Баары үнсүз, эски болчу эмгиче...
* * *
Баары үнсүз, эски болчу эмгиче,
Сен бул түнү ыйык кылып бергиче:
Кадыресе сууну, нанды, шарапты.
Очокто от ырдап жанды эргите,
Карегиндей шордуунун терезени түнгө каратты,
Тобокелчи-тасмал жатты көшүлө
Эменден бүткөн апостол-үстөл төшүнө.
О, жазгы дүйнө, ыйык жаралган!
О, үй, жаркын тынчтык сенден таралган!
Биримдигин чыңдап кирпич, устундун,
Көктөгүнү жалгап жерге, ал андан
Адашкан уулуңа Сен үй тургузуп иш кылдың.
Үн созуп короз чатыр чокусунан,
Жүрөктү тилип өтөт кокусунан.
Акмак болуп боздогон да, биттеген,
Түнгө кайтып, издеп сени бүтпөгөм:
Ташталган там, башымды мен калкалаар.
Басам кантип баткак болгон бут менен,
Дымып кыздай жатса дагы шалчалар?
Болдум кайда, койбой менден бир сурап,
Орундугун отко жакын жылдырат.
Баары үнсүз, эски болчу эмгиче,
Сен бул түнү ыйык кылып бергиче:
Кадыресе сууну, нанды, шарапты.
Очокто от ырдап жанды эргите,
Карегиндей шордуунун терезени түнгө каратты,
Тобокелчи-тасмал жатты көшүлө
Эменден бүткөн апостол-үстөл төшүнө.
О, жазгы дүйнө, ыйык жаралган!
О, үй, жаркын тынчтык сенден таралган!
Биримдигин чыңдап кирпич, устундун,
Көктөгүнү жалгап жерге, ал андан
Адашкан уулуңа Сен үй тургузуп иш кылдың.
Үн созуп короз чатыр чокусунан,
Жүрөктү тилип өтөт кокусунан.
Акмак болуп боздогон да, биттеген,
Түнгө кайтып, издеп сени бүтпөгөм:
Ташталган там, башымды мен калкалаар.
Басам кантип баткак болгон бут менен,
Дымып кыздай жатса дагы шалчалар?
Болдум кайда, койбой менден бир сурап,
Орундугун отко жакын жылдырат.





