Өткөн учур менен мени кыйнаба...

* * *

Өткөн учур менен мени кыйнаба,
Убактым жок таптакыр.
Мезгил болсо кара үрөндөй
Чоң энемдин тамагында калкыды.

Катаал эле алжапкычын кармалап,
Тамак же дейт көп тамак жеп өскүнүң
А мен анда кичинекей жалгыз да
Кашыгыма толо тамак үйөмүн.

Жегим келбейт ушул берген тамагын.
Мен үчүн көп бул тамакты а бирок.
Түгөтө же, деп жанымда турат да
Кыйгачынан тийген мага нурга окшоп.

Жегин тамак, оку анан чоңоюуп
Сен да аял болосуң дейт чоң энем.
Жеп бүтмөйүн эшике да чыкпайсың
Кичинекей күрөшчүлүм берекем.

Ишенсин деп тамагыма үңүлөм.
Жапыз идиш тамак үстү көрүнгөн.
Шакекчелер майда майлуу тегерек
Түбү болсо коркунучтуу өңдөнгөн.