Түнт токой бул эргитип да, кейитчү...

* * * Түнт токой бул эргитип да, кейитчү, Глинканын башын жазып даңкталган Кудугу бар бет тоңсо да — эл иччү сууда калкып музу дайым сакталган. Токой барктуу көк шыпырып шуулдап. Күн кызарып сапарынан кайтканы сур булуттун арт жагынан мулуңдап, жебелеген соңку нурун сарптады. Эмне көрдүк биз ошондо кабылып? Кытмыр күлүп эркин ойлуу элдери, чиркөөдөгү коңгуроосу кагылып, биз үчүн бир атты чегип бербеди. Киш тонуңдун астынан сен кыспадың сунган колун псковдук бир мырзанын. Мен дүкөндөн чекушка алып чыккамын, анан жүдөп жөө-жалаңдап жылгамын. Сен окшодуң оруска эмчек энедей, Салт боюнча төш жагы тар тирелген көйнөк кийип, тегиз болуп телегей, жараткандан жалгыз нерсе тиленген: сак кайтарып канзааданын бешигин, суук тийбесин, уктабайын деп эле... Күн батканы кызартып үй эшигин, короо-жайды өрттөчүдөй дегеле.