Апрель

Суу шылдырын өмүрдө көп уктум мен —
Оргумадан атып чыккан кезинде.
Көлмөлөрдү көрккө бөлөп каштан-гүл,
Көөлгүй жапса — от кирүүчү сезимге.
Асман жактан түшүп жылдыз... калдактап...
ажырашуу тургансычу эсинде.

Өмүр бою өлүмгө айттым келем деп,
Апрелде жакындадым... тааныштым...
Муз баскан да, Күн жаркыган жылдын бул
Айы минтип алсырады, карыштым.
Боз чалган бир айнек артын баамдасам —
Арман улам ырын созду жарыктын.

Бир жыл өттү... Балким, бүткүл өмүрдө
Колдондум мен жылмаюуну темирден.
Добушу жок коңгуроону коштоп тур
Ак кайыңдар, карагайлар керилген.
Асылдыгы ушул тура адамдын —
Акыл-эси менен барып жеңилген...