Айран
Мен мындай абалымда — жакын келбе.
Үйдөмүн Мефистофель болуп нагыз.
Катынымды калтыратат менин ойлуу
жана канкор кебетем. Кеткин алыс!
Кээ бирде башка абалга жанды тутуп,
Муздаткычты ачам да катып калам.
Эмнени кааладым мен? Тарс унутуп,
Наполеондой терең ойго батып калам.
Бул бөлмөгө кирдим неге кыбырап?
Муздаткычта дарбыз мага майрамбы?
Оңбос музам айтат мага шыбырап:
Зефир, эфир... Таптым мына, айранды.





