Львов базарында алжыган чал скрипач...
* * *
Львов базарында алжыган чал скрипач
же күлдүрөт, же чыгарат көздөн жаш.
көрүнбөгөн скрипка, үнсүз күү ойнолот,
Чал баланы карап алып ойлонот.
Зыяны жок макоо дешет чөйрөдөн:
Скрипкасын, таягын да эч ким көрбөгөн.
Ал жакында жоголуп, кырк жылдан соң жана да
сырдуу ошол скрипкада ойноп берет балага.
Чал балалык түштөн түшүп келет түз,
музыкасы жок дүйнөгө скрипка да керексиз.
Бирок кетпейт: чалга эми дүйнө-мүйнөң баары бир,
сол ийнинде көрүнбөгөн аспап менен жаны бир.




