Көпөлөк
Чарчабастан далдаланып
көз ирмемде чынында
өлөрүңдө кармап алып
камап салдым ырыма.
Сен ырымда шейитсиң да.
Кутулдуң сен кош оттон:
жаркыраган бейиштен да,
отко салган тозоктон.
Түбөлүктүү кылдым сени,
түнгө күлүң күбүбөй.
Тырпырап сен тордо эми
күн көрөсүң тирүүдөй.




