Гёте

Күйүп-жанып кыйкырдым: «О, берчи мага күлгүн жашты, сүттөй ууз куракты, тулку-боюм эрибестен муз кумура сыяктуу, толуп турсун жалындаган сымапка! денемди жан жалмап турат да! кеңешчи болуп купуя, жетимишке толгон куракта, алып-учуп сүйгүм келет кубаттуу, Гёте сыяктуу!» Мыйыгыңан күлдүң сен: «Аттиң, досум, сынак бу, акынсың да, демек, билгин сен — бул поэзия сени күйгүзгөн. Ыр жазбаган жандар бышык өздөрү, чарк айланып тегирмендин ташындай, данды көрбөйт көздөрү. А Гётең эмне жаза алат, ал згерде калем кармаса, кантип деги ушундай узак жашамак. Аны сактап калганы — өмүрүндө бир дагы сап жазбады, ушундайбы?» — деп башыңды көтөрдүң сен. Үрөй учуп жөтөлдүм мен. Тегеренип кетти бөлмө ушундай, кудум эле ырымчылдын башындай. Аба момдой сезиле, еретиктин манжасындай шам жарк этти өзү эле. Шарап толо бокал чайпалып, үстөлдөн кулап түшкүчө, мени карап турганыңды айталык, (мыйыгыңан күлгөнүң — айнекке сырттан жабышып, каптаган челдей түн көзүн), үн катып эми жүрбөгүн.