Аюу — бир тууган
(Нивхи уламышынын негизинде)
Бир тууганым кирди түшкө.
Маркум агамды көрдүм түштө.
Аңчылыкка жалгыз чыгып,
Аюу-ханды өлтүрүшкө,
бүт бардык ачкаларга
Тойгуза эт беришке.
Баратып токой-черде
адашып калдым капыс.
Жол таппай жүргөн мага
маркум агам жолукту да
(Сезилди тирүү сымал),
Жөнөдү ээрчитип ал
токойдун Ээсин карай,
таап барды алачыгын.
Токой Ээси көрүп мени,
сүрдүү сүйлөп мындай деди:
«Ээсимин бул токойдун,
баарына кожоюнмун,
баардыгын өзүм карайм.
Айткының эмне керек,
булардын арасынан
Кимисин аткың келет?»
Айтпадым мен да оңоюн:
«Хан-аюуну бер кожоюн».
«Мейли анда, аткарылсын!»
Агамды карап анан
Буюрду: «Кийингиниң!»
Агам дароо өңдөн кетип,
а бирок башын ийип,
Биздерге таазим этип,
апсыйган аюу сымал
Терини кийгенинде,
көздүн бир ирмеминде
кетпеспи жоголуп ал.
Ордунда аюу турду,
укмуштай зор тулкулуу.
Сүрдүү карап аңгычакты,
мен түшүнө калгычакты,
Калтырып алачыкты,
бет алды токой жакты.
Ойгонуп оор түштөн,
чындыктай көрүнүштөн
калтырап калыптырмын.
Айткым бар мергендерге:
мындан соң мен силерче
барбаймын токой-черге.
Унутам жаа, мылтыкты,
салбайм капкан, кылтакты,
Үй туткан аялдардай
от жагып отурамын.
Эч качан төкпөйм канын,
эми мен бир туугандын.
А силер, мергендерим,
эт үчүн өлтүргөндү
коркпостон уланткыла.
Антпесе мүмкүн эмес,
жетишке тамак-ашка,
Жашоону улантышка.
Бир тууганым кирди түшкө.
Маркум агамды көрдүм түштө.
Аңчылыкка жалгыз чыгып,
Аюу-ханды өлтүрүшкө,
бүт бардык ачкаларга
Тойгуза эт беришке.
Баратып токой-черде
адашып калдым капыс.
Жол таппай жүргөн мага
маркум агам жолукту да
(Сезилди тирүү сымал),
Жөнөдү ээрчитип ал
токойдун Ээсин карай,
таап барды алачыгын.
Токой Ээси көрүп мени,
сүрдүү сүйлөп мындай деди:
«Ээсимин бул токойдун,
баарына кожоюнмун,
баардыгын өзүм карайм.
Айткының эмне керек,
булардын арасынан
Кимисин аткың келет?»
Айтпадым мен да оңоюн:
«Хан-аюуну бер кожоюн».
«Мейли анда, аткарылсын!»
Агамды карап анан
Буюрду: «Кийингиниң!»
Агам дароо өңдөн кетип,
а бирок башын ийип,
Биздерге таазим этип,
апсыйган аюу сымал
Терини кийгенинде,
көздүн бир ирмеминде
кетпеспи жоголуп ал.
Ордунда аюу турду,
укмуштай зор тулкулуу.
Сүрдүү карап аңгычакты,
мен түшүнө калгычакты,
Калтырып алачыкты,
бет алды токой жакты.
Ойгонуп оор түштөн,
чындыктай көрүнүштөн
калтырап калыптырмын.
Айткым бар мергендерге:
мындан соң мен силерче
барбаймын токой-черге.
Унутам жаа, мылтыкты,
салбайм капкан, кылтакты,
Үй туткан аялдардай
от жагып отурамын.
Эч качан төкпөйм канын,
эми мен бир туугандын.
А силер, мергендерим,
эт үчүн өлтүргөндү
коркпостон уланткыла.
Антпесе мүмкүн эмес,
жетишке тамак-ашка,
Жашоону улантышка.




