Уйкуга башты малган соң...
* * *
Уйкуга башты малган соң
Жер учу — баары. Умтулба.
Өзүмкү санап Күн дагы
Өчөйүп түшөт чуңкурга.
Желкеге бирөө ургулап,
Канакей, кеттик дебесе —
Жат жерде жатат тагдырың,
Жатканы сырдуу эмесе.
Кечирим деген нерсенин
Келеке сымал баарысы.
Ошончо шишип-көпкөн соң
Ойгонуу — анын дарысы.





