Үзүлгөн жерде эс-тутум эски тасма башталып...
* * *
Үзүлгөн жерде эс-тутум эски тасма башталып,
эски кайрык жаңырып, жарыбаган ыр сунат.
Жамгыр жаап өткөнү сейил бакка баш багып,
жаздын күнү өзгөчө сирень жыты буркурап.
Трамвайдан онунчу түшүп, анан өткөрчү
сталиндик аркадан. Баягыдай бүт баары:
ушул жерден жетелеп, мындан колго көтөрчү,
ачык асман алдында көрчүбүз көркөм тасманы.
Ошол эле сезимди өнөр кайра көрсөтүп,
Жаш баланы баяндайт сейил бакта баягы.
Чеги жоктой өткөн чак күңүрт тарта өңү өчүп,
келечекке бут тосуп, тоскоол болуп барабы.
Жиндиликтен, мастыктан же кусадан жөн эле
көрмө алкак аркылуу кетсең болот асмандап,
анткен менен түшүнүш мүмкүн эмес дегеле:
согуш али бололек же согушуп жаткан чак.
Ак-кара түс баардыгы, энелер да, балдар да,
начар үндү кантесиң салтанаттуу ырдатып.
Деги кантип түттүм мен узак жашап жалганда:
Көз жашымды көлдөтүп, эт-жүрөктү сыздатып.