Үй жандыктары

Уктап калып жашыл дөбөдө, Ойгондум мен ыйлап түшүмдө: Эки жаркын, эки ак ниет Жүрдү ошол түштүн ичинде. Жаштыгымды көрдүм алыскы, Экөө менен барам шашпаган. Жакшы көрчү үйдү бирөөсү, Үйдүн ээси бирок башка адам. Аларга мен ысым ыйгаргам, Сөз күчүнө эргип кичине: Мышыгымды атап арстан, Карышкыр деп койдум итиме! Уктап калып жашыл дөбөдө, Такыр жерде анан ойгондум. Жолдо кеч күз, ит да, мышык жок, Күнү ушулбу жетим болгондун. Алыс жолго эстүү жандыктар Ээрчимекпи мени бекерге, Ноябрда үшүп баратсам Үйүмө эмес — чоочун чет элге?