Варшава. Жашыл майрам

Белов куят, Штокман сөз талашып...
Варшавада аптекалар жабылган.
Жашыл майрам. Ичкиликке жол ачык.
Маршалковдо кызуу жандар кабылган.
«Шопен үчүн!..» Бош орун жок басканга,
Костёлдо* окшоп кафеде эл тикчийип.
Канча НЛО түтүн толгон асманда,
«Соплицаны» ичпей коюш — итчилик!

Бул — Ружевич, Галчинский, Тувимби
Кереметин жазган жашыл сыранын?..
Эске салсам кызыл байрак кезимди,
Мен ичкенде тик турчу эле кулагым.
Кызыл трамвай калкып өтсө жай гана,
«Трамвайдын алчасы» Осип көрүнөт.
Костёл жакта аир аңкып айлана,
Уйкаш саптар жин ургандай төгүлөт.

Майрам, майрам, барбай калган эл ишке,
Көпчүлүктүн көзү ачылбай, ойлонбой.
Костёлго да уя салган периште
Укмуштарды аңдап жатат ойгонбой.
Ага кайыл акындар жаш баладай,
Сайран дешет Фридериктин кафеси.
Кечки унаалар кымкуутуна карабай,
Китепти ойлойт үн катпаган баш ээси.

______________
*     Костёл — Польшадагы христиан чиркөөсү.