Уйкуга башты малган соң...

* * * Уйкуга башты малган соң Жер учу — баары. Умтулба. Өзүмкү санап Күн дагы Өчөйүп түшөт чуңкурга. Желкеге бирөө ургулап, Канакей, кеттик дебесе — Жат жерде жатат тагдырың, Жатканы сырдуу эмесе. Кечирим деген нерсенин Келеке сымал баарысы. Ошончо шишип-көпкөн соң Ойгонуу — анын дарысы.