Үкүгө дос болсомчу деп көңүлдө...
* * *
Үкүгө дос болсомчу деп көңүлдө,
Бирок, аттиң, көрбөй аны өңүмдө,
Бошободум селкинчектен шаардагы.
Көбү шамдай өчсө деле сезимден,
Үстөлүмдө турчу бала кезимден
Үкү-саатым карегимде бар дагы.
Чычкандарга дос болом деп калчумун,
Мылтыгы жок конок болуп барчумун,
Алар бирок кеткен болот үйүн жаап.
Дем алалбай тамак ооруп эриксем,
Жел үйлөнгөн чычканды да беришкен,
Мыжып койсоң үн чыгарган чыйылдап.
Элейчүмүн барып айбанканага,
Сагызгандар шакылыктап жана да,
Селейтчү эле дачанын ээн боштугу.
Жайкы бактан кабак чытыйт кайра эле
Жыгач өмүр, каны топон ар деме,
Буюмдардын пайдасы жок достугу.
Шалактаган башын бурап капшырып,
«Иче-кардын» чубап түнгө тапшырып,
Көчүгүнөн ышкырыгын жуламын.
Жандуу чычкан айтсын сөзүн шыбырлап,
Үкү үндөсүн аскерий бир ыр ырдап,
Чоң бир макоо бала болуп угамын.
Үкүгө дос болсомчу деп көңүлдө,
Бирок, аттиң, көрбөй аны өңүмдө,
Бошободум селкинчектен шаардагы.
Көбү шамдай өчсө деле сезимден,
Үстөлүмдө турчу бала кезимден
Үкү-саатым карегимде бар дагы.
Чычкандарга дос болом деп калчумун,
Мылтыгы жок конок болуп барчумун,
Алар бирок кеткен болот үйүн жаап.
Дем алалбай тамак ооруп эриксем,
Жел үйлөнгөн чычканды да беришкен,
Мыжып койсоң үн чыгарган чыйылдап.
Элейчүмүн барып айбанканага,
Сагызгандар шакылыктап жана да,
Селейтчү эле дачанын ээн боштугу.
Жайкы бактан кабак чытыйт кайра эле
Жыгач өмүр, каны топон ар деме,
Буюмдардын пайдасы жок достугу.
Шалактаган башын бурап капшырып,
«Иче-кардын» чубап түнгө тапшырып,
Көчүгүнөн ышкырыгын жуламын.
Жандуу чычкан айтсын сөзүн шыбырлап,
Үкү үндөсүн аскерий бир ыр ырдап,
Чоң бир макоо бала болуп угамын.




