Дарак мына, үй алдында гүл ачты...
* * *
Дарак мына, үй алдында гүл ачты,
жапырт жарык жандыргандай жарк этип.
Түн шуудурайт жашыл болуп, көк болуп,
жумшак шамал жалбыракты терметип,
ары чуркайт, бери чуркайт шоктоно —
майда назик бариктерди ушалап,
шуулдайт тынбай чарк айланып октоло,
жарыкты үйлөп, көлөкөнү кубалап,
түндүн түпкү тамырына жете үйлөп.
«Бул да өтөт, көрө турган күнүң көп,
гүл ачкан соң — өлүм келбейт, жай келет»
деп даракка айтат шамал күүлдөп.
Анан уруу санжырасын, китебин
шуудуратып кайра артка барактайт.
Уч жагында — көрүнбөгөн эркиндик.
Өмүр болуп гүлдөп турган даракты айт.




