Чулышман

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                        Борис Доронинге


Мен эски сыналгыны тартипке келтирүүгө, башкача айтканда, адамды иренжиткен экрандын бүлбүлдөгөнүн оңдоого киришкенимде он алты гана жашта болчумун.

Артындагы капкагын ачып, күлгүн сары жана көгүлтүр оттору жанып турган анын лампаларын бир топко тиктеп турдум, анан алардын бирине колумду создум.

Эпидемиядан кийин эле түпсүз караңгылыкка чөгүп кеткен мени доктор Артамонова сууруп чыга алды. Бир нече ай бою мени тынчсыздандырган бир аз кекечтик убакыттын өтүшү менен таптакыр жоголду. Жарым жылдан кийин оң жак алаканымдагы тырык гана болгон окуяны эске сала турган. Айыккан теридеги асыл таш түстөнүп турган тырыктар жалпайган медузага окшойт.

Бирок жакындан бери шаар түшүмө кире баштады.

Бекем ак таштан курулган шаар бир аз жантайыңкы жерге жайгашкан. Андагы четки үйлөрдүн, кичинекей үйлөрүнүн жана алачыктарынын ары жагындагы, өрттөлгөн жайыттардын, тосмолордун жана кароосуз калган жүзүмзарлардын аркы тарабындагы тоо тик болуп, бадалдар жана карагайлар өскөн. Андан ары аска катмарларынын коркунучтуу аппак ыраңы башталып, акыр-аягында бийик чокуларга көз кадалат. Сентябрдын ортосунан баштап марттын аягына чейин алар кар жамынып, күнгө чагылыша жаркырап турушат.

Кайсыл бир жерлери жылма, ал эми кайсыл бир жерлери катмар-катмар кыр болгон жээктердеги жантаймалар дат баскан жарларга, кемелер менен кайыктарга баш калка болгон булуңга чейин созулуп жатат. Кырларда арткы бети күмүштөй жаркырап турган катуу, майда жалбырактуу бактар өскөн. Толкун чыйырлуу тереңдиктен шарпылдай урунуп, таштарды жалмалап, балырлардын былжыр сабактарын жекке сүрүп жатты.

Атайын деле пландалбаган үйлөрдүн ортосундагы өткөөлдөр менен туюк жерлерди эске албаганда, шаарда эки гана кенен көчө бар. Бирине ак таш төшөлгөн, амфитеатрга көтөрүлөт. Экинчиси, байыркы заманда курулуп, аң-чөнөктөргө толгон көчө, эми ал чеке-бели тегиз эмес таштак жолго айланган. Жол өлкөнүн кайсы бир алысыраак тереңине алып барчу. Таң заардан түн киргенге чейин бул жол аркылуу кеме менен келген товарларды жыкжыйма жүктөгөн унаалар кычырап өтөт.

Түшүмдө мен ушул көчөлөр менен басып, дөңгөлөктөрдүн кычыраганын угам, буйволдор тарткан арабалар менен чийнелерди көз албай узата карап, деңизди караганымда көздөрүмдү жүлжүйтө алакандарымды чекеме коём. Шаар чыныгы конушка тиешелүү бардык сапаттарга ээ болуп, түшкө мүнөздүү өзгөрмөлүүлүк таптакыр көрүнбөгөндүгү таң калыштуу болду. Бул же тигил көчөдөгү бул же тигил үйдүн жанынан өтүп бара жатып, мен толук ишенем, эгер башка учурларда дагы бул жерде болсом (бир нече күндөн кийин, атүгүл кийинки эле түнү) ошол эле таш тамандарды, ошол эле тар көчөнү, ошол эле таш дубал менен тосулган жүзүм сабактарын, ошол эле үйлөрдү жана алардагы жашоочуларды көрөм, мен өтүп бара жатканда алардын айрымдары учураша баш ийкеп же колун көтөрүшөт. Менин үйүм биринчи, дээрлик эң четкиси, амфитеатрга жакыныраак, аянттан жети короо алыскы көчөдө болчу.

Түшүмдө мен чоочун тилде эркин, бир аз чулдурап жана созулуңку үзүк-үзүк сүйлөп, ал эми эне тилим орус тили эс-тутумдан таптакыр өчүп калды. Ойгонуп, бири экинчисине аралашкан кыска, бирок буркан-шаркан процессти баштан өткөрдүм: менин жандүйнөмө жакын жана түшүнүктүү нерсе күңүрттөнүп жана акырындан басаңдаган ызы-чууга айланды; ал эми азыр эле менин эч кандай түшүнүгүм жок нерсе сынган дамбадан агып чыккан жинди суу сыяктуу бардык боштуктарды толтуруп, мени заматта түбүнө тартып кетти. Бир секунддан кийин мен бир дагы сөздү эстебестен, алардын бардыгын азыр эле билип тургандыгым эсимде болсо да, бир секунд өтпөй бул тууралуу унутуп калдым.

Башымды жаздыктан көтөрүп, кайда экендигимди көпкө чейин түшүнө алганым жок. Адаттагыдай күндүн, көгүлтүр деңиздин, ысык ак таштардын, буйволдордун шашпай баскандарынын, кеме тепкичтеринин кычырагынын, трюмдардан сары мүшөктөрдү жондоруна тиштене көтөрүп чыккан жүк түшүргүчтөрдүн жылаңайлак буттарынын жеңил дабышынын, кургатуучу торлордун жана чириген балырлардын кескин жыттарынын ордуна — мунун бардыгынын ордуна жамгырдын тамчылары чачыраган айнек, бүркөк асмандын бозомук түсү, күңүрт лампочка, ысыган маргариндин жыты, ашканадагы көмөч казандын калдыраганы жана терезенин алдынан ылдам өтүп бара жаткан троллейбустун чыңвра улуганы болду...

Калган бардык жагынан менин жашоом кадимки калыбында өтүп жатты.

Мектепти аяктап, университеттин физика факультетине тапшырдым. Биринчи курсту аяктагандан кийин студенттерди курулуш отрядына алышкан жок, бирок менин жолум болду: бригаданы жетектегендердин бири аспирант Мишка Козыхин экен, мен анын иниси Витька менен бир топто окудум. Витёктун бир ооз сөзү менен биз Ярославлга жакын жердеги ирригациялык каналдардын курулушунда жарым ай чиркейлерди бактык. Анткен менен акча таап, чоң саякаттарга чыга ­алдык.

Менин досум эмнегедир Азияга барууга ашыкты, бирок мен аны барбоого ынандырдым. Биз деңизди көздөй жылдык. Үч жума Крымдын жээгин кыдырдык, андан соң Кавказдын жээгине бардык. Акчабыз тез эле түгөнүп калат. Татар карыянын жетекчилиги менен мөмө-жемиштерди чогултуп, вагондордон жүк түшүрүп, камыш токуп күнүнө акча тапчубуз. Мага кейиштүүсү, алар, бул жээктер чаңдуу, түкүрүккө толгон, саткын, курорттук жактан сараң, жарым-жартылай кылмыштуу болуп чыкты, мен өзүмдүн түшүмө окшош эч нерсени көрө алган жокмун.

Ошондон бери ар жыл сайын жай мезгилин поезддерде өткөрөм. Башында эс алуучу күндөрүм, кийин эмгек өргүүм бүтүндөй сарпталып жатты. Биринчи аялым менин кызыгууларымды бөлүшө албады, эки жылдан соң биз ажырашып кеттик. Экинчиси менен саякаттап жүргөн мезгилде тааныштым. Алты жыл бактылуу жашасак дагы биз балалуу болбодук. Жетинчи жылы мен келечек тууралуу кыялдар жана ойлор хирургдун манжаларынын бир аз кыймылына арзыбастыгын түшүндүм. Кайрадан жалгыз калганымда жашоо образымды өзгөртүү үчүн мен анчалык жаш эмес болчумун. Жай келип, эмгек өргүүсүн алдым дагы, рюкзакка уктоочу жеңил баштыкты, чиркейден коргоочу майды салып, вокзалды көздөй жөнөдүм.

Башкысы турист болуу эмес, кандайдыр бир оор жумуш менен жан багуу, кааласаң-каалабасаң дагы же балык чарбасына, же суу үстүндө жасалган иштерге, же жылытуу иштерине кирип, же болбосо кедр жаңгагын чогултуп аракет кылуу. Бир айдан соң мен башка адам болуп кайтып келдим, дагы көп убакыт бою күнүмдүк жашоо керемет жана кызыктуудай сезилди. Деңиз жээгиндеги шаар менин түшүмө кирди, бирок өзүмдүн саякаттарымдын биринде дагы ал тууралуу эскерте турган эч нерсеге туш болгон жокмун.

Алтайда жыгач кескич Пилипчук менен тааныштым. Мен андан устаканасына алуусун сурандым, бирок Пилипчук бул тууралуу эч нерсе айта албастыгын, анткени бир ай — кол өнөрчүлүктү өздөштүрүү тууралуу ойлонуу үчүн аз убакыт экендигин айтты. Ошентсе дагы биз дос болуп калдык, Пилипчук мени миң чакырымдан дагы алыс аралыктагы Төөлөс көлүнүн көз тайгылткан алыскы четине чейин алып барды. Бул жердеги аккан дарыя алгач узак убакыт бою көп чакырымдык аскалуу капчыгайларга урунуп жана көбүрүп, алардын бетине болушунча сүрүлүп, акыры жайык жерге чыгып, анын ээ-жаа бербей күркүрөгөн добушу басылып, жеңилдене дем алган сыяктуу нерсе суу үстүнөн учуп жүргөндөй. Анын мен көпкө чейин жаттай албаган кандайдыр бир жапайы, шалпылдаган, чуулуу аты бар болчу, аны андагы «тумар» деген сөзгө алысыраак окшоштукту тапканда гана жаттадым.

Пилипчук токтоолук менен моторлуу кайыкты агым менен жогору көздөй айдап жөнөдү. Бир сааттан соң биз дарыянын күргүштөгөн куймасынын оозуна жетип, кайыкты таштарга сүйрөп чыгып, шаймандарды алдык да, хариус балыгынын тапкычтыгы жана чыдамкайлыгы менен мелдешүүгө камынып, өйдө карай жөнөдүк. Мен алдыга кеткем, агым мени жээктен кулаган ак шапактын астында кайнап жаткан чоң көлмөгө алып барды. Бул жерден мен жарым метрлик таймендин күркүрөгөн суунун бою менен эки ирет дээрлик башына чейин кантип учканын, анын агымына каршы куйругу менен сууну жиреп, кайра кулап түшкөнүн көрдүм. Үчүнчү ирет жалтылдаган жандык баары бир шаркыраманын чегинен ашып, көздөн кайым болду.

Пилипчук жаныма келгенде мен артка кайтпайм дедим.

Ошол секундда мен ушуга ишендим.

Мага куйманын оозуна жакын шагылдуу аралда отурукташып калаарым элестеди. Биз анын жанынан моторлуу кайык менен өткөнбүз. Качандыр бир арал какырап кургак жана жапайы болуп, бирок Смирнов аттуу адам (имиш-имиштерге караганда анын бул жээктерде пайда болушунун себеби ИИЭКнын тузагынан кутулуу аракети болгон) түшүмдүү топуракты алууга мүмкүн болгон жакынкы жерге чейинки аралык беш чакырымдан кем эмес болсо дагы, кадимки кайык менен жерди семиртүүгө убактысы жана күчү жетиштүү болгон. Ал аралга алма бактарын тиккен. Мен үй салып, кайыктуу болуп, алтай кызына үйлөнгөнүмдү элестеттим. Кышкысын кедр ыкйып, жайкысын тоолорго кетесиң. Жакын жердеги бурчуктан көлдүн алыскы жээги көрүнүп турат, бир кезде ал жерде кечилкана турган. Уйлар бузулган дубалдардын ордуна чыккан чөптөрдү жешкен эмес, бул жерден, өйдөдөн, кечилкананын калдыктары жуулуп кеткен өткөндүн тыкан чиймесиндей көрүнүп турат, аны карап турганда бул өткөн мезгил азыркы менен кайдан жуурулушарын, кайсыл учурда азыркы мезгил келечекке барып куюларын жана алардын чексиз жана таң калыштуу куюлуулары түш эмес экенин түшүнүү мүмкүн эмес эле. Мен жылуу ташта отуруп, көздөрүмдү ирмегилеп алысты карап, башка адамдардын дагы жашоосу, сыягы, түш сыяктуу болсо керек деп ойлодум. Убакыт зымырап өтүп жатат, кызыл армиячылар монахтарды чөгөрүп, Кайгородовдун есаулунун казактары кызыл армиячыларды чөгөрүп, Кызыл Армиянын жаңы бөлүктөрү Кайгородовдун есаулунун казактарын чөгөрүүдө. Көлдүн түбүн изилдөөгө аракет кылган экспедиция каргаша менен аяктады: суучул муздуу капкара тереңдикке эми гана түшкөнүндө белги берүүчү арканды калчылдата кыймылдата баштайт, шашылыш жогоруга чыгарылгандан кийин жана лупа көздүү шлемдин тилсиз салмагынан кутулгандан кийин, албууттана кыйкырып айтып берип жатты (кайрадан сууга кирүүдөн таптакыр баш тартуу менен), бардыгы муздуу тереңдикте дал ушул бойдон турушкандыгын — муңдуу аттар, кара калпакчан монахтар, узун шинелчен казактар, буденовкачан кызыл армиячылар...

— Болуптур эми, экскурсант, — Пилипчук бурк этти. — Кеттик, болбосо караңгы кирип кетет.

Мен ага бала кезимден бери мени кыйнап келген түштөр жөнүндө, ак таштардан салынган шаар жөнүндө, менин бардык жер кезүүлөрүм — бул айланамдагы дүйнөдөн анын чагылышын табуу аракетим жөнүндө, жана дал ушул жерде гана, Чулышманда, дал ошондой озондогон, мени түшүмдө курчаган үндөрдүн толук жашоосу жөнүндө айтып бергим келди. Бул жерде шаар болгон эмес — бирок аны алмаштыра турган кандайдыр бир нерсе бар болчу.

Мен ошол алтын канаттуу балыктар бермет шаркыратмалар менен учуп чыккан жерде калууну каалагам.

Бирок калган жокмун, мага поездде саякаттоого болгон кызыгуум жоголуп кеткендей сезилди.

Туулган шаарым жамгыры жана телефон чалуулары менен тосуп алды. Атап айтканда, катчы эртеңкиге кафедранын отуруму дайындалгандыгын кабарлады.

Мунун бардыгы эмнегедир акылга сыйбаган нерсе болчу, мен ар дайым мурда алып келген кубанычтын, эркиндиктин, тазалыкка толуунун ордуна, кайтып келгенимде рюкзагымды иргеп жатып бүдөмүк кусаланчумун.

Жатып, ооналактап, уктай алган жокмун. Акыры, терезенин алдынан акыркы троллейбус өткөндө, шамалдан улам алма багынын жалбырактарынын шуудураганын уктум.

Андан кийин кандайдыр бир чоочун үндөн чочуп ойгонуп, төшөнчүмдүн үстүндө отурдум.

Терезеден таңдын жумшак нуру агылып кирип, короодогу жүзүмдүн сабагындагы куураган жалбырактар шуудурап, көгүчкөн үн салып жатты.

Оозумду ачып эстеп, беттеримди ушалап, үстүмө ыңгайлуу, үйгө кийиле турган бир нерсени илип, ордуман турдум. Челектеги суу түбүндө эле калыптыр. Чөмүчтү ачуулуу калдыратып, эптеп-септеп жуунган болдум. Анткен менен эртең мененки тамак даяр болчу. Сууга бышкан жумуртканын сайгылаган кабыктарын тазалап, бадыраң, бир нече туздуу оливка жемишин ыракаттана жедим.

Короодо таңкы бейпил жашоо өкүм сүрүп турду. Аялдардын үндөрү угулууда. Тимон дөңгөчкө отуруп алып отун жарып жатат.

Кечтен бери үйгө суу ташып койбогондугу үчүн чалды жемелегим, атүгүл аны чоочун колдорго сатып ийүүнү атамдан суранам деп коркуткум келди — таяк менен сабап баштаганда ошондо өкүнөт! — бирок, анын бүкүрөйгөн арык далысын карап туруп кыжырдана түкүрүнүп, дарбазага бет алдым.

Короодон чыгып, таш төшөлгөн ийри көчө менен ылдыйды көздөй, ичинен бак-дарактардын бутактары жана үйлөрдүн чатырлары көрүнгөн ак таштуу дубалдардын жанынан өтүп бара жаттым. Мрамор оозунан быдырлуу кабык чуңкурчага суу агызып жаткан арстандын башынын жанынан солго бурулдум — ошол замат деңиз көзгө чагылып, аргасыз колумду чекеме коюп, көздөрүмдү ирмегилегенге аргасыз болдум.

Көгүш түстүү мейкиндикте балык уулоочу кайыктардын карааны кара буурчак сымал көрүнүп жатты. Алардан нары, алыс жактагы туманда аппак кеме көздөн кайым болду.

Миңинчи (же жүз миңинчи) жолу мен аң-сезимдүү түрдө атам белек кылган жүзүмзардын жарымын сатсамбы деп ойлодум. Ал эми колго тийген акчага кеменин үлүшүн сатып алуу керек. Ал тургай бүтүндөй бир кемени... Экинчи жагынан, жүзүмзар деле ашыкча эмес болчу. Аймактагы эски жүзүм бактары түшүмдүүлүгү, мөмө байлагандыгы, таттуулугу жана жыттуулугу менен атактуу. Бирок, жер адамды бир орунга байлап коёт, ал эми кеме болсо саякаттоого мүмкүндүк берет!..

Чыгыш мончосунун эшигинин алдында бир нече адам сөөк кубиктер менен ойноп жатышыптыр. Аз-аздан ойноп, сөөктөр дагы кызыксыз жатып калып жатты. Премен келгенде мен өзүмдүн арзыбаган акчамды уттуруп, басып кеттим.

Биз мончонун дубалдарынын жанындагы таш отургучтарга отурдук. Күн бийик көтөрүлүп, бирок көлөкө салкын, ал эми деңизден октябрдын жумшак шамалы согуп жатты. Алыскы жээктеги тилкелерде зайтун мөмөлөрү ыргала жылтылдап турду.

— Мен абдан ойлонуп жатам, — дедим мен. — Жүзүмзардын жарымын сатып салсамбы? Дурус акча сунуштап жатышат...

— Ким?

— Лаосадан келген бир киши, — басым коё жооп бердим.

Премен башын чайкады.

— Азыр сатыш үчүн өтө ийгиликтүү убакыт эмес, — деди ал манжаларынын муундарын чоюп, андан айрымдары кырсылдап кетти. — Эпес өзүнүн эки кемесин сатып жатат.

Бул мен үчүн толук күтүүсүз болду. Бай Эпес ири көлөмдө туз сатчу, ылайыгы келсе эмне болсо дагы майда-чүйдөгө чейин соодалачу жана деңизде тынымсыз сүзүп жүргөн жети чоң кеменин ээси болуп саналчу.

— Ушундай. Жашоо өзгөрмөлүү, — Премен муштумдарын түйүп-ачып акыл айта сүйлөдү. — Жер го азыр өз баасында. Ал эми деңиз соодасы каракчылардын айынан ишенимсиз. Ар кандай алып-жулгучтар арбып кетти...

Мен көңүлсүз баш ийкедим.

— Мунун бардыгы тең жердин кымбаттагандыгынан, — Премен үшкүрүндү. — Жер кымбаттаса жашоо кымбаттайт. Адамдар акыркы мыдырын сатышат, андан кийин кайда барат? Чоң жолго.

— Мунуң туура...

Биз үнсүз отурдук.

— Жаңы ибадатканага айкелдерди алып келишти, көрдүңбү? — ал ак таштарды алакандарында ыргытып жатып сурады.

— Алып келиштиби?

— Ооба. Мен көрүш үчүн кечөө баргам. Коркунучтуу көрүнүш. Алардан кимдир бирөө капиталдык пайда көргөн деп жатышат...

— Бул мурдагыдай эле...

Биз үн катпадык. Премен терең дем алып, таштарды ыргытып жиберди.

— Бул жылы жаман эмес вино болду, — деди капыстан.

— Чынбы? — мен сыпайы кызыктым.

Анын жүзүмзарлары мыктылардан эмес болчу.

— Сен эмне! —Премен жандана түштү. — Абдан сонун! Жүрү!

Күндү карадым.

— Чынын айтсам, мен дагы айткым келген...

— Сен аны кой! Ууртап-татып көрөбүз, анан иш бүтөт. Э?

Мен үшкүрүнө макул болдум.

Биз кууш жолдон өтүп, экинчи көчөгө чыктык, бир ооздон каргыш тийген буйволдорду тилдеп жатышат, жансыз турган шайтан алгыр унаалар жана чаң, кайрадан көлөкөлүү короодогу дарбаза менен бүткөн көчөгө бурулдук.

Мен ичип үлгүрө электе эле Премен үстөлгө эңкейе сурады:

— Кандай экен?

Мен терең ой менен эриндеримди чопулдаттым.

— Сен ич, ич, — Премен дем бере кайрадан кумураны кармады. — Вино жаман эмес, э?

Анан чөйчөктөрдү толтурду.

Жеңил шамал биздин үстүбүздөгү кочкул кызыл жалбырактарды шуудуратты.

Вино ошентсе дагы кычкыл экен.

— О-о-ба-а, — мен созуп сүйлөдүм. — Жай нымдуурак болду.

— Мунуң туура, — Премен макул болду. — Бирок баары бир вино жаман эмес, э?

Ичип бүтүп, эриндеримди сүрттүм. Мен аны капаланткым келген жок.

— Жаман эмес, — башымды ийкедим. — Ал эми күз, көрдүңбү, кургак.

— Өтө эле, — Премен үшкүрүндү. — Сенде, мен билем, ар дайым мол түшүм.

Мен кумурадан вино кантип ташып жаткандыгын карап туруп, ийиндеримди куушурдум.

— Ооба, адатта жакшы... Бирок ошентсе дагы жүзүмзардын жарымын бергим келип турат.

Премен мыйыгынан күлдү.

— Кайра өзүңдүкүн баштадыңбы. Албетте, кожоюн өзү билет дечи. Бирок сага айтып коёюн: Эпес ит эле болду. Эмнеге ал өзүнүн кемелерин сатып жатат?

Кочкул кызыл суусундук кайрадан чөйчөктөргө куюлду.

Премен нан менен сырды жылдырды.

— Түшүнсөң, — дедим мен, — кемеде сүзсө, саякаттаса болорун айткым келет.

— Кайда саякаттайсың? — ал таңдана карады. — Эмнеге?

Мен күлдүм. Акылсыз, акылсыз Премен!..

Вино баары бир башты айлантты окшобойбу. Мен бала кезимден бери мени чыныгы жашоого эч кандай байланышпаган кандайдыр бир кызыктай, кандайдыр бир жапайы, баскынчы түштөр кыйнап келе жаткандыгын айткым келди: көлдүн көгүлтүр толкундары... муздуу тереңдиктер, акылсыз суучулдун бат эле токтоп калган жүрөгү... ырайымсыз күндүн алдындагы кара-көк тоолордун катаал катмарлары... кара булуттардан түшкөн ак жарык чагылгандардын күчү... белгисиз аралдагы тынч үй... алмалуу бак... жана дарыя, капчыгайлардан ачуу күүлдөк менен жулкунуп чыккан дарыя!..

Кызыл шарап ичке моюндан эркиндикке оргуп чыгып, жумшак шуудурап ­жатты.

— Чулышман, — кайдан-жайдан чыккан сөздү кобурадым.

— Сен эмнени айтып жатасың? — деп сурады Премен.

Мен көздөрүмдү ирмегилеп, өзүмдүн айырмалоого болбос элестеримди керексиздигинен улам кубалоо менен, колумду виного сундум.

— Мен муну... жаман вино дебейм, — дедим. — Ал тургай вино абдан жакшы болуптур.

Ошентип бырышып-тырышып, күйүктөн кийинки сымал капысынан кычышкан оң алаканымды укалай баштадым.