Кереметтин жана капанын жылы
(повесттен үзүндү)
<...>
Жаңы эле уктагандай болгом, апам менин ийинимден тартып, тармал чачымдан сылады.
— Тур балам! Балыкка барабыз деп сага келишти!
Мурда өмүрүмдө бир жолу да ушунча эрте турган эмесмин, бирок бүгүн уйкум канбаса да ыргып туруп, шашкан бойдон шымымды кийе баштадым.
Ушул таңда Байкал адам ишенгистей таптакыр башкача мемиреп турду, кечээ да жээги жылтылдап тептегиз болуп, дымырап тыптынч эле, анткени бул көл болгондуктан кичине эле желаргы соксо суунун бети чыбырчыктап, шамал токтоп калса да майда жыбырлар узакка удургуй берет эмеспи. Бүгүн да ушундай болду. Байкал бүтүндөй көпкөк болуп, биз жээкке чыкканда түштүктөн түндүктү карай жал-жал толкундар жүгүрүп келип жатты.
— Култук (Култук булуңунун атынан, Байкалдагы түштүк-батыштан соккон шамал. — Котормочу.) болот экен! Бул жакшы! — деди Юра, ал эми анын киномеханик агасы макул болгонун билгизип башын ийкеп койду.
Биз темир жолду бойлоп бара жаттык, жолдо Юра мага Байкал жөнүндө көп нерселерди айтып берди, буларды адам Москвада жашаса да билиши керек экен, анткени башка Байкал эч жерде жок жана болбойт дагы.
— Култук болот! — деп кайталады Юра.
Жакында толкундар түштүктөн түндүктү карай жүрө баштайт. Бул болсо балыкчылар үчүн абдан жакшы, анткени толкун балыкты жээкке айдап келет. Келгенде да хариус деген тереңде жашаган чоң балык келип, жээкти байырлап калат. Анткени толкун жээкке урунуп, бычок деген балыктын чоң таштардын астындагы икрасын үзүп-үзүп жиберет. Андай балыкты Света кечээ колу менен кармап алган. Бычоктун ургаачысы арсак-терсек таштардын коңулдары менен сүзүп, капталы менен жогору карай бурулуп, икрасын ташка чачат. Чачканда да башка чоң балыктар жебеши үчүн жээктеги таштарга чачат. Балыкчылар болсо ушул икраны чогултуп алышат, туздашат, ныкташат жана аны менен хариуска ууга чыгат. Бул икраны жегенге болбойт. Даамы жагымсыз жана ачуу.
Биз көпкө бастык. Бардык жер суу жана жээктин бардыгы эле таштуу болгондуктан, кайда баратканыбызды түшүнгөн жокмун.
Аркы өйүздөгү жээк көрүнгөн жок, ал жакта коюу тумандын учу сууга тийип жатты же мага ушундай сезилди. Биз бараткан жээкте суу жалтылдай баштады. Мен буга түшүнгөн жокмун, анткени толкун болбой суу мемиреп тыптынч болучу. Бир гана кочкул-көгүш майда чыбырчык чайпалып турду. Бирде жээкке урунуп, кайра тартылып, кээде такыр эле каралжын тарта баштады. Шамал токтогондо суу кайрадан асмандын өңүндөй болуп көгүлтүр тартты.
Биздин жаныбыздан поезд өтүп кетти, ал өтүп кеткиче темир жолдун боюнда турдук. Шакылдаган үн чыгарып, чуркап өтүп жаткан вагондорго кол тийгизсе болгудай аралыкта турдук.
Темир жол жээкти бойлой ичке аскалуу тилке менен өтөт экен. Анын үстүндө асманга чейин түптүз кете бергендей көрүнөт. Поезд өтүп кеткиче кырдалган топурактын четинде туруп, башымды жогору көтөрүп, асканын бийиктигин карадым. Мага анын бийиктиги бир нече чакырым сыяктуу сезилди. Анткени асканын чокусу бизге көрүнгөн жок, ал биз турган жердеги жантайманын артында
калган эле.
Андан кийин бир аз жүрүп, шагылдуу колот менен көлдүн жээгине келдик. Ал жерде зор кой таштар өтө эле көп экен. Эки жерде суунун үстүндө темир жолдун эки шпалы ташка кыпчылып сороюп чыгып турган. Мындай жер лава деп аталат. Бул жерде чуңкур, башкача айтканда таштын түбүндө тереңдиги сегиз-он метр болгон аңгек бар. Мындай жерлер жээкке жакын болуп, толкун болгон учурда хариустар сүзүп келишет. Аларды мына ушул учурда кармаса болот.
Биз сууга жеткенде толкун башталды. Толкун анча бийик эмес эле, жал-жал болуп, кыйгачынан жээкти карай биринин артынан бири түрүлүп келип жатты. Толкун шарпылдап бутубузга жаба берип, ташка тийгендери жаркылдаган көбүк чача бүркүлүп жатты.
Юра менен агасы мурда балык уулаганы келгенде таштын арасына катып койгон өтө узун кайырмак жыгачтарын таап чыгышты. Витя байкеники жети метр, Юраныкы беш жарым метр экен. Кайырмак жыгачы темир түтүктөр менен бириктирилген бир нече таякчадан куралыптыр. Алар экөө тең икра-жем салынган баштыктарын ийиндерине арта салып, кайырмак жыгачын асманды карай сунуп, суу болгон ичке шпалдардын ортолоруна киришти. Ал жерде кайырмак жыгачы жок тура алышмак эмес. Кайырмакка жемди илип, кайырмак жибин мүмкүн болушунча алыс ыргытышты. Кайырмак жыгачын белдерине такап, куштун узун канаты тагылган калкыгычты тирмейип тиктеген боюнча катып калышты. Калкыгычтар толкунда бирде артка, бирде алдыга термелип турду. Балык кайырмакка илингендей болгондо мен бир нече жолу селт этип кыйкырып жибердим, бирок балыкчылар кичине да кыймылдап койбостон орнотуп койгон таш эстеликтей болуп тура беришти. Алар бул жерге эмнеге келгенин унутуп калышса керек деп да ойлоого болот эле.
Хариус — асылзат балык, ал эми окунь менен карась болсо жеткен келесоолор, алар берген жемди курсагына чейин жутуп алып, мына эми мени тартып ал дегенсип калкыгыч менен кайырмак жибин чоюп тартышат. Хариус адегенде куйругу менен кайырмактын сабын чаап сындырганга аракет кылат, ошондон кийин гана абдан ачка болсо өтө сактык менен эрдин тийгизип жеп көрөт. Калкыгыч бул учурда бир аз гана кыймылдайт, мына ушул учурда кайырмакты булкуп тартып ала коюш керек. Эгерде колуңда жети метрлик кайырмак сабы болуп, кайырмак жиби алты метр тереңдикке түшүрүлсө, хариус жемин ооздон чыгарганга үлгүрө электе, эрдин жырып албас үчүн акырын тартып алуу абдан к
ыйын!
Андан дагы балыкчылардын шпалга жабышып катып калганы да кызык!
Кайырмак сабынын жоон учун белине такап, ичке жагы калкыманын үстүндө салаңдап, сол колун сол бөйрөгүнө таянып, бир аз артка чалкалап кыймылсыз тура берет. Балык илингенде дароо тартып алууга даяр турганы гана болбосо, текеберденгендей жүзүндө көңүл коштук байкалат. Ал эми шпал ташка бекем кыпчылып турса да бут алдында ыргалып, толкун бутка улам-улам согуп турат. Эгерде балык түшкөнү байкалса, кайырмакты дароо тартып алып, кайырмак сабын бооруна бекем кысып, хариусту сол колу менен кармап кайырмактан чыгарып алып баштыгына же жээкке ыргытат. Кайырмакка кайрадан жемди илип, кайырмак сабы менен алыска сунуп, кайырмак жибин кайрадан сууга салат. Ушул учурларда тең салмакты сакташ керек, бутун кыймылдатууга, кайырмак сабын чалп эттирип сууга ыргытууга болбойт. Хариус коркуп качып кетиши мүмкүн. Икра кайырмакта аз эле болуш керек, эгер бошураак илинсе кайырмактан чыгып кетет, бул учурда жемди кайрадан илүүгө туура келет.
Мен балыкчыларды он мүнөттөй байкап туруп, алардын эмгегине баа бердим. Ташка жөлөнүп отуруп дагы бир нече мүнөттөн кийин көзүм илинип кетиптир, түшүмдө бир чоң балык эки таштын ортосунан башын чыгарып, оозун ачып «Балыкчы уктап калды!» деп катуу айтты да, каткырып күлдү.
Ушул учурда бир нерсе мени курсакка чапты, мен ыргып туруп, балыктын куйругун көрдүм. Юра жана Витя байке күлүп жиберишти.
— Уктап калыптыр! — деп кыйкырды Юра.
— Кургак отундарды чогулт! От жак! Балыкты куйкалап жейбиз!
Витя байке кургак отунду кайдан чогултуш керектигин көрсөттү.
Мен от жаккыча жээкке сегиз балык — килейген хариустар биринин артына бири ыргып келип түштү. Витя байке айткандай ар бири эки фунттан кем эмес экен.
Андан кийин балыктын кайырмакты тартканы токтоду. Балыкчылар кайырмак сабын таштын үстүнө коюшуп, жээкке чыгышты. Балыкты башкача ыкма менен куура башташты. Балыкты гезитке ороп, оттун чет жагына коюшту. Бир аздан кийин кайра алышса, гезит бир аз гана саргарыптыр, кайсы бир жерлеринде тамгалар көрүнүп жүрөт. Балык болсо эң сонун куурулуптур. Эми аны туздоо гана калыптыр.
Балык куурулуп, биз аны жедик. Эми дагы толкундун болушун күтүп отурдук. Ушул учурда мага Витя байке Байкал жөнүндө эң сонун аңгеме айтты. Култук толкуну, Баргузин толкуну, аскадан бак-даракты жулуп сууга ыргыткан Сарма шамалы, түндүктө болуучу Ольхон аралы тууралуу кеп салды. Байкалдын Ангара сулуу деп аталган жалгыз кызы болгону, ал өзүнүн сүйгөн жигити Енисейге качып кеткени, ал эми Байкал ыза болгонунан анын артынан барып аскадан ыргытып жибергени, азыр дагы Ангара башталган жерде суудан көрүнүп калары жөнүндө айтып берди.
Мен жомокту угуп, көкүрөгүм кандайдыр бир уйгу-туйгу болуп калды. Ал мага айтып бергендердин бардыгы мурда мен эчактан бери эле билгендей, бирок унутуп калганымдай таасир калтырды. Ошентсе да бардыгы ал айткандай болгонуна ички туюмум каршы болду. Жердин аталышы да, кыздын аты да ошол окуядан аталып калганы негедир көңүлүмө төп келген жок. Мен эч нерсени эстей албай койдум, бирок каршылык көрсөткүм келип турду...
Андан кийин Витя байке төмөнкү ырды ырдады:
Кылымдарды карыткан,
Илгери өткөн заманда.
Болгон тура көгүш тоо
Азыркы Байкал ордунда.
Суу түбүнөн байкалат,
Андан калган калдыктар.
Кай бир жерден көрүнөт
Өтө эле зор жар таштар.
Суудай болуп шар аккан,
Ал кез өтүп кетиптир.
Балыкчылар кеп салган
Уламыш бизге жетиптир.
Улантып келет унутпай,
Урпактары алардын.
Ким биринчи айтты экен,
Ушул тарых баянын....
Ошол мезгилде толкундар биз отурган ташты жаба берип, толкундун шарпылдагынан бири-бирибизди уга албай кыйкырып сүйлөшүп жаттык. Экинчи жээк ачык көрүндү, ал жактан мен учтуу чокуларын кар баскан, Витя байке айткандай биздин тоолордон бийик тоолорду көрдүм. Ошол жээкке чейин кырк чакырым экен, мага андан да көптөй көрүндү. Оң жагыбыз да, сол жагыбыз да даана көрүнө баштады. Эки тараптан тең суу асманга чыгып кеткендей же асман сууга түшүп калгандай болуп, горизонт бүлбүлдөп гана көрүндү.
Толкундар бирин-бири түрткөнсүп, бирин-бири шаштыргансып түрмөктөлүп келип жатты, алар бирин-бири кууп жетип шарпылдап ташка урунуп, жээктеги чачылып жаткан майда таштарга жайпай кайра артка сүрүлө берди. Ошондо суу кайнагандай болуп көбүктөнүп, иримге айлангансып жатты. Жээкте шамал болбой тынчып турду. Шамал көлдүн ортосунда болуп, ошол жерден толкун башталып, толкундар жээкке чейин сүрүлүп келип жатты.
Балыкчылар кайрадан шпал турган жерлердеги өз орундарын ээлешти. Толкундар шпалдарга жаба берип балыкчылардын тизелерине чейин жетип, күрпүлдөп-шарпылдап улам ургулай берди. Аларды өтүктөрү да сактап кала алган жок. Витя байке күткөнүнө жана ишенгенине карабастан кайырмакка балык түшкөн жок, жарым сааттан кийин үмүтү үзүлгөн балыкчылар жээкке чыгышты. Өтүктөрүндөгү сууну төгүштү, шымдарын сыгышты жана кайырмак жыгачын катышты.
Жаккан оттун күлүн сууга чачып, биз жээктеги кырга кыйынчылык менен өрмөлөп чыгып, үйдү карай жөнөдүк.
— Биз балык жөнүндө эмнелерди билебиз, — деди Витя байке, — биз аларды апылдатып жегенди гана билебиз! Биз аларга карата деги эмне жасашты жана камкордук көргөндү билбейбиз! Кайырмакка балык түшкөндө кайырмак жибин булкуп тартканын гана билебиз! Дагы кандай себептер бар экендигин дегеле билбейбиз. Мүмкүн дагы бир аз күтө турсак болмоктур... Эми ушуга да каниет
кылалычы!
Ал балык салынган баштыгын ийинине ыргытып койду, баштык оор болуп анын каруусуна түштү.
<...>
Ошол мезгил жаңгак бышкан учур болчу, балдар бир нече күндөп Байкалдын жээгинен көрүнбөй калып жатышты. Алар келгенде колдору карарып, жаактарында, чекелеринде, атүгүл моюндарында да кара чайырдын тагы бар эле. Чайырды керосин же бензин менен жууп койсо оңой эле кетмек, бирок балдар кедр жыгачынын чайырын кетиргенге шашкан жок. Балдардын бардык чөнтөктөрү жаңгакка толтура болчу, ал эми жээкке келип от жагышканда негизинен жаңгак жөнүндө гана сөз кылышчу. Бирөө кедрди бир муштаганда эки жүз тобурчак түшкөнүн, анын ону башына тийгенин айтып мактанчу. Барган сайын бир урганда түшкөн тобурчактардын саны беш жүзгө жетти, балдар бири-биринин желкелерин ачып, тобурчак тийгенден тытылып калган жерлерин суктануу менен карап жатышты.
Кимдир бирөөнүн жыгач балкасы даракты урганда сынып кеткенин, экинчиси жыгач үйү түнкүсүн өрттөнгөнүн, дагы бирөөндө суусар түнкүсүн бардык тамак-ашын ташып кеткенин, кимдир бирөө үңкүрүнүн жанынан аюунун изин көргөнүн айтып жатышты.
Мен аларга кызмат кылып, тынч гана угуп отурдум. Бардыгы бири-бирине жаңгак берип, кимдин жаңгагы жакшы куурулганын айтууну талап кылып жатышты. Мен болсо жаңгакты чакканды билчү эмесмин. Балдар жаңгактын кабыгын туурасынан тиштеп алып салып, мен бирди чаккыча алар уучу менен эле экиден жаңгакты бири-бирине такап карсылдата ондон чагып жиберишти.
Жүк салган мүшөгүмдү жонума асынып, кедр жаңгактары өсүүчү жерге алып бара турган Тайганын тар жолу менен жолго чыгар күн да келди. Алдымда Светанын атасы Сережа байке, Юра жана анын агасы Витя байке, менин артымда Света келе жатты.
Ичке жол имерилип, ийри-буйру болуп, бирде жогору карай кетсе, бирде төмөн карай түшүп, бурулуштарда жок болуп кетип жатты. Баратканыбызга эки саат болду, бирок чарчаган жокпуз, абдан кубанып бара жаттым. Анткени апамдан сурануу оңой эмес эле, эгерде Сережа байке болбосо апам мени жибермек эмес. Биз бир түнөп келээрибизди билгенде апам менин чабалдыгымды, узак жүргөнгө чыдабастыгымды, түнкүсүн суук тийип калуу мүмкүндүгүн, мурунку ооруп калганымдан дагы эле жөнүгө албай жүргөнүмдү айтып мени такыр жибергиси келген жок. Дагы көптөгөн туура эмес жана ашыкча сөздөрдү айтты. Бирок ошондой болсо да, азыр мен ичке тар жол менен келе жаттым, бир топ узап кеткендиктен мени эч ким артка кайтара албайт эле.
Биз эртең менен эрте али караңгыда чыктык, адегенде, атүгүл, жол да жакшы көрүнгөн жок. Байкалдын таңкы суук шамалы артыбыздан кууп жетти. Андан кийин жерге жарык кирди, анан аркабызга күн тие баштады, айланадагы чымчыктардын чуру-чуусу кулагымды тундуруп таштады. Улам арылап барган сайын айлана жымжырт болуп, токойдун ичи караңгылаша берди. Кедрлер аябагандай көп экен, анын шактарында да, чокусунда да тобурчактар салаңдап турат. Ушул жерден эле көптү жыйнаса боло тургандай, анан эмнеге алыс баратканыбызга түшүнбөдүм. Светадан сурасам, ал кытылдап күлдү:
— Ушул дагы кедр дарагыбы! Ар биринде болгону ондон тобурчак! Бир жума ургулап араң түшүрөсүң!
Жолдон бизге көптөгөн кызыктуу, тааныш эмес, түшүнүксүз нерселер жолукту, бирок биз «иш менен» бара жаткандыктан токтогонго жана таңыркап караганга убакыт болгон жок. Өзгөчө дөбөлөнүп үйүлгөн кумурсканын уюктары, тамыры менен суурулуп кулаган кедр дарактары таң калтырды.
Көп жолу ичке тар жол экиге айрылып кетип жатты, ушундай эки айрылыш жолдун биринде Сережа байке бара жатып мага кыйкырды:
— Көрдүңбү!
Ал бизден сол жакты карай кеткен ичке жолду көрсөттү.
Биз бутактардан жана шыргыйлардан жасалган чоң жыгач үйгө келдик. Чай кайнатып ичип, ишти баштадык. Биз эки топко бөлүндүк.
Юра агасы менен бир тарапка кетишти, ал эми биз Света жана анын атасы болуп башка тарапка кеттик. Сережа байке балта менен чоң кайыңды кыйды, кичинекей араа менен бир метрлик жыгач кесип алды. Анын ортосун кыйгачынан оюп жиберип, ушул оюкка узун таякты уруп киргизди. Чоң жыгач балка болуп калды. Ал ушунчалык оор болгондуктан, мен аны көтөрө албай койдум.
Света экөөбүз бирден мүшөк алдык, ал эми Сережа байке жыгач балка менен биринчи эле жолуккан кедр дарагын сөңгөккө ургулады. Кедр дарагынан тобурчактар жабалактап түшө баштады. Айрымдары ышкырып үн чыгарып, дарактын түбүнө түшсө, кээ бирлери секирип туш тарапка кетип жатты.
— Жыйнай бер! — деп кыйкырды Света.
Мен бактын түбүнө эңкейип, жерди сыйпалап, беш тобурчак таптым. Сережа байке даракты дагы бир жолу сокту, жаңгактар менин жонума тийип, мен кыйкырып чөпкө жыгылдым. Света боорун тырмап күлүп жатты! Мен ага жакындап барсам, анын мүшөгүндө элүүдөй тобурчак бар экен.
— Бул абдан оор жумуш турбайбы! — дедим мен. Сережа байке улам-улам даракты согуп, мен тобурчактарды тергенге караганда аларды чөпкө аралаштырып көбүрөөк тепсеп жаттым. Света болсо эч нерседен коркпой, бактан түшкөн тобурчактардын бардыгын тере берди. Тобурчактар башына, ийнине дабырап түшө берди, ал болсо кыйкырып, чыркыраган үн чыгарып, кээде каткырып күлүп коюп тере берди. Мен анын бети-башы оорубаганына таң калдым. Мага болгону үч жолу тобурчак тийди, башым каңгырап, колум абдан ооруду. Колумду көтөрө албай калдым, кыр аркаман жарака кеткендей сезилди...
Дайыма эңкейе бергендиктен белим зыңкыйып катып калды, буттарым дагы шилтөөгө келбей, чөпкө кирип кетип атты. Ал эми чөптүн астында таштар бар экен, таштар бутумду бирде кыпчып калса, бирде буралып, тайгаланып кетип жаттым.
Тобурчактарды биз бир жерге үйдүк. Бирок улам жер которуп тургандыктан, алыстап бараткандыктан, аларды кийин кантип табабыз деп ойлодум.
Бут шилтөөгө шайым келбей, алым кетип калган учурда Сережа байке Света экөөбүздү жыгач үйгө барып түшкү тамакты даярдай бербейсиңерби деди. Ошол учурда Света: «Кеттик!» — деп кыйкырды. Мен көзүмдү ачып-жумуп кайсыл тарапка басарыбызды да элестете албадым. Света мени айылга бараткан жол менен ээрчитип жөнөдү. Көрсө жакын эле жерде экен, анткени биз жыгач үйдү тегеренип эле жаңгак чогултуп жүрүптүрбүз. Биз түшкү тамакты даярдагыча Сережа байке менен Витя байке тобурчактарды жыгач үйгө ташып келе башташты. Алар мүшөк менен көтөрүп келип, төгүп таштап кайрадан кетип жатышты.
Света жасаган сорпону жыргап ичип алдым, үйдө апам жасаган сорпону дегеле иччү эмес элем. Баарын түгөтө ичебиз деп ойлогон эмеспиз. Андан кийин чалкаман жатып дароо уктап кетиптирмин. Мени ойготуп, тургузушту, биз дароо иштегени кеттик. Баарынан таң калыштуусу түштөн кийин жеңил иштедим, анткени иштегенди үйрөнүп калыптырмын. Тобурчактар түшкөн жерди байкап, алар дабырап түшкөндө башы-көзүмө тийүүчү соккусунан качкандын жолун биле баштадым.
Кеч кирип келатканда бизди кайрадан кечки тамакты жасаганга жөнөтүштү. Бул дагы мен ойлогон учурда болду, анткени аябай чарчаган элем.
Эркектер тобурчактарды ташып келип жатышты, алардын алып келгени өзүнчө эле тоо болду. Андан кийин куурап калган бактарды жыгышып, жыгач үйгө ташып келишти. Түнү бою от жагып, тобурчактарды тазалашыбыз керек болчу. Жыгач үйдөн чоң брезент алып чыгышып, аны жерге төшөштү. Ошол жактан ар кандай көзөнөктөрү бар темир такта алып чыгышты — бул элек болучу. Отту дуулдата жактык.
Андан мурдараак тиштей кылып арсак-терсек арааланган чоң дөңгөчтү көргөн элем. Ушул тишчелерге тобурчактарды коюп, дагы ошондой тишчелери бар чакан тактай менен бир урганда эле тобурчактардын кабыктары аарчылып жатты. Үйүлүп жаткан тобурчактардын бардыгын мына ушундай кылуга тийишпиз. Андан кийин жаңгактарды үч элек аркылуу элеп, аягында жаңгактарды көзөнөгү жок темир тактага коюп отко ысытышыбыз керек.
Байкелер менен Юра тобурчактарды тазалашты, ал эми Света экөөбүз электи жайып, жаңгактарды эледик. Бул жумуш абдан кызыктуу болгондуктан кеч кирип, түн кирип баратканын да байкабай калдым. Тобурчактар дагы эле азайбай, тоо болуп үйүлүп жатты. Ошентсе да ал азая баштаганда Юра бизге кошулуп элеше баштады, биз кыйла жеңилдей түштүк. Таза жаңгактар салынган биринчи такталарды отко койдук. Жаңгактар күйүп кетпес үчүн мага аралаштырып турууну тапшырышты. Бирок жаңгактар кызара күйүп, тарсылдап жарылып, кабыктары бетке чачырап жатты.
— Жаңгак кандайча алынаарын эми билип калдыңбы? — деди Сережа байке мага. — Мындан кийин келгиң келбейт болуш керек!
— Келем! — дедим мен уялыңкы үнүмдү араң чыгарып.
Бардык иштин аягы болот эмеспи. Биздин ишибиз да аягына чыкты. Таза жана куурулган жаңгактарды котелокторго жана мүшөктөргө салдык. Менин оор жүк көтөрө албасымды билишип, мага төрт котелок беришти. Светага да төртөө тийди. Ал эми Юрага алтоо тийди, ага көбүрөөк болуп калгансыды. Мен Юрага караганда алсызыраак элем, бирок эмне үчүн Света менен бирдей берип коюшканына түшүнбөдүм. Бирок аларга айткан жокмун.
Сережа байке менен Юранын агасынын мүшөктөрү абдан эле оор болучу, аларды кимдир бирөө кыймылдата албайт го деп ойлогом.
— Эми уйкубуз канганча уктайбыз! — деди Сережа байке.
Жыгач үйдө эски болсо да, жыртык эмес жууркандар, ал түгүл шапкалар бар экен. Байкал тайгасында түнкүсүн суук болот, мен аны мурда эле билчүмүн.
Улуулар оттун жанына жатышты. Ал эми үчөөбүздү жыгач үйгө жатасыңар дешти. Юра дароо эле үйгө кирип кетти, биз Света экөөбүз оттун жанында бир аз олтура туралычы дедик.
Түн абдан караңгы болду. Эки жагымды карап, айланабыз өтө эле коркунучтуу экенин байкадым. От биз отурган жерди гана жарык кылып турду, эки кадам басканда эле караңгы башталып, андан ары тааныш эмес жана коркунучтуу көлөкөлөр көрүнүп, укмуштуу дабыштар, үндөр чыгып жатты. Асманды карасаң кедрлердин баштары асманга тийгендей болуп, асман башыңа түшүп кетчүдөн бетер жакын эле жерде тургандай сезилди. Караңгыда ар кандай кыймылдар көрүнгөнсүп, бизди кимдир бирөөлөр айланып басып жүргөндөй болду. Ошондуктан оттун жанынан чыккым келбей, улам ага жакындап отурдум.
— Абдан коркунучтуу бекен? — деп шыбырап сурады Света. Мен кымыйып, мага баары бир сыяктанып сыр билгизбедим.
— Мен дайыма түнкүсүн корком! — деп мойнуна алды Света. Мен дагы макул болуп башымды ийкедим. Чынында түнкүсүн суктанарлык эч нерсе жок болчу.
Бардыгы уктап калышты, биз дагы эле отту карап отуруп, ар кандай түнкү дабыштарды уктук. Мен үрөй учурган караңгы жыгач үйгө баргандан корктум. Оттун жанынан эч кайда барбайм дедим. Чапанга оронуп, тиштүү дөңгөчкө жабышып отуруп, уктап кеттим.
<...>
Байкал күзү жалбырактарды түркүн түскө боёп бүтө электе суук түшүп, кар жаап салды. Кар кайра эрип кетти, бирок гүлдөрдү үшүтүп, эки күндө эле шылкыйып калды.
Капчыгайда жаан жаадырбай суук шамал аркырап жүрүп турду. Байкал удургуп толкуп жатты. Ал күн ачык мезгилдегидей көгүлтүр болбостон бозомтук тартып чаңдап, үстү көбүктөнүп, жал-жал болгон чоң толкундарга айланып каралжын тартып кетти.
Байкал күзүнүн экинчи жарымы — жылдын эң эле көңүлсүз мезгили. Муздак жамгыр, суук шамал, сүрдүү жана муздап бараткан деңиз.
Экинчи жолу жааган кар эриген жок, бул кыштын башталышы. Капчыгайдагы агып жаткан суулардын же майда өзөндөрдүн жээктерине муз тоңуп калганы болбосо, сууктун күчү анча катуу эмес, суу таштан ташка урунуп күрпүлдөп агып жатат. Ошондой болсо да бир күнү эле эртең менен карасаң аккан суу жок, жылтылдаган муз басып калган. Шаркырап аккан суунун кыймылы токтоп, үстүн муз басып калганы мен үчүн таң калыштуу болду. Бирок бул жерде шаркыратмадагы суунун агымы бир аз жайлагансып калгандай, ташка чачыраган суулар дагы чоң акак таштай болуп агарып көрүнөт, ал эми таштарды жалтылдаган катмар жаап калыптыр. Бирок жер астынан чыккан булактар өзөндү соолутпай, бир аз убакыттан кийин муздун көп жерлери көөп чыкты, андан кийин муз жарылып, тос каптап, суу муздун үстү менен жайылып ага баштады. Муз чор болуп калыңдай берди, балдар бул муздун калыңдыгы жазга чейин бир жарым метрге жетет дешти. Эгерде суунун тереңдиги муз тоңо электе тизеге да жетпесе, анан ушул сөзгө кантип ишенсе
болот!
Бардык жерге кыш кирип келди, тоо капталдарындагы карагайлар менен кедрлердин ийне жалбырактарынан башкасынын бардыгын кар басып калды, ийне жалбырактар болсо жылуу мезгилдегидей жапжашыл болбостон, ак түстүн фонунда каралжын тартып турат.
Байкал гана күн жаркырап тийген күндөрү өзүнүн көгүлтүр түсүн сактап, жээктери агарып көйкөлүп жатты. Толкун бир жээктен экинчи жээкке удургуп, жээкти бойлото жүрүп, Байкал үшүгөндүктөн жылыныш үчүн толкуп жаткансыды. Байкалдын жээгиндеги сайроондордо чокмороктошуп тоңгон муздар агарган мурутундай сойлоп кетсе да, деңиз дагы эле тоңбой суукка каршылык көрсөтүп жатты, ал эми сууктун деңизди бүт тоңдуруп салууга күчү жеткен жок.
Эми балдарда коньки тепмей деген жаңы кубаныч башталды. Конькини жоон боо жип менен чокойлоруна таңып, жекшемби күнү керээлди кечке тебишчү. Ушуга чыдаган жипке да баракелде! Чокойдун сыртын конькиси менен бирге бир аз суулап, андан кийин карда бир аз кармаганда коньки чокойго жабышып, жиби менен кошо тоңуп калчу. Бутка оор болуп калганы менен, коньки буттан чыгып кетпей бекем болот.
Жалама асканын өзүнөн Байкалдын жээгине чейин капчыгайдын бардык ээн жаткан жерин муз каптаган. Биз кокту менен жүрүп отуруп эки айрылышка чейин бардык, ал жерден төмөн карай токтобостон муз тээп түштүк. Биз кээде муздун жаракаларына туш болуп, жыгылып калган учурларыбыз болду. Тоголонуп, оонап-соонап атып туруп, жаракадан өтүп, кайрадан коньки менен Байкалдын жээгине чейин зуулдаган боюнча жеттик.
Үч тактай таап, экөөнү конькинин арт жагына, бирөөнү алды жагына коюп, бири-бирине бекитип жасалган буюмду рулевушка деп аташчу. Ага бир нече адам жатып алып, Байкалды карай капчыгай менен «учуп» жөнөшчү.
Кечкисин жана жекшемби күндөрү капчыгай балдардын ызы-чуусуна толуп чыкчу, бул ушул айылдын жашоо-турмушундагы эң эле бака-шакалуу жана көңүлдүү мезгил эле.




