Кыска каттар
*
«Куду окшош денебизге жана жан дүйнөбүзгө,
кел, өчүрүп салалы бул чыракты, каран калган»,
кандай гана армандуу шордуу күйөө,
колуктуга ушуну айтып кобуранган.
А бирок сезип желдин башкача үйлөгөнүн,
от эмес, турмуш жанат «ретро» стилинде,
махабат болуп калат күңүрт добуш,
ал эми ышкы илими — окшошуп башка илимге,
издөө эмес акыйкатты, жаңырыгын аттын кокус
издеп табуу, катылган дененин эң тереңинде.
*
Ойношуң төшөктөгү мас болучу, шайыр эле.
Торун жайды балыкчы суу үстүнө ай өңүндө.
Балыктардын көлөкөсү торго түшүп берсин үчүн,
канча аялды кыйнап-эзип, жашады узак дүйнөдө.
Чаңкоо кануу, кыйнаш үйсүз денени
же куштардын көлөкөсү иримдеги капкара,
же азапты тарткан жандар жайнаган,
кайсы бир түн кылган сени падыша.
*
Актана албайбыз биз алдында чоң Кудайдын —
бөтөн сүйүү, ак шейшеби менен да нике түндүн,
төгүлгөн көз жаш менен, тарткан жолдо убайым,
бир гана ууч топо менен энебиздин мүрзөсүнүн.
Уясында уктайт чымчык жатындагы бала өңдөнө,
чоочун жүздөр чыбырчыктайт сенин дагы өңүңдө.
*
Туздалган суу менен сен ойготосуң суусунумду,
Ыракатты издейм бирок суутам анда супсунду.
Азап тартып жашаш үчүн калат дайым бир орун.
Күн тартылган көшөгөдө, түнбү ага колукту?
Көк от менен аларды бек байлап койгон махабат,
күлгө оролуп калган өңдүү кеч да кирип баратат,
ал анткени, жаным менин, бейишке үмүт кылабыз,
ал анткени, аалам кезип агат мезгил дабышсыз.
*
Пенде аттууну жууйт шары, агымдары.
Күйөөң сенин жашып туруп окуйт мындай саптарды:
«Ачкыч турат чала жабык каалгабыздын сыртында,
үй титиреп чыйрыгуудан, жүрөктү сүйүү жыртууда»...
Сугарылган өмүр-жашоо так ушундай калп айтууга,
калтыроого, Кудайдын ырайымына үмүт артууга.
Саманчы жолу чагылышат түндөсү көздөрүңдө,
А жан болсо денедеги — от сымал бүлбүл күйгөн
же болбосо кайрылышы калың толкун өңдөнгөн,
бирок ал өлүмдү эмес, чагылдырат Кудайды.