Кескелдирик
Кавказ аары балчелеги байыр алган коңулда
кан тамырдай көшүлүңкү аккан суунун боюнда
ырсайып да, жыртайып да, көрчү, чапчаң басканын,
кылт-кылт этип жылт койду го жылчыгына асканын.
Кара үңкүрдө суу тамчылап тунук кварц үрпүнөн,
халва сындуу үбөлөнөт таш катмары түркүн өң.
...Кескелдирик эске салды келе турган күндөрдү:
капчыгайда дөңгөч калып кычыраган үндөрдү,
балтыр эти толуп анык, булчуң күткөн убакта
ал жырткычтын таманын өөп толкун келип турат да.