Акыркы баскычтар

(повесттен үзүндү)

— Жок, — деп Кириллдин каны кашайды, — эмне гана дебегиле, маданияттуу, билимдүү адамдар бүтүндөй мамлекетке ушундай кыйроону жана жакырланууну алып келиши эч мүмкүн эмес. Алар эч кандай маданияттуу адамдар эмес, жапайылар, билимсиздер, акылсыздар, түркөйлөр, ошондой эле алар жеткен майдачыл, жандүйнөсү жек көрүүгө толгондор. Бийликти басып алган кылмышкерлер. Кана, айтчы, сулуулукту жок кылуу зөөкүрлүк эмей эмине? Жердин сулуулугун, анын жалпы көркүн бузуп жатышат. Бул кооздуктарды бузгандай алардын кенедей акылары жок да. Алар курган да, жасаган да эмес. Лизажан, Некрасовдун «Власасынан» акыркы саптарды окуп койчу.

Лиза ошол замат дапдаана кылып окуй баштады:

Кычыраган кышкы аязда келишет,

Мээ кайнаткан ысыкта да келишет.

Карапайым орус калкы чокунган,

Келишет да садагасын беришет.

Садаганы берет баары аябайт,

Иштеп тапкан эмгегинен санашып.

Пайда болот улам жаңы чиркөөлөр,

Жерибизге көркүн кошуп жарашып.

Муну кара кылды как жарган калыс, революционер-демократ десек жарашкан Некрасов жазган. Демек элдин эмгеги менен, элдин деми менен Руста ушул кооздуктар жаралган. Бул кооздуктарга каршы чыгып, ага кол көтөрүп, аларды шылдыңдап, басмырлаганга кимдер батынды? Алар Россиянын душмандары, кылмышкерлер, наадандар жана каардуу өч алуучулар. Муну түшүнбөгөндөр да барбы?

— Ал дагы өч алганбы? Кимдер үчүн жана эмне үчүн?!

— Кимдер үчүн дейсиң да? Агасы үчүн! Агасын асып салышкан, ошондо ал биз башкача жол менен барабыз деген. Ант берген. Алардын энеси Россияны талкалоо үчүн балдарын тарбиялаган. Сүйүү гана жарата алат. Жек көрүү болсо дайыма кыйратууну гана алып келет. Биздеги кыйроолордун көлөмүнө караганда жек көрүүнүн ушунчалык жапайы айбандык деңгээлде экени көрүнөт*.

Биздин көз алдыбызда айыл четиндеги, айыл ортосундагы, бак арасындагы, ой-кырлардагы, бир мунаралуу жана беш мунаралуу чиркөөлөр баары бирдей тебеленип тепселип, басмырланбадыбы.

Чиркөөлөрдү колхоздун уй сарайы кылып салышкан, биз ага кирчүбүз. Таноону жара бүкшүгөн эттин жыты келчү, жерге жайылган уйдун, койдун туздалган терилери жана чочколорго даярдалган жем жатат. Дагы башка сарайда таңгак-таңгак болуп майланган кара кагаз, оролгон зымдар, айнек салынган кутулар, сыр салынган челектер сакталышы мүмкүн. Үчүнчү сарайда жерге төгүлгөн эгин, сулуу, зыгырдын калдыктары чачылып жатчу.

Биз бак-дарактар менен курчалган бир чиркөөгө келип, каралбай калган өлүк ыйык жайды айланып чыктык да, жапайы болуп бараткан сирендердин, акациялардын жана агыш-кызгылт түстөгү гүлкайырлардын арасында жымжырттыкты тыңшап тосмолорго олтуруп калдык.

Бош, унутулган жай.Бирок бул жерде да толук жымжырттык жок эле. Коңгуроо кагылуучу жайдын жылчыктарынан акырын, сагынычтуу добуш чыгарып шамал согуп турду. Бул биз олтурган жерде, гүлдөрдүн түптөрүндө шамалсыз жана ысык болчу. Ал эми өйдө жакта бактардан, чиркөөнүн крестинен бийикте жарык шамал ойноп турган.

Биз ойго баткан абалыбыздан ойгонуп ордубуздан турдук, анткени биз жакка жакындап келе жаткан бирөөлөрдүн шилтеген кадамына окшогон ырдаппы же ыйлап жаткандай үндөрү угулду. Биз туруп караганда айыл тараптан табыт көтөргөн топ жакындап келе жатканын көрдүк. Көрсө бул жер такыр эле унутулуп калбаптыр. Бул жер дагы деле көрүстөн экен. Көрүстөндүн ичинде айрым томпойгон дөбөчөлөр жаңы экенин, айрымдарына адам колу жакында эле тийгенин мурдараак байкаган эмес экенбиз. Көрүстөнгө сөөк узатып келе жаткан эл, демейдеги айылдардагыдай эле аз экен. Мен бала кезимден айылдардагы сөөк коюу салтын жакшы билем. Табытты чиркөөнүн атайын ачып коюлган башкы дарбазасынан алып чыгыша турган. Алдыда сүлгү менен крест, анан кандайдыр чырак, ал менин эсимде жакшы сакталбаптыр. Эң чоң коңгуроо узакка созулган убакытта жана сейрек урулат. Биринчи коңгуроо урулгандан кийин экинчиси урулганга чейин эл отуз кырк кадам басканга үлгүрчү. Сөөк коюу коңгуроосунун шарты ушундай. Ошол анда-санда урулган жез коңгуроонун дабышында муңдуу-салтанаттуулук сезилип, ушул кичинекей топту коштоп өлүмдүн кадамы, кайгы менен мезгилдин кадамы бирге шилтелип бараткандай туюлар эле. Дың! — кырк кадам. Дың! — кырк кадам. Ошентип көрүстөнгө жеткенче элүү ирет урулат.

Чиркөөдөгү чыныгы дуба окулганын көптөн бери укпагандыктан ал жөнүндө таасирлеримди айтып бере албайм. Бирок бир ирет мындан бир нече жылдар мурда дуба окуганды угууга туура келген — анда Александр Алексеевичке, менин атама дуба окулган. Анысы да кыйратып окулган эмес: карылыгынан улам үнү жок Александр ата, аны коштогондор Поля Москвина эже менен Володя Постунов — окшошконго жупташкан топ болчу. Бирок мен угуп аткам, бир кезде бүткөн боюмду муздак тер басып, калтырап кеттим. Александр ата өзүнүн коштоочулары менен эмне деген сөз айтып, эмне деген дубаны окуганы азыр эсимде жок, бирок алар ошо учурга ылайыкталган абдан салтанаттуу, жогорку маанидеги сөздөрдү жарыша окушкандыктан мага сен өлгөндө сага да ушундай сөздөр айтыла турган болсо өлүм деген анча деле коркунучтуу эмес окшобойбу дегендей ой кеткен.

Азыр болсо чоң коңгуроонун добушу да, сөөк коюу дубасынын окулушу да угулган жок. Чаңдуу жолдо иштеп бүткөн, тырышып, бырышкан, махоркага ышталган, оор, азаптуу турмушта сөгүнүп-сагынып көнгөн орус эркегин тынч, мүңкүрөп, ысыкта көтөрүп баратышты. Балким далайды тууган, казан-аягын калдыратып оокатын кылган, акыры минтип жаны тынган орус аялын алып баратышкандыр.

Биз илгеркиден келе жаткан сөөк коюу салтын алып салышып, ордуна эмнени сунуштаарын көргүбүз келди.

Мисалы, менин москвалык адабиятчы катары сөөк коюу жөнүндө өз пикирим бар. Табытты БАҮгө (Борбордук адабият үйүндөгү орундуктарды сыртка чыгара турушат) коюшат жана Михалков сөз сүйлөйт. Яковлевна жеңге таккан траурдук чүпөрөктөрдү таратып жүрөт. Ободо траурдук же болбосо кайсыдыр бир жакшы музыка угулуп турат.

Мен үчүн «Сөөгү адамча коюлду» деген ушул, жана мындан артыкты каалабайм деп коёлу. Эгерде мага бирөөлөр мен өлгөндөн кийин сөөгүмдү ит-кушка салып берет деп алдын ала айткан болсо, анда мен аны абдан мыкаачылык, адамкерчиликсиз жорук деп эсептейм. Мен айбандарга да, жору менен бөрүгө да жем болгум келбейт.

Ал эми Индияда бир уруу эл сөөктөрүн ит-куш жесе жогорку бакыт катары баалашат экен. Алардын көз карашы боюнча бул «Сөөгү адамча коюлду» деген маанини берет. Эгерде индуска анын сөөгү Ганга суусунун боюнда өрттөлбөйт жана ит-кушка сөөгү ыргытылбайт десе, анда ал муну жеткен мыкаачылык деп түшүнөт.

Кыскасы, ар бир адам тирүүсүндө көп укукка ээ боло албаса да, өлгөндө «сөөгү адамча коюлуу» ыйык укугуна ээ болушу милдет болушу керек.

Мына, анан чиркөөлөрдү жаап жатабыз. Бул деген — жүздөгөн кары адамдарды «Сөөгүн адамча коюу» укугунан ажыратуу дегендик. Мындай укугу болбосо алардын пикир-оюнча «итче», айбанча коюлган болот. Аларды кайра тарбиялап, башкача пикирге көндүрүү кеч болуп калган. Ал эми мындайлар өлкө боюнча миллиондоп саналат. Ким укмуштуудай ташбоорлукту өз мойнуна алып, ушундай укукка ээ боло алды?

Кары кемпир, орус дыйканы, орус эне, орус чоң эне жашайт. Ал азыр облустук, райондук деңгээлде кадыры жок, эч ким эмес: саанчы эмес, маяк эмес, коммунисттик эмгектин бригадасынын мүчөсү эмес. Райондон анын сөөгүн коюуга оркестр келбейт, траурдук желектерди эч ким илбейт.

Ооба, ал саанчы да, маяк да эмес. Бирок ал — адам! Жана анын акыркы тилеги, акыркы өтүнүчү — ага чиркөөдө дубанын окулушу. Бирок так ошол тилеги таш каап жатпайбы. Анысы аз келгенсип өлгөндөн кийин эч кандай чиркөө жөнүндө, эч кандай дуба окуу жөнүндө ойлонууга да болбосун тирүүсүндө бетине айтып жатышпайбы.

— А мен өлгөндө эмне болот?

— Алып барабыз да көмүп салабыз.

— Мал көмгөндөйбү?

— Каалаганыңдай түшүнө бер.

Ташбоорлуктун, адамдарды кемсинтүүнүн, адам сезимдерин тебелеп-тепсөөнүн чеги кайда?

Кишилер көргө жакындап басып келишти. Табытты чуңкурга жакын коюшту. Аялдар катуураак үн чыгара башташты. Чогулгандар көрдү айланып тегеренип калышты. Биз алардын эмне кылаарын билбей алдастай түшүшкөнүн байкадык. Адамды акыркы сапарга узатып жатышкандыктан кандайдыр бир салтты жасап, кандайдыр бир кааданы аткарыш керек экенин сезип турушса да, эч нерсе жасалган жок. Аларда эч кандай каада-салт жок экен.

Маркумга баарынан жакын турган кемпир аны чокунтуп туруп, кызыл топурактан уучтап табыттын үстүнө салды.

— Табытка мык ургула жигиттер, эмнени карайсыңар?..

Көрдү тегеректеп жалдырап тургандар жандана түшүштү. Кылаарга иш табылып, көнгөн колдор эки балка менен тарсылдатып мык кагып киришти. Эки азамат заматта ишти бүтүрүп, табытты ачылгыс кылып салышты. Эми аркан табыттын алдына сойлотулуп, кышылдап-бышылдаган адамдар аны тең салмакты араң сактап жатып муздак чуңкурга түшүрүштү. Табыт көр түбүндө түбөлүккө калып, аркан тартылып алынды. Табыт үстүнө ысык алакандарда жылый түшкөн топурактар топ-топ болуп түшүп, анан күрөк кетмендер ишке кирип, табыт үстүндө топурак көбөйүп, чуңкур улам тайыздап, акыры томпойгон үймөк пайда болду.

Чогулгандар үнсүз топурашып, жаңы пайда болгон мүрзөнүн жанынан шыр кетип кала алышпай, кайрадан кандайдыр ыңгайсыздыкты сезип турушту. Балким аткарылбай калган салттын, жасалбай калган кааданын парзы оор жүк болуп, намыстарына тийип, ар биринин жандүйнөсүн кемирип жаткандыр.

Башка арга жок. Сөөк коюлду, топурак үйүлдү, эми ал жерде кечке тура беришмек беле: бирден-экиден тарай башташты. Жашы элүүлөргө келип калган бир аял баарына угуза маркумду эскерүүгө келип кетүүлөрүн суранды.

Ооба, ушундай. Азыр чогулушат, аза күтүп олтурушат. Маркумду эскеришет, балким мас болгончо ичишет. Кимди эмне деп күнөөлөйбүз? Эптеп көңүлдөгү кусаны, жүрөктү эзип турган ызаны билип-билбей көңүлдөн жууп салыш зарыл эмеспи.

Кирилл өзүнүн экинчи коллекциясын (чынында экинчи даражадагы) толтуруу максатын көздөп, мени айылдан колхоздун башкармасын таап келүүмдү сурап жатты. Ошондон улам мага бул жактан башкы роль берилип, мен журналист катары башкарма менен сүйлөшүп, ага колхоздун иштери тууралуу ар кандай суроолорду берип алагды кылып жаткан кезде Кириллге аны байкатпай, снайпер мээлегендей жакындан да, алыстан да теле обьективин колдонуп тартып алууга ыңгайлуу болот. Менин маектешим айрым учурда аны тартып жатканын байкабай да калат. Айрым учурларда байкап калса да, каршылык кылбай, кабарчы тартып жаткан соң кийин гезитке чыгышым мүмкүн деген таттуу ой менен кубанып олтура берет.

Бирок ошол «кийин» кыял бойдон кала бере турган. Кийин болсо Кирилл үстөлүнүн үстүнө ошол тартылган сүрөттөрдү жайып алып, минтип айтаар эле:

— Карачы, карачы. Мына булар биздин айыл чарбабыздын жетекчилери. Арасынан бир ырайлуусун таап көрчү. Бир шыктангандыктын кичинекей белгиси бар бирөөн таап көрчү. Көңүл коюп карап көрчү. Булар адамдын жүзү эмес, малдыкына окшойт. Сакалы муруту алынбай, уйкусу канбагандай, баш оорусу жазылбагандай шишип олтурушат. Булардын арасынан болор-болбос акыл-эси бар, инсандык касиети сезилген, жок дегенде бирөө-жарымын таба аласыңбы? Адам санында жоктор. Эрксиздер, максатсыздар, булардан эмне чыгат? Бул көрпенделер өйдө жактагылар айдаган жагына барат да, эмне жаса десе жасайт. Жүгөрү өстүргүлө десе жүгөрү өстүрүшөт. Жүгөрүлөрдү жок кылгыла десе жок кылышат. Колхоздорду ирилештиргиле десе ирилештиришет. Колхоздорду кичирейткиле десе кичирейтишет. Күнүнкүсүн күндө төлөгүлө десе күндө төлөйт. Айлык кылып ай сайын төлө десе, айлык кылып төлөйт. Өздөрү ойлонуп, өздөрү чечиштин кереги жок. Эптеп өздөрү ээлеген орунду сактап калса болду. Ал үчүн жетекчилердин көзүнө чөп салып, муну аткардык, тигини жасап салдык деп бүтө элек иштерди бүттү кылып билдирүү жазганды балакеттей билишет. Ал эми иш жүзүндө ал иштердин көбү бүтпөй калат. Ошентип калп жалганга уланып, иш жүзүндө башка, кагаз жүзүндө башка болуп көз боёмой райондон обулуска, обулустан бүтүндөй мамлекетке уланып, Жогорку кеңештин жана сьезддин сессияларына чейин жайылып кетет. Анан ошол кагаз жүзүндөгү буудайдын ордун толтуруш үчүн буудайды Америкадан, Канададан, Австралиядан сатып алууга туура келет...

Ошентип Кирилл сүрөт тартып жаткан кезде мен төрагалар менен сүйлөшүүгө аргасыз болчумун жана аларды бир-эки суроо менен эле жарга такап салуу мен үчүн анчалык деле кыйынга турчу эмес. Анткени ошол кездердеги биздин колхоздордун абалын мен беш колумдай билээр элем. Башкарма адегенде кылтыңдаганы менен, акырында өткөн жылдын түшүмү эгинден болгону тогуз центнерден болсо, уйлардын сааны эки миң литрден болгону, шаардан автобустап жумушчуларды жардамга ташып келгенине карабай картөшкөнүн далайы талаада кар астында калганы, тоют кыштын кап ортосунда түгөнөрү белгилүү болуп, башкарма кол күчү жетишпейт деп даттанып баштайт.

Бир совхоздун директору (ар түрдүүлүк үчүн) бизге минтип айтпадыбы:

— Эртең чоң жыйын өткөрүп, элге кайрылып: баарыңар туугандарыңарды жана тааныштарыңарды биздин совхозго келгиле деп чакыргыла. Жумушчу күчү жетишпей жатат деп айтам.

— Эл өзү кайда?

— Качып атышат, — деп директор ачык жана кыска жооп берди.

— Тигинде, силердин совхоздун аймагында, караңызчы, канча үй турат. Аларда адамдар жашайт да. Анан, кеп адамдардын санында эле эмес да? Мен Данияда болгонумда кызыктым эле...

— Ал жакта, Данияда кандай экен? — деп директор жандана түшүп, кызыга сурады.

— Аларда чарбалар фермерлик негизде жүргүзүлөт экен. Мындай жолго Россия Столыпиндик реформаларды жүргүзүү менен барышы керек болчу. Менимче аны «даттык жол» деп атап коюшса керек эле. Бирок Дания кичине өлкө. Мейли аларда эмгек өндүрүмдүүлүгү фантастикалык дегидей деңгээлде болгон күндө да, масштабы жетишээрлик эмес. Ушундай эмгек өндүрүмдүүлүгү Россияда болгондо иш башкача болмок да.

— Кандай эмгек өнүрүмдүүлүгүн айтып жатасыз?

— Анан... Мен анча чоң эмес чарбанын ишин көргөзүүлөрүн сурандым. Болжол менен биздин орто чарбаныкындай жери бар болсун дедим. Чарбаны тандаган жокпуз. Жолдо баратып сөз болду эле, жолдогу биринчи кез келген чарбага бурулдук.

— И анан?

— Жети гектар жери бар чарба экен. Күйөөсү менен аялы иштешет. Экөөнүн тең жаш курактары отуздун тегерегинде окшойт. Өспүрүм кызы жана анын минген аты бар. Анан дагы бир жумушчу аты бар. Дөңгөлөктүү жарым трактору да бар экен.

— Жарым дегениңиз кандай?

— Жарым дегеним кошунасы экөө биргелешип сатып алышыптыр. Анын илме чиркегичтери да бар. Жабдыктары... Жабдыктарын карап көрсөңүз! Айрылары, күрөктөрү, тырмоолору — баары ачык түстө сырдалган, саптары иштөөгө ылайыкталып, оордук келбегидей ийилген. Эки авто унаа: бир жеңил машина, бир чакан жүк ташуучу машиналары бар. Өздөрү чыгарган азыктарды жеп салышпайт, атайын машина келип алып кетет жана аларга керек болгон азыктарды: целофанга оролгон эт, жашыл буурчак, шпинат... алып келип берет. Кожойке мага сандыкка окшогон төрт чарчы музаткычын көргөздү. Капкагын ачты эле, ичи толо азык экен. Баары жаңы үзүлгөндөй, жыты буркурап, көрүнүшү көз кумарын кандырып, даамдуу жана пайдалуу азыктар деген китептеги сүрөттөрдөн алынгандай көрүнөт.

— Алар эмнени өндүрүшөт экен?

— Үч түрдүү азыктарды: сүт, жумуртка, торопойлорду. Албетте, мен алардан жети гектар жерден жарым трактор жана бир ат менен канча азык өндүрөсүңөр деп сурадым.

— Канча экен?

— Эки тонна жумуртка, сүттү сары майга айлантып эсептегенде 1800 килограмм жана колбаса үчүн кырк торопойду өндүрүшөт экен.

— Жумуртканы салмактап алышат бекен?

— Ооба, аларда дүкөндөрдө да жумуртка салмагы менен өлчөнүп сатылат. Болжол менен отуз миңдей жумуртка десек болот. Үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлө келсек ар бирине он миңден жумуртка тиет. Чынында аларда экөө эле иштегенин эске алсак, эмгек өндүрүмдүүлүгү он беш миң жумуртка болуп жатпайбы. А силердечи?

— Эмне бизде? — деп директор жаңы ойгонгондой чочуп кетти.

— Силерде тоок фермасы барбы?

— Бар.

— Силер орточо эсеп менен киши башына канчадан жумуртка өндүрөсүңөр?

— Бизде жумуртка негизги азык эмес, бизде негизгиси сүт.

— Ошондой болсо да?

— Киши башына үч жумурткадан болот.

— Эми ошол негизги азыкты — сүттү алалы. Аларда ар бир уй беш миң литрден сүттү кенен берет. Мен ага айттым: бизге келгиле, заматта маяк болосуңар. Сүрөтүңөр гезиттерге чыгып, а балким Социалисттик эмгектин баатырына жетесиңер. Ал болсо жок дейт, райондук газетасыз эле жашайм дейт... Эми силердин башкы азыгыңар сүттү алалы.

— Алып да кереги жок, — деп жооп берди директор, — Мен баарын түшүндүм. Башка система — натыйжа да башкача болот. Мен ойлойм: демек менин совхозумда жумушчу колу жетипейт эмес, совхозум майыптарды баккан жай турбайбы. Аларда эки кишиге кырк торопой туура келет дедиңиз. Бизде менин ар бир жумушчума жыйырмадан эле торопой бактырганымда биз бүтүндөй областты торопойлорго каптатып салмакпыз. Эмне деген нерсе болот? Бир миң сегиз жүз киллограмм май бир жылда. Экөө. Мүмкүн эмес! Мейли, биздин совхоздо үч жүз эле адам бар деп коёлу. Демек, биз алты миллион жумуртка, отуз тоннага жакын сары май, алты миң торопой өндүрүшүбүз керек. Жок, бул аң-сезимге кирбей жатат. Аларда түшүм кандай болот дейсиз?..

* Мына, Кремлдин мурдагы коменданты П. Мальковдун жазаган сүрөттөмөсү 1-майга карата Кремлди тазалоо ишин ага тапшырышат Ал тазалап чыгат Мындан ары ал жасаган сүрөттөмө боюнча так берилет П. Мальков Кремлдин комендантынын кол жазмалары Молодая гвардия, 1968, 127 б «Владимир Ильич чыгып келди Ал тамашалап күлүп, абдан көңүлдүү эле Мен басып келгенимде ал мени менен жагымдуу учурашып, майрам менен куттуктады да, күтүүсүздөн мени тамашалай сөөмөйүн кесеп: — Баары жакшы, атакеси баары жакшы, бирок мына бул түрү суукту калтырып коюпсуңар Мунуңар жакшы эмес, — деп улуу князь Сергей Александрович өлтүрүлгөн жерге коюлган эстеликти көргөздү Мен өкүнүчтүү үшкүрүндүм — Туура, — дедим, — Владимир Ильич, алып сала албадык Үлгүрбөй калдык Жумушчу колу жетишпей калды. — Мына сага, тапкан шылтоосун кара! Ошонтип жумушчу колу жетишпейт дейсизби? Мындай иш үчүн жумушчу колу азыр эле табылат Кандай дейсиңер жолдоштор? — деп тегерегиндегилерге кайрылды Аны колдогон үндөр туш тараптан жапырт угулду — Көрдүңүзбү? Сиз болсо жумушчу колдору жетишпейт дейсиз Келгиле, азырынча демонстрацияга чейин убакыт бар эмеспи Аркан алып келе калгыла Мен тызылдап барып комендатурадан аркан алып келе койдум Владимир Ильич эптүүлүк менен илмек жасай салып, эстеликке ыргытты Баарылап бир кишидей ишке киришишти эле, эстелик заматта туш тарабынан аркандарга чырмалып калды — Эмесе, баарылап тарттык! — Владимир Ильич жигердүү буйрук берди Ленин, Свердлов, Аванесов, Смидович жана башка БРАКтын жана (Бүткүл россиялык аткаруу комитетинин) Совнаркомдун мүчөлөрү жана өкмөттүк аппараттын анча көп эмес кызматкерлери арканга болгон күчтөрү менен жармашып тартышып, акыры эстелик кулап түштү — Көзгө көргөзбөй, таштандыга! — деп Владимир Ильич буйрук берип жатты Ондогон колдор арканды тартып, эстелик калдырап Тайницкий багын көздөй сүйрөлүп баратты Негизи Владимир Ильич падышаларга, улуу делген княздарга, падышачылыктын убагында атагы чыккан генералдарга коюлган эстеликтерди жининдей көрө турган Владимир Ильичтин сунушу боюнча 1918-жылы Москвада Кремлге коюл ган Александр ӀӀнин, Куткаруучу Христ атындагы храмга коюлган Александр ӀӀӀтүн, Генерал Скоблевдин эстеликтери алынып ташталган Биз ушул акыр-чикирлерди алып таш тадык Эми биз Москвада жана Советтик Россиянын башка шаарларында Маркска, Энгельске, Маратка, Робеспьерге, Коммунанын жана биздин революциянын баатырларына эстеликтерди тургузабыз» Таасирдүү сүрөттөмө, туурабы?