Каакымдан жасалган бал
Кайрадан каакымдар гүлдөгөн мезгил. Бирок жашыл чөптөрдүн жана короонун түркүн түскө бөлөнгөн кооздугунун арасында, ар жак-бер жакта анын сары бети көрүнүп калууда. Азыр болсо ак гүл, кызгылт-көгүш петуньялар, саргыч календула, ал эми чарбакта төө буурчак, ашкабак, буурчактар гүлдөп баштады. Жай келди. Ошондуктан каакымдар көзгө мурдагыдай учурабай калды. Ал эми каакым тоюттандыруучу болуп саналгандар андан кыя өтпөстүр, тактап айтканда, анын берекелүү алтын себетин айланыр бүтпөйт.
Мына эми азыр да ал жерде аары жана көпөлөктөр тамактанууда. Эгер эңкейип, жакындан жакшылап, лупа алып карап көрсөң, таңыркай түшөсүң: коюу келген алтын жалбыракчалардан турган токойдун ичинде чоң той өтүп жатат. Ар бир себетте алар канчалаган санда кездешет?! Жүзгө чейин санап барып жаңыласың. Каакымдын алтын гүлү өзүнүн конокторун хандай сыйлайт.
Бирок бул эми өткөндүн бир элеси катары кала берди. Каакымдын майрамы — башка гүлдөр уктап жаткандагы жаз мезгили.
Апрель айында, өзгөчө күн ачыкта адам жашаган жерден алысыраак жакта каакымдар талаасына туш болосуң, көз уялат, каакымдардын алтын түсү жылтылдап көзгө урунат. Жада калса айылдарда, шаарларда жер жылаңач кезде эле каакымдардын майрамы башталат. Мурда алар абдан көп эле, куюлуп турчу.
Күн бүркөлсө гүлдөр жабылып калат. Короо дароо тунжурай түшөт. Күн чыкты дегиче алтындан дасторкон жайылат. Бардыгы дасторкон үстүндө: бал, таттуу даам, тим эле көз жыргайт бул сулуулуктан. Анын үстүндө ызы-чуу. Баары учуп жүрөт. Аарылар, чымындар жана көпөлөктөр берекелүү дасторкон үстүндө тойлоп жатышат.
Быйыл башка жылдарга караганда каакымдар көп. Биздин эле өрөөндө эмес, башка жактарда да.
Май айынын башында мен Москвага бардым, Переделкинодо жашачумун. Ал жерде каакымдар толтура. Лукиного барасыңбы, Солнцевого барасыңбы, кайда барсаң да көңүл тоёт, көз тоёт. Гүлдөрү бажырайып көлөмдүү, алтын куймасындай оор.
Ошол жерден мен каакымдан жасалчу балды эстедим. Мага ал бал тууралуу биздин кыштактардын биринде жашаган улгайып калган казак аял айтып берген. Биз чай ичип отурган элек, бир кезде ичинде алтындай тунук азыгы бар банканы столдун үстүнө койду. «Май айынын балы» деп жылмая карады.
Май балы биздин өрөөндө соода үчүн мыкты ойлоп табылган. Базарда «Кайсы бал?» деп сурашат: «Майдын балы. Дарылык касиети бар» деп жооп беришет. Бирок бул мезгил бал топтой турган учур эмес. А ар дайым акация менен коко тикен балы биринчи. Ал экөө бир учурда өсөт, гүлдөйт жана жакшы киреше берет.
Мурда, илгери май балы менен цыгандар соода кылышкан экен. Үйлөрдү аралай кыдырып: «Май балы! Май балы! Ден соолукка пайдалуу!» деп кыйкырышчу.
Мага чай сунуп жаткан улгайыңкы аял илгери жаш кезинде ага цыгандар келип бир нече күн жашай турууну суранышыптыр. Шекер жүктөй келишиптир. Каакымдын гүлдөрүн чогултуп кайнатып башташыптыр. Бышырып алып кыштакты аралап «май балы» менен соода кылып кетишет. Ал эми үй ээсине ооз тийүүгө деп бир аз калтырат. Ага жагып калыптыр. Ошол күндөн бери ар бир келген жаз сайын өзүнө «май балын» бышырып алчу.
Мага да алтындай сары, жыттуу кыямбы же балбы, айтор, жагып калды. Ошентип кийинки жазда өзүм бышырып алдым. Алтын баштарды терип алып, жууп, сиробун даярдап, тундуруп, анан бышырдым. Жаман болгон жок. Ошондон бери ар жыл сайын болбосо да, каакымдан бал жасап алып турам.
Кышында банканы ачарың менен апрель айынын жыты мурунга бур-р эте түшөт. Камыш кыштагынын жанындагы алтын талаа эске келет. Жылуу жерде жатып алып, аарылардын ызылдагын угуп ырахаттанасың. Жайдын дагы бир жагымдуу эскермеси.