Жаз
Мынакей ал. Мынакей ал.
Тынч туралбай муз жарылса тарс этип
ташыйт дайра көккө учпай аз жерден.
Көлкүп, мөңкүп толкуган суу шарп этип
Нагатиндин кылаасына жаз келген.
Өрт өчүргүч машиналар уңулдап
тятя! тятя! деп боз балдар чурулдап
элейип ит, карга, эл да турат-эй,
муз жарылып кучагынан бошотту:
сууга чөккөн биринчи өлүк мынакей.
Мынакей ал.
Түпкүрүнөн чамбыл-ала ылайдын
жынсы күрмө чыкты этеги түрүлүп,
өлүк сууга бүтүп калган мүлжүнүп,
чачка балыр, таштандылар илинип.
Нагатиндин кылаасына жаз келген.
Жүзү да жок, өтүк да жок бутунда.
Кең дайранын дал ортоңку тушунда
шаты артынан шаты улам созулуп
өрт өчүргүч шашылууда озунуп.
Чай-чуй этип балдар шаңдуу чуулдаган,
сестендирет күн күйгөнү туулгадан —
о, буйтап кет, эрип кеткин, ары кет —
өрт өчүргүч деге менен тинтүүдө,
шаты ийилди, сынбаса экен балакет!
Мынакей ал! Тарт күрмөдөн! Көтөргүн!
Онтогон жаз шаңданганы билинип,
төбөсүнөн кудуңдаган көп элдин
илгичтерге асмандата илинип,
каалгый сүзүп барат ал.
Тынч туралбай муз жарылса тарс этип
ташыйт дайра көккө учпай аз жерден.
Көлкүп, мөңкүп толкуган суу шарп этип
Нагатиндин кылаасына жаз келген.
Өрт өчүргүч машиналар уңулдап
тятя! тятя! деп боз балдар чурулдап
элейип ит, карга, эл да турат-эй,
муз жарылып кучагынан бошотту:
сууга чөккөн биринчи өлүк мынакей.
Мынакей ал.
Түпкүрүнөн чамбыл-ала ылайдын
жынсы күрмө чыкты этеги түрүлүп,
өлүк сууга бүтүп калган мүлжүнүп,
чачка балыр, таштандылар илинип.
Нагатиндин кылаасына жаз келген.
Жүзү да жок, өтүк да жок бутунда.
Кең дайранын дал ортоңку тушунда
шаты артынан шаты улам созулуп
өрт өчүргүч шашылууда озунуп.
Чай-чуй этип балдар шаңдуу чуулдаган,
сестендирет күн күйгөнү туулгадан —
о, буйтап кет, эрип кеткин, ары кет —
өрт өчүргүч деге менен тинтүүдө,
шаты ийилди, сынбаса экен балакет!
Мынакей ал! Тарт күрмөдөн! Көтөргүн!
Онтогон жаз шаңданганы билинип,
төбөсүнөн кудуңдаган көп элдин
илгичтерге асмандата илинип,
каалгый сүзүп барат ал.




