Стрельна

Качандыр сүзгөн элең Стрельнада,
Эми ал жакка барбайсың бир да басып.
Ал азыр агып калган тайыздана,
Жээгинде жашоо наркы баштан ашып.

Кыздар менен ойногонсуң, эстедиңби?
(Антсең кырк жыл мурунку кез эстелет).
Азыр тиги соройгон кимдин эстелиги?
— Ал кифаред*-мусагет**-дорифор*** атлет...

Андагы шарапкана азыр сүрөткана
Жана бар айкелкана, китепкана —
Булар эмес жөнөкөй бир дарыкана
Кире берчү ар бир пенде жөн жай гана.

Мас курсант жок, дайын жок кыздардан.
Короосунда кароол турат, тартип, этика...
Табылар жарты тыйын чөнтөгүңдү аңтарсаң,
Эч нерсе жок, колуң кирет жыртыкка.

_______________
* Байыркы гректердин лира сыяктанган кифар аспабында ойногон музыкант.
** Байыркы гректердин Апполон кудайынын бир аты. Аны искусство менен музыканын
кудайы катары эсептешкен.
*** Эркектин үлгүлүү бой-тулкусун чагылдырган эң байыркы айкел. Поликлеттин колодон
куюлган бул эстелик-чыгармасынын түп нускасы азыркыга чейин сакталган эмес,
болгону байыркы сөз түрүндөгү чыгармаларда сүрөттөлөт.