Көпөлөк

Чарчабастан далдаланып көз ирмемде чынында өлөрүңдө кармап алып камап салдым ырыма. Сен ырымда шейитсиң да. Кутулдуң сен кош оттон: жаркыраган бейиштен да, отко салган тозоктон. Түбөлүктүү кылдым сени, түнгө күлүң күбүбөй. Тырпырап сен тордо эми күн көрөсүң тирүүдөй.