Шуудураша жалбырактар күбүлүп...
* * *
Шуудураша жалбырактар күбүлүп,
Кабат үйдө ырдайт нени кылкыяк.
Көчө жакта жарашыксыз кийинип
Кайталангыс акын барат, ким туят.
Эрдемсинген жигит бойлоп көчөнү,
Бийкечи бар макоо чалыш кичине.
Акын эске түйүп койду экөөнү,
Кымтыганга ырларынын ичине.
Трубинкада чоң дүкөнгө киргенде
Сатуучу кыз Лена окуйт көзүңдөн.
Кызык мазмун кылт дей түштү билгенге —
Жакшы кабар жанга бальзам сезилген.
Жерге түшкөн жалбырактар даттанбай,
Куудулданат шуудурап бут алдыңда.
Акын келет сар-санаага баткандай,
Аз көрүнүп агылган жол тагдырга.
Коркунуч не, жасалмалуу пас тура,
А кылкыяк таттуусу калп үнүндө.
Мономахтын бапагындай Москва
Ээнсиреп түнт ноябрдын күнүндө.
Шуудураша жалбырактар күбүлүп,
Кабат үйдө ырдайт нени кылкыяк.
Көчө жакта жарашыксыз кийинип
Кайталангыс акын барат, ким туят.
Эрдемсинген жигит бойлоп көчөнү,
Бийкечи бар макоо чалыш кичине.
Акын эске түйүп койду экөөнү,
Кымтыганга ырларынын ичине.
Трубинкада чоң дүкөнгө киргенде
Сатуучу кыз Лена окуйт көзүңдөн.
Кызык мазмун кылт дей түштү билгенге —
Жакшы кабар жанга бальзам сезилген.
Жерге түшкөн жалбырактар даттанбай,
Куудулданат шуудурап бут алдыңда.
Акын келет сар-санаага баткандай,
Аз көрүнүп агылган жол тагдырга.
Коркунуч не, жасалмалуу пас тура,
А кылкыяк таттуусу калп үнүндө.
Мономахтын бапагындай Москва
Ээнсиреп түнт ноябрдын күнүндө.




