Ноябрь. Биздин көлмөдө...

* * * Ноябрь. Биздин көлмөдө Жандуу суу турат тоңбостон. Кел бери, боордош өңдөнө, Таянгын мага коркпостон. Жээгине жакын барамын, Жалбырак —тоскоол, карагын: Күрөктөй күрөп жол ачып, Тереңге колду саламын. Уучталып чыгат үч-төрт таш, Манжадан тамчы чубуруп. Өз ордун табат кара суу Көлмөгө кайра куюлуп. Үч ташын, жаным, сен алгын, Төртүнчү ташын мен алдым. Балким, бул — сага пайдалуу, Бүт эле алчы калтырбай! Тереңге кетти чулп этип, Ар бир таш мында алтындай.