Мен эгерде кайра туулсам Чыгышта...
* * *
Мен эгерде кайра туулсам Чыгышта,
Уучундагы кулу болуп Аллахтын...
Болбойт таакыр азгырып көз кысышка,
Түндөрү ысык, катаал болот ал жактын.
Сыйынсаң да жакшы — чечип бут кийимиң,
Алтарь болуп, храм болуп бүткүл үйүң.
Анда сени шыктантышат жеңишке,
Анда сени үмүттөнтөт бейишке.
Көчөлөрүн сүймөктүрмүн Багдаддын,
Жип сыяктуу бир-бирине чаташкан.
Же болбосо тасмасына Синбаддын
Тартылмакмын биринчиден-алгачтан.
Түштөрүмдө Мекеге умтулмакмын
Кара көзүм ала албастан ал жактан.
Улукбектин жылдызын карамакмын,
Көрмөкмүн же аксак ханды боз атчан.
Сени дагы кайра баштан көрмөкмүн
Каяктандыр, балким Шираз калаадан.
Кара тору жүзүңө көңүл бөлмөкмүн,
Кусалуу бир үмүт менен караган...
Уу сызылып араптын жазуусунда,
Жашоо ыйык, адилет күрөш жүргөн.
Жашыл желек куштай калкыйт асманында,
Азап тартуу жыргалдыр сени менен!





