтырайт.
— Бу да болсо тоок эти менен каймакка тойгондуктан, — деп биресе жактыра бербей, а ырасында ыраазы боло баа берген Анна Анатольевна. Сарыбай буга белин толгоп, куйругун булгалап жооп кайтаргансыйт.
Жер кургаганда ал короого чыгып, дубалды, чакаларды жыттагылап кепенин тегерегин өздөштүрүп жаткансыды. Кез-кез күнөстөп үргүлөгөн болот. Ал жанында болгондо Анна Анатольевнага да жеңил, иштегени шайдоот тартат, анткени ал өзү үчүн гана эмес, мышыгы үчүн да аракеттенип жатканына шүгүр кылат.
— Мүмкүн неберелерим келип калышаар, ошондо алар сени менен ойноп жыргашат, — деп сүйлөнүп калчу Анна Анатольевна. — Менин неберелерим жакшы балдар.
Токтой калып, ичинен кайсы небереси канчада экенин эстеп санап калат. Улуу небереси жыйырма үчкө чыгып калды, а калгандарынын бири он беште, дагы бирөө он экиге толду... Бойго жетип калышыптыр. Демек, чөбүрө көрүүгө деле жакындап бараткан тура. Ошону күткүсү келип кетти, жалгыз өзүнүн кара башы үчүн эмес, Сарыбайды сылап-сыйпап, аны менен алаксышы үчүн...
Тосмонун ичин өздөштүрүп бүткөн соң, мышык көчөгө башбага баштады. Анна Анатольевна башында аны токтотуп калчу, эшикке чыкпа деп иттер жана тентек балдар менен коркутчу. Анын бул сөздөрүн мышык түшүнүп коёт бекен? Аны дайыма эле кепеге камап отурмак кайда? Ал деген кайсы бир жыйырма кабаттуу шаардык эмес, айылдык мышык эмеспи.
Адегенде Сарыбайдын сейили кыска болчу, а кийин бир саат-бир саат жоголуп, түшкү тамактан куру кала баштады. Ошентип жүрүп түнөбөй да калчу болду. Анна Анатольевна түн киргиче босогого улам чыгып карап, чакырды, коңшу көчөдөгү иттердин үргөнүн, кубалашкан мышыктардын ачуу үндөрүн тыңшады, ошондо ага Сарыбайды тытып-жулмалап жатышкандай сезилди.
Ал шүмшүк таңга маал тешиктен култ этип кирип келди. Табагындагы тамакты узакка шалпып ичип, жуунуп-тазаланды, андан соң керебеттин четине кулап, кечке уктады. Кечинде курсакты чандайта тойгузду да, полдун астына сойлоп кирип жоголду.
— Ай, сен кайда? — деп сурады Анна Анатольевна ыйламсыраган үн менен. — Ансыз деле, мына, жүнүңдүн баары кийиз болуп, мурдуңду тыттырыпсың. Эми көзүңдү чукуп салышсын. Үйдө эле отур.
Сарыбай аны: анте албайм, барбасам болбойт дегендей кечирим сурагансып карады.
— Мен сени жакшы мышык болот го деди элем, а сен, көрсө, тентек турбайсыңбы. Ай-а-ай!
Эми соцкызматкер Надя менен бардык баарлашуулар мышык тууралуу жүрчү болду. Надя анын даттанганын унчукпай угуп, кадыресе жылмайып койчу, балким ал да өзүнүн карыганда ушинтип кимдир-бирөөлөргө сүйүктүү мышыгын даттанып каларын элестетип өкүнүп турган чыгар, анткени анын дагы далайдан бери күйөөсү жок, балдары шаарда окушат, кандай деген менен экөөнүн тагдыры окшошуп кетет бир чети...
Күзгө жакын Сарыбай эки-үч күн, кээде жумалап таптырбай кетчү болду. Анна Анатольевнанын чый-пыйы чыга тынчсызданчу, күтчү, кыжыры кайначу. Ал жокто ага канча каргыш айтып тилдебеди, а келип калганда болсо — ушунчалык сүйүнүп, сылап-сыйпап, колуна алып эркелеткиси келчү (ырас, ага күчү келчү эмес), идишине болгон-күткөн таттууларын жайнатчу.
Эң кызыгы — жазында жана жайында ачка, уйпаланып, тытылып келчү мышык эми ар дайым ток кайтчу болду: жүндөрү тимеле жалап койгондой тысыраят.
— Ии, аң уулаганды үйрөндүңбү? — деп сурачу Анна Анатольевна. — Баарын жеңип чыктыңбы? Эми көзүр болуп жүрөсүңбү?
Сарыбайы көздөрүн ыракаттана ойноктотуп, катуу кыңылдап койчу.
Акырындап ал мышыгынын бир топ күн жоголуп кайтканына көнүп кетти. Бир жума үйдө, албетте, айлана-тегеректи бир-эки тинтип келмейи менен. Эмне экен, мышык менен итке эркиндик керек ошондой. Суук түшсүнчү, өзүнөн өзү токтойт... Ошондо баягы Сарыбайы ар дайым өзү менен бирге болгон кечтерди эстечү, аны аяп, кападан арылчу. Ансыз мурдагысындай эле уктай албай кыйналчу.
Жайында кичүү уулу биразга келип кеткен. Аны-муну оңдоп-түзөп, огородко кол кабыш кылды. Мышык кармап алганын кубаттады.
— Ит да багып алсаң болмок экен, — деди.
Анна Анатольевна колун силкти:
— Кайдагы ит... Кээде түшкө чейин эшикке чыга албай калам, ал ошого чейин ачка жатсынбы?
— Бу жерден кетишиң керек экен. Жалгыз жаман да.
— Андан көрө сен биякка, таза абага келсең боло.
— Мен сүйүнгөн бойдон эле келет элем. Пенсияга чыгып алайынчы, анан учкан бойдон жетем биякка.
— Мен сенин пенсияңа чейин жетпейм го.
— Көрөбүз, апаке, кесир сүйлөбөчү...
Дагы бир кыш келди. Кезектегиси же акыркысы. Жалдап алган кишилер кайыңдын карагайларын ташып келип, дөңгөч кылып араалашты, аларды кертип жарышты, отунду Анна Анатольевна менен Надя отунканага жыйышты. Анын бири алыска ташып жүрбөш үчүн босогого жакын дубалдын жанында эле, беркиси тээ мончонун катарында.
Сарыбай таптакыр жара албай коюшкан дүмүрдүн үстүнө чыгып алып, иштин жүрүшүн байкай кез-кез көздөрүн ымдагылап отурду.
— Мынакей, эми кожойкеге жылуу болот, — деп калды Надя. — Тамандарын үшүтүп эч кайда баруунун зарылдыгы жок.
Бирок ал басканын токтоткон жок. Суук дагы токтото албады. Мурдагысындай эле жумалап жоголчу, анан жумалап үйдө жатчу. Ошентип Анна Анатольевнанын эсин оодарды. Ал аны урушчу, аячу, улам бир таттуу тамагы менен сыйлачу. Эч бири жардам берген жок...
Өзүнүн тосмосунан чыкпай жүрүп жапайы болуп кетпейин деп, кез-кез дүкөнгө чыкчу.
Узак, аябагандай тыкыр камынчу. Жылуу, бирок кийими кыспагыдай кийинчү. Анын далайдан бери кийилбей турган жакшынакай тону бар эле, ийиндери түшүп, бели бүкүрөйүп, буттары тартылып, кийип көрсө шөлбүрөп калыптыр. Кызы мындан беш-алты жыл илгери туртуулаган тыбыт кофта жарады. Анна Анатольевна адегенде: муну кийип кайда бармак элем, мындай кызыл-тазылды жаштар кийсе жарашат деп албай жаткан. Ал эми азыр маңдайы жарыла кудуңдап калбадыбы...
Ошентип февралдын ортосунда, күн ушунчалык жарык жана салкын тийип турган маалда үйүнө отура албай огородунда бирдеме кылымыш этип алаксыган соң барууга камынды. Абалы ага жол берди.
Узун кармагычы бар кездеме баштыгын алды, анысы ийинге илип койгонго ыңгайлуу. Кепенин эшигин бекитип, калитканы жапты. Издеп жүрбөй бат таап алыш үчүн учуна оор бурама байланган ачкычтарын чөнтөккө салды. Анан жөнөй берди.
Айылдын жалгыз эле көчөсү бар, ал түптүз бойдон коңшу айылга, андан ары районго чейин кетет. Андан бурулуштар менен туюк көчөлөр бутактанат. Көпчүлүк үйлөр ары-бери өткөн машиналардын чаңы менен ызы-чуусунан качып жолдон алыс жайгашкан.
Анна Анатольевна ушундай, узун бурулуш жолдун түпкүрүндө, андан ары жайыт жаткан аяккы үйдө турчу. Бир кездери ушул жайытта алардын эчкилери, музоолору менен уйлары жайылып жүрүшөр эле. Ээн-жайкын кенен жер. Эми болсо...
Сак-саламат кезинде дүкөнгө он мүнөттө дүкүлдөп жетип барчу. Даттаныш күнөө болот го... Кыбырай басып, жеңил дем менен келатат. Аба салкын, а күн ысык тийип турат. Таман алдында кар кычыр-кычыр этет, бирок чилдедегидей эмес, акырындан, күрткүдөн чыгып жаткансып. Бутактарда таранчылар кажы-кужу, кашаанын кырына конгон сагызган келаткан кишини көрө сала шакылыктап баштайт. Анысы чочугандай эмес, кубанычтуу чыккансып угулат. Атургай жанынан өтсөң да уча качпайт. Балким, кандайдыр белек күтөт өңдөнбөйбү кургуруң.
— Берем, берем, — деп кобуранат Анна Анатольевна. — Кайра келатканда берем. Дүкөнгө баратпаймбы... бирдеме сата келермин.
Ал кичинекей кезинен бери өзү билген, узун жоон жыгачтан тургузулган дүкөн азыр жок. Токсонунчу жылдардын ортосунда жаап салышкан, анан жергиликтүү элдер аны кайра ачылбайт болуш керек деп сыртын сыйрып, терезелерин чыгарып, шыйпырын сууруп кетишкен, беш жыл мурун калганы өрттөнүп кетти. Кандайдыр бир издерин суутуш үчүн атайылап өрттөп ийиштиби же келесоолук менен кылынган иш болдубу, эч ким иликтеген да жок, кызыгып да коюшпады. Ошондон бери акырындап чөп басып, ар кай жерде күйүктөрү карайган бойдон жатат.
А бул дүкөн болсо илгери айылдын борбору болчу. Бул жерде көптөн бери көрүшпөгөндөр узакка сүйлөшүп турушчу, айылда деле бир айлап көрүшпөгөндөр арбын болот, ар киминин өз иши, өз түйшүгү бар демекчи — жаңылыктарды угушчу, сууктан жылынышчу, кээде тартыш товарларды, көбүнесе тек гана нандын келишин күтүп турушчу, ушул жерде чака, чайнек, кийим-кечек, самын-сумун, чарбага керектүү майда-чүйдөлөр да сатылчу.
Азыр айылда бир эмес, үч дүкөн бар. Баары менчик. Кичинекей, тар, товарлары аз. Эл майда-чүйдө нерселер үчүн деле шаарга чабышат: аякта тандоо кенен, баасы да арзан.
Анна Анатольевна бирдеме-сирдеме сатып алыш үчүн гана эмес, ошону менен бирге айылды көрүп, кокус бирөө-жарым кезигип калса божурашып чер жазыш үчүн чыккан.
Акыры көрдү. Ал тууралуу ойлогондон саксактап, канча жыл көрбөгөнүн көрдү болгондо да. Аны ойлогондо ызасына чыдабай ыйлап жибергиси келчү эле. Баягы Ольганы көрдү.
Ал да жай каалгып келатат, ийининде баштык, колунда таяк. Ал бараткан дүкөнгө баратат. Анын артында — Сарыбай. Анын, Анна Анатольевнанын мышыгы. Куйругун түйүп, буттарын тигинин изи менен буйдалбай шилтеп, момпосуй берем деп убада кылган бөбөктөн бетер дегеле компоюп болбойт.
Бирок, мүмкүн, ал эместир? Анна Анатольевна чакырып көрдү:
— Сарыбай! Мый-мый!
Мышык сүйүнүп кетти, ал тургай аны карай секирчүдөй болуп токтоду. Андан соң Ольганын артына шынаарлап калды.
— Кайдагы Сарыбай? — деп сүйлөндү Ольга оозуна таш чайнап алгансып булдурап. — Бул менин Витусям.
— Эмне-е? — Анна Анатольевна чок баскандай секирди. — Ви... Ушуга кантип батындың, ыя?.. — деп мышыгын карады. Ооба, ал Сарыбай эле. Эми алдастап калган түрү бар: кулактары тикчийип, а муруттары дароо шалпая түшкөн. — Сарыбай... Сарым, келегой мага...
— Койчу ай, бул менин мышыгым, — деди Ольга башын толгоп.
— Сен... — Анна Анатольевнанын каары бетине чыга түштү. — Сен мени, желмогуз, күйөөмдөн ажыраттың өмүр бою, эми бул калдыбы? Айбан десе!
— Фу! — деп Ольга аны итче тыйды. — Таптакыр айнып калгансың го. Бул менин мышыгым. Экинчи жыл болду.
— Менде да эки жыл болду. Анан качып кетет... Кайда качат деп жүрсө?.. Эми баары түшүнүктүү. Көрсө сен ушундай турбайсыңбы, албарсты!
— Сен өзүң жин тийген албарстысың. Витуся, жүрү, кеттик алтыным...
— Сарыбай, кел бери. Келегой, садагасы.
— Витуся... — Ольга эптеп эңкейип аны бооруна алайын деди. Ал ойт бере секирди. Алдастай бирде муну, бирде тигини карап турду да, күрткүгө кирип кетти. Андан ары тосмого чыга качты. Жакын арада ит жогун текшерип бираз токтоп турду да, кимдир бирөөнүн тосмосунун артына түшүп жоголду.
Кемпирлер жалгыз калышты.




