Саат

1

Сааттар туура жүрүшү керек.
Сааттай так жүрүшүң кажет:
Болсо да балчык,
Калбастан сылтып,
Калбастан тынчып,
Калбастан тантып,
Жүргүнүң саатча:
чык-чык
чык-чык
чык-чык
чык-чык
Бул сааттык тактык!

Капыстан
Бузулуп калыптан,
Жаңылып ыргактан,
Башкача,
Башкача
Саат жүрүп баштаса,
Чык-чык дебей,
Кытырап ичинен
Чоңдон же кичиден,
Кадам таштаса,
Бузула баштаса
Сааттарча так, таза
Чык-чык этпей,
Үн чыгарып башкача!

Ошентип,
сааттын ичиндеги
так жүрчү тетиктери
башаламан жасап,
бузушса жүрүшүн,
тактабай иштешин.
Анда саат сыртындагы
кантишмек жебелери
көрсөтпөгөн бир, төрт, эки,
алтыдан соң беш дегенди.

2

Сааттын тетиктеринде
секунддарды кармаган,
мүнөттөрдү жоошуткан,
убакытты башкарган
адам орун алган.

Антпесе эмне болот?
Эркиндикти берип көргүн,
зуулдайт мүнөттөрүң
секунддардын айтып болбойт
зымырап жүгүргөнүн,
эч кармай албайсың,
эмнесинен кармайсың...

3

Айтты акын аял убакыт учканын,
айтпады кайда учуп баратканын,
негизгиси каяктан келатканын.
Мына кырсык —
чуркайт убакыт