Державиндин ырын окуп көпөлөк...
* * *
Державиндин ырын окуп көпөлөк:
«Мен — куртмун! Мен — Кудай!» деп кайра да,
Канат күүлөп учат анан көкөлөп,
Жаман курттан кооз жандыкка айлана.
Ооба, ырас, биздикинен артыкча
Негизи бар сыймыктанып көрктөнөөр.
Отту айланып ойкуп-кайкып салтынча,
Акыр бир күн канаты да өрттөнөөр.
Балким, анын жакындыгы Кудайга —
Куртка ынак болгону деп угамын.
Бизден артык батып санаа, убайга,
Сагынат ал куурчакча кез убагын.





