Сыркоо тамда ким шаттанып жыргасын...

* * *

Сыркоо тамда ким шаттанып жыргасын,
Айкырган кеч: «Ат бер мага, ат бер!» деп.
Карманарым калганы жок, кымбатым,
Күмөнү көп күндөр эмне апкелмек.

Саргайыңкы чөптө тамак сууп турат.
Кудай өргүп, Мекенди уйку баскандай.
Чайнек дарга асылгансып кыркырап,
Менин жиним кайнап анда жаткандай.

Саясаттын салтанатчыл жайы бар,
Алдап элди, адаштырды жолунан.
Болушунча тыйпыл кылды аюулар,
Тыйпыл кылды келишинче колунан.

Үйлөр бошоп, куурап калды жөн эле,
Күз бейкапар, баштагыдай мөмөлүү.
Бул кыштакта тирүү жан жок дегеле,
Өлгөн баары, жаным, сенден бөлөгү.

Таң заарынан кантип таптың сен мени:
Ушак-айың сөздү койбой тоотуп,
Свитериң кийипсиң го тескери,
Шапкеңди да, башыңды да жоготуп?

Али жашсың, азап тарткың келеби?
Мен жеңилип, бүт баарынан жадагам.
Бул дүйнөнү жек көрөмүн мен эми,
Аны жаппа өзүң менен, садагам!