Сенби, сен — адам-данек мартабалуу?..

* * * Сенби, сен — адам-данек мартабалуу? Жалгыз, бир ойдон эле жайнап чыккан, жатат дейт ойдун сенде канча кабы! Мен, сен, ал сыяктанган миллиондор менсинген убакытты тешип бирок, кум сымал чууруп жатат — ири долбоор! Ырларды ырдап эмне кыласыңар? Кулакка токтобостур бир да бүдүр, Кулжуңдап турса мезгил-жыласыңар... Кана, ким түшүндүрүп берет муну?