Ооруканада
Жараңкалуу бул бөксө идиш эгерде
Талкаланса, — жаным, кайда болмоксуң?
Ак тозокто кеселинен чочушкан
Ар ким менен палатада жолдошмун.
Денедей эч шордуу жок бул жарыкта.
Артыгы жок Кудай берген кеселден,
чекке жеткен болбой канча алышсаң,
шай оодурган, уйку кетпей бечелден.
Сени аябайт түнөргөн бул дарак-бак,
жаап жаткан кар терезеден көрүнгөн,
баары башка. Каталкада тарактап,
Коридор бул узагыраак өмүрдөн.





