Сенби, сен — адам-данек мартабалуу?..
* * *
Сенби, сен — адам-данек мартабалуу?
Жалгыз, бир ойдон эле жайнап чыккан,
жатат дейт ойдун сенде канча кабы!
Мен, сен, ал сыяктанган миллиондор
менсинген убакытты тешип бирок,
кум сымал чууруп жатат — ири долбоор!
Ырларды ырдап эмне кыласыңар?
Кулакка токтобостур бир да бүдүр,
Кулжуңдап турса мезгил-жыласыңар...
Кана, ким түшүндүрүп берет муну?





