Бул ашкере муңайым — окуя кайра айтылат...
* * *
Бул ашкере муңайым — окуя кайра айтылат,
Курулай сөз. Баш багып кыш камынат капталда.
Өтүп-өтпөй эки күн ак көшөгө тартылат
Тааныштарга мен билген, үйлөргө да, бактарга.
Бул ашкере кайгылуу — үлпөт той өткөн калаада
Чоочун шакек тагынган сүйгөнүңө жолуксаң.
Кур намыска алдырып, өзүңдү салып санаага,
Оймолуу эшик алдында баштыгыңды унутсаң.
Бул ашкере сүрөттүү: бетиң бир аз албырып,
Күн кызарып батканы — уялгандай туюм бар.
Шаша-буша жыйнасаң бөлмөнү ала салдырып,
Кайда барам, кайда? деп бүжүрөп байкуш буюмдар.




