Бул ашкере муңайым — окуя кайра айтылат...

* * * Бул ашкере муңайым — окуя кайра айтылат, Курулай сөз. Баш багып кыш камынат капталда. Өтүп-өтпөй эки күн ак көшөгө тартылат Тааныштарга мен билген, үйлөргө да, бактарга. Бул ашкере кайгылуу — үлпөт той өткөн калаада Чоочун шакек тагынган сүйгөнүңө жолуксаң. Кур намыска алдырып, өзүңдү салып санаага, Оймолуу эшик алдында баштыгыңды унутсаң. Бул ашкере сүрөттүү: бетиң бир аз албырып, Күн кызарып батканы — уялгандай туюм бар. Шаша-буша жыйнасаң бөлмөнү ала салдырып, Кайда барам, кайда? деп бүжүрөп байкуш буюмдар.